МУГАЛИМДЕРДИН КЕСИПКӨЙЛҮГҮН ЖОГОРУЛАТУУ ПРОГРАММАСЫ ЭЛЕКТРОНДУК ФОРМАТКА КОТОРУЛАТ

  • 23.01.2019
  • 0

КР БжИМнин алдындагы Педагогикалык кызматкерлердин кесипкөйлүгүн жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту (РИПКиППР) билим берүү системасынын санариптештирүү алкагында мектеп мугалимдери, балдар бакчаларынын тарбиячылары, билим берүү мекемелеринин администрацияларынын кесипкөйлүгүн жогорулатуунун электрондук депозити иштелип чыкты.

Ведомствонун маалыматы боюнча, азыркы мезгилде кесипкөйлүктү жогорулатуунун беш программасы электрондук форматка өткөрүлдү. Кесипкөйлүктү жогорулатуунун “Баалоо” курсун дистанттык негизде апробациялоо башталды.

Мындан сырткары, КР ББжИМнин алдындагы Педагогикалык кызматкерлердин кесипкөйлүгүн жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту тарабынан билим берүү макети даярдалды, макулдашуу боюнча кесипкөйлүктү жогорулатуунун 47 программасы жаңыланган мазмундук деңгээлде кайрадан басылып чыгарылмакчы.

Билим берүү министрлиги бул чаралар республиканын педагогдорунун кесипкөйлүгүн жогорулатууну камтууну көбөйтөт деп эсептейт. Өткөн жылы РИПКиППР базасында 5 984 педагог өздөрүнүн кесипкөйлүгүн жогорулатышкан.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер