МУГАЛИМДЕРДИН БИЛИМИН ӨРКҮНДӨТКӨН СЕМИНАР

  • 19.11.2018
  • 0

Нарын районундагы Ж.Иманалиев атындагы орто  мектебинде 16-ноябрда областтык деңгээлде  “Учурдун талабына ылайык  мугалимдердин билимин үзгүлтүксүз өркүндөтүү”   деген темада   семинар болуп  өттү. Семинарга  областтык усулдук билим берүү бөлүмүнөн, райондук билим берүү  бөлүмүнөн, беш райондон жана Нарын шаарынан жалпысынан 80 мугалим катышты.

МУГАЛИМДЕРДИН БИЛИМИН ӨРКҮНДӨТКӨН СЕМИНАР

Токтомуш кызы Гуланда «Окуучулардын окуу көндүмдөрүн калыптандыруу» деген темада семинар- сабак өтүүдө

МУГАЛИМДЕРДИН БИЛИМИН ӨРКҮНДӨТКӨН СЕМИНАР

Ондонова Бурулкандын ата- энелер менен өткөргөн иш чарасы

Семинардын темасында айтылгандай,  учурдун талабына ылайык  ачык сабактар өткөрүлүп, педагогикалык алдыңкы иш тажрыйбалар көрсөтүлдү. Мисалы, Чолпонбай кызы Гульнура математика сабагынан 8- класска “Трапеция”,  С. Адырбекова кыргыз тилинен 6-класска “Сөздүктөр”,  А. Кабылова  физикадан 7- класска “Механикалык жумуш” темасындагы сабактарды өтүштү.  К. Исабекова орус тили  жана англис тилинен интеграцияланган сабактын тажрыйбасын көрсөттү. Семинардын катышуучулары ошондой эле А. Усубалиевдин башталгыч класстарга  өткөн “Китеп- жан дүйнө азыгы ” ,  “Окуучулардын окуу көндүмдөрүн  калыптандыруу”  деген темада семинар сабагына күбө болушту. Ошондой эле Г. Токтомуш кызынын  жана Б Маматбекованын ата- энелери менен өткөргөн иш чарасы да пайдалуу болду.

МУГАЛИМДЕРДИН БИЛИМИН ӨРКҮНДӨТКӨН СЕМИНАР

Чолпонбай кызы Гулнуранын семинар сабагы

МУГАЛИМДЕРДИН БИЛИМИН ӨРКҮНДӨТКӨН СЕМИНАР

“Алтын кол ”  ийриминин  окуучулары  кол эмгектеринин көргөзмөсүн өткөрүштү

МУГАЛИМДЕРДИН БИЛИМИН ӨРКҮНДӨТКӨН СЕМИНАР

Драм ийриминин окуучулары Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына карата  “Чынгыз руху- аруулуктун дүйнөсү”  деген темада адабий кечесин көргөзүштү

“ Камбаркан” ийриминдеги окуучулар концерт тартуулашты.  Семинарда ошондой эле “ Миф”, “Этнограф”,” Радуга”,” Алтын Кол”, “Дарыгер”, “ Манас” ийримдеринин  иш тажрыйбалары көрсөтүлдү.

Ж.Иманалиев атындагы орто  мектеп 2018-жылы 1- сентябрда жаңы имаратка көчкөн.  Мектеп бир смен менен 337 окуучу окуйт.  35 мугалим эмгектенет, алардын тогузу — билим берүүнүн  отличниктери. Баардык мугалимдер жогорку билимдүү. Мектепте  беш усулдук бирикме иштейт, акы төлөнүүчү  жана интеграцияланган ийримдер бар.

Нарын облусттук  телерадио берүүсүнүн тандоосу менен “Жылдын мыкты  мектеби” деп табылган. 2015-2016-окуу жылында биология сабагы боюнча эки окуучу республикалык олимпиадада 2-3-орунду камсыз кылган. 2016-2017-окуу жылында эки окуучу  артыкчылык аттестаты менен аяктаган.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер