МУГАЛИМДЕРГЕ ЖАНЫНАН ЖАРДАМ БЕРГЕН КРЕАТИВЧИЛЕР

  • 13.03.2019
  • 0

Бишкек шаарындагы ЖЧК «Креатив-Таалим» Билим берүү комплекси «Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү» жылынын алкагында мугалимдердин дасыктык чеберчилигин жогорулатуучу кыска мөөнөттөгү окуу курсун Кочкор районундагы Н.Жүндүбаева атындагы мектептин базасында өтүп келди. Курска Билим берүү комплексинин 18 мугалими барып, айылдык кесиптештерине жакындан жардамдарын көрсөтүп, заманбап технологиясы менен иштөөнү, сабактарга анализ берүүнү ж.б.у.с. окутуп кайтышты. Бул курс  Кыргызстанда аналогиясы жок билим жана тарбия берүүнүн  үч негизги багыты боюнча  маселелерди камтыгандыгы менен өзгөчөлөнүп келатканын буга чейин дагы жазган элек. 

МУГАЛИМДЕРГЕ ЖАНЫНАН ЖАРДАМ БЕРГЕН КРЕАТИВЧИЛЕР  

Кесипкөйлүккө үрөн чачкандар

«Креатив-Таалим» Билим берүү комплексинин башкы директору Гүлнара Дайырбекованын берген маалыматына таянсак, Кочкорго баруу иш сапары эки күнгө пландаштырылган.  Биринчи күнү жалпы методика боюнча сабак өтүштү.

МУГАЛИМДЕРГЕ ЖАНЫНАН ЖАРДАМ БЕРГЕН КРЕАТИВЧИЛЕР

— Мугалимдерге мультимедиалык технология менен долбоордук окутуу  технологиясынын теориясын айтып, практикалык жактан кандай мүмкүнчүлүктөр бар экенин, аны кантип пайдаланууну айтып бердик. Ошол эле күнү сабактын анализдеринин түрлөрүнө токтолдук. Предметтик мугалим кесиптешине кантип анализ берсе болот, ошол эле кезде башка предметтик мугалимдин сабагына кантип анализ берсе болот, методисттер кантип берсе болот деп үч түрдүү форматын  сунуш кылдык, —  дейт  башкы директор.

 

Ошентип кочкорлук билимин жогорулатам деген мугалимдерге Билим берүү комплексинин дасыккан, тажрыйбалуу мугалимдери азыркы педагогикада мода болуп колдонулуп жаткан рефлекция менен мотивация ыкмаларын туура пайдаланганды үйрөтүштү.

Мотивациянын кандай түрлөрү бар, аны сабактын мазмунуна карата кандай колдонсо боло турганы тууралуу конкреттүү мисалдар көрсөтүлдү. Бул ыкмалар тууралуу негизинен  мугалимдердин арасында түшүнүктөр бар экен, курстан кийин мугалимдер сабаттуу түрдө мотивациянын, рефлекциянын түрлөрүн кайсы учурда, кандай пайдалануу керек экени тууралуу дагы маалыматтар менен байышты деген ойдобуз. Кочкорлук мугалимдердин арасында улуттук тренерлер да бар болгондуктан тажрыйба алмашууга да өбөлгө түзүлдү.  Бир нерсени айта кетүү керек, баарыбыз эле бекерге көнгөнбүз. Жаңы нерселерди кабыл алуу кыйынга турат. Биз барганда эле бир эжей суроо берди: «Эмне үчүн силердики акча төлөнгөн курс?» деп. «Мен бекер курска барат элем», — дегендей кылды. Биз өзүңүздүн каалооңуз менен кете берсеңиз болот деп айтсак болмок, бирок, антип айткан жокпуз. Эмне үчүн? Бул жаңы көз караштагы курс. Ошондуктан ар кандай ойлор болот.  Биз сабырдуулук менен, толеранттуу эле күлүп, жаркырап тренингди өтө бердик. Биринчи күнү кечке жуук баягы эжейдин маанайы көтөрүлүп калганы байкалды. «Чарчаган жоксуңарбы?  Сонун болду», — деп үйүнө кеткен. Эртеси курс жыйынтыкталып жатканда ошол 27 жылдык стажысы бар эже сөз алып: «Чынын айтканда кечээки сөзүмдү кайра алдым. Мени директор ушул курска жазалоо катары жибергендей сезилген. Бирок эки күндүк курста ушунча көп мазмундуу материал алгандыктан, терең ыраазычылык билдирем.  Ал эмес кечинде үйгө сүйүнүп барганымды кайненемден бери байкашты. Канааттануу менен жыргап бардым. Кайненем айтты: «Эмгегин кайтып, жакшы маанайда келдиң» деп. Мен ушуну менен калып калбай Бишкекте өткөн курстарыңарга сөзсүз барам. Кыска мөөнөттө ушунча көп маалымат алам деп ойлогон эмесмин», — деди. Бул бизге өтө жагымдуу болду. Мен ал кишиге түшүндүрүп бердим, курска төлөнгөн каражат курсту өтүүгө келген  18  мугалимдин жол киресине, тамак-ашына, жатаканасына гана кетет. Мугалимдердин ар бирине таратылган дискттер, материалдар дагы ушул каражаттын ичине кирерин айттым.  Бул жерде дегеле пайда таппайбыз, максатыбыз – кесиптештерге жакындан жардам берүү, — дейт Г.Дайырбекова.

Регионду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы болуп жаткандан кийин «Креатив-Таалим» Билим берүү комплекси даярдаган материалдар санариптештирүүгө дал келет экен. Тестирлөө кандай жүрүш керек, мультимедианы сабакта кандай колдонуш керек деп эки күн бою ар бир предметник мугалимге практика жүзүндө көрсөтүп беришти.

МУГАЛИМДЕРГЕ ЖАНЫНАН ЖАРДАМ БЕРГЕН КРЕАТИВЧИЛЕР

Компьютердик сабаттуулукту жоюу боюнча, санариптештирүү программаларды кантип туура пайдаланганды, мультимедиалык презентацияны анимациясы менен, аны музыкалаштырып, кайра ошол материалды салганды Касым Жунусалиев окутуп, үйрөттү.

— Жети мугалимге сабак өттүм. Почта ачканды, почта менен маалымат жибергенди, эгерде коллективге бир маалыматты жеткирүү керек болуп калса, директор менен завучтар ватсап аркылуу эле маалымат таратуучу булак катары пайдаланганды, материалдарды булутчага топтоп, аны ссылка аркылуу жөнөтсө болоорун ж.б.у.с. маалыматтар берилди, — дейт К.Жунусалиев.

Баса, Н.Жүндүбаева атындагы мектептин директору Бишкекте өткөн бул курска окуганы келгенде  ага «Креатив-Таалим» Билим берүү комплексинин кабинеттеринин жасалгалары жаккандыгын айтканын эске алып,  курс эле өтүп кетпестен Билим берүү комплексинин жетекчилиги  колдон келген жардамын аябастан, алардын эки кабинетин жасап берүүнү убада кылышты.

— Дубалдардын жасалгасын  заман талабына ылайык, өтө ашык акча коротпогон, алмаштырууга мүмкүн болгон биздин мектептин атынан каржылап, математика жана бир башталгыч класстын кабинетин жасап бергенге убада кылдык. Жакынкы күндөрү жасап жөнөтөбүз. Эң негизгиси  — максатыбыз ишке ашты. Мугалимдер канааттануу менен ыраазычылыктарын билдиришти. Башталгыч класс, тарых, математика, кыргыз тили, орус тили ушул предметтердин мугалимдеринин билимдерин жогорулатып келдик. Мугалимдерге жанынан жакындан жардам берүү болду. Курсту өткөндөрдүн ичинде окуу китептеринин авторлору, жаңы стандарттар менен иштегендер бар. Эми 23-25-мартка чейин Ош шаарындагы “Жетиген” мектебинде курс уюштурулуп жатат. Ал мектепке ушул курам менен барганы жатабыз. Ошолордун шартында дагы пайдалуу маалыматтарды берип, Кыргызстандын билим берүүсүнө салым кошобуз деген ойдобуз, — дейт башкы директор.

Курстун окутуучуларынан мугалимдер көбүнчө жаңы стандарт боюнча конспект жазууну көрсөтүүнү өтүнүштү.

— Бул өтө кылдат кароону талап кыла турган маселе. Анткени биз каалагандай план-конспектини сунуштай албайбыз, аны атайын бир уюмдун, адистердин пикиринен кийин беришибиз керек. Кыргызстандагы билим берүүдөгү методикалык жардам болсун деп үч багытта иштерди баштаганбыз – жакында КАОнун президенти баш болгон жамааттын айрым мүчөлөрүн менен аткарылып жаткан иштерибиз тууралуу баарлашуу болуп өттү. Аларга иштерибизди көрсөттүк. Жаңы стандарт боюнча окуу китебине ылайык план-конспектинин жазуунун жаңы формасын сунуштап жатабыз. Азыркы таблицага жайгаштыруудан кайтууну туура көрдүк. Эгерде бир күндө беш сабак өтсөм, 75 барак жазат экем. Бул реалдуу эмес. Биз саламдашуудан баштап коштошконго чейин жазабыз. Бул формалдуу шаблон болуп калды. План-конспектинин жаңы форматын “Кут Билимге” жарыялайбыз. Алгач КАОнун адистери менен макулдашып, акылдашып туруп сунуштайбыз. Маселен, 5-класстын математика китебинде «Көптүк» деген теманы өтүүдө теманы окутуп-үйрөтүү максаты так коюлуп, күтүлүүчү натыйжалар, ага жетүүнүн  индикаторлору сунушталса эле жетиштүү  деген ойдобуз. Мейли жаңы барган мугалим болобу, же тажрыйбалуу мугалим болобу көрсөткүчтүн биринчи үчөөнө жетсе кандай баалайбыз, беш көрсөткүчтү аткарган болсо кандай баага татыктуу экендиги аныктоого да  ыңгайлуу болмок. Экинчиден, мугалим кандай учурашат, кандай коштошот, кабинетин кандай жасалгалайт – бул башка маселе. Ошол теманы аныктай турган башкача форматты сунуштап жатабыз. Буюрса, ошол эле сабактын план-конспектисин бербестен жанагыдай көрсөткүчтөр менен күтүлүүчү натыйжасын, максатын койгонду сунуш кылып, ошого ылайыктуу презентациясын даярдап, эгерде электрондук доскалары бар болсо мультимедиалык проектор колдонсо деп мугалимге жакындан жардам болсун деп жатабыз.  Ар бир тема боюнча анимациясын  жасап беребиз. Эгерде проектору, мультимедиасы жок болсо, кээ бир мектептерде телевизору бар экен, ага видеосабак тарттырып жатабыз. Сабакты өзүбүз өтүп, ошол видеосабакты сунуш кылсак, бул дагы мугалимге жардам болот. Эгерде проектор да, телевизору да  жок мектеп болсо, анда сабактын А-1 форматында таблицасын даярдатып жатабыз. Таблица компакттуу жасалган, ошону мугалим илип алса, ар бирине токтолуп өтсө дагы жакшы. Ушулардын баары ишке ашса, мугалимге чыныгы конкреттүү жардам болот. Мугалим жумушчу дептерди алып, презентацияны коюп алат, таблицаны илип алат калганын өзү толуктап алып, сабагын өтө берет, — дейт Гүлнара Дайырбекова.

МУГАЛИМДЕРГЕ ЖАНЫНАН ЖАРДАМ БЕРГЕН КРЕАТИВЧИЛЕР

Билимдин үрөнүн сээп келдик

Салкын Карыпова, «Креатив-Таалим» Билим берүү комплексинин аткаруучу директору:

  • Кыргыз тили сабагынан берем. Региондорго биринчи жолу чыгышыбыз. Ноябрь айынан баштап мугалимдердин билимдерин өркүндөтүү курсун мектептин базасында өтүп келдик. Мектепте өтүү такыр башка, регионго чыгып өтүү бизге чоң сабак болду. Анткени ар бир предметтик мугалимдин жанында, аны менен жеке мамиледе болгондо көп көйгөйлөрдү сүйлөшкөнгө болот экен. Учурда дээрлик бардык предметтер боюнча мугалимдердин кыйналгандары жаңы стандарт боюнча сабактын иштелмесин жазуу, сабакка даярдык көрүү экен. Чындыгында мугалимдердин билгенинен билбегени көп экен. Биздин максат бардыгын эле үйрөтүп коебуз деген эмес, эң негизгиси билгендерибиз менен бөлүшөлү, алардын да көйгөйлөрүн угуп, жакындан жардамдашуу болгондо бир жакшы жыйынтыкка келип, билим берүү жаатында кесипкөйлүк жагыбыздан, чыгармачылык  менен предметибизди алдыга карай жылдырууга, балдардын билимин жогорулатууга аз да болсо салымыбызды кошобуз деген ниетибиз бар. Биз дайыма мамлекеттен талап кылып көнгөнбүз. Балага билим берген бир башка, бирок ошол балдарга билим берип жаткан мугалимдерди окутуп, жардам берген менен аларга канчалаган  балдарга жардам бергенге мүмкүнчүлүктү түзүп жатабыз. Демек, мунун артында көптөгөн табылгалар болот, методикалык колдонмолор жарык көрөт, презентациялар, карточкалар, ошол эле таяныч-таблицалардын чыгышы, электрондук материалдардын чыгышына түрткү берип атат. Чыгармачылык менен изденип, биз барган жерге эмнегедир билимдин үрөнүн сээп келгендей сезим калды. Ошол мугалимдер артыңардан барып окуйлу десе бизге дагы мотивация болду. Дилгирлик жаралды. Ошондой эле балдарга интерактивдүү журнал чыгарсак деген тилегибиз бар. Бала, мугалим, ата-эне үчүн дагы педагогдордун эң чоң жардамы болот деген ишеничтемин.

 Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер