МУГАЛИМДЕРДИН АЛТЫН БЕШИГИ

  • 26.12.2018
  • 0
МУГАЛИМДЕРДИН АЛТЫН БЕШИГИ

88 жылдык тарыхы бар Каракол шаарындагы И.Бийбосунов атындагы педагогикалык колледжде 700 чукул студентке 57 мугалим билим берет. Облустун бардык мектептерин сапаттуу адистер менен камсыз кылып келаткан окуу жайды сегиз жылдан бери Саламат Молдосанов жетектеп келатат. Ушул жылдар ичинде иш билги жетекчинин аракети менен башка мекемелерге өтүп кеткен окуу жайдын экинчи корпусу кайтарылып, студенттердин окуусуна, мугалимдердин иштөөсүнө бардык шарттар түзүлгөн. Студенттерге жатакана уюштурулуп, окуу жайдын ичинде мугалимдер менен балалуу студенттердин балдары үчүн “Эне жана бала бөлмөсү”  бала бакча сыяктуу бекер  иштеп жатат. Ошондой эле педагогикалык окуу жайды бүтүргөн белгилүү инсандардын, Ысык-Көлдөн чыккан баатырлардын, окумуштуулардын, согуш ардагерлеринин баалуу документтери,  тиешелүү маалыматтарды камтыган музей, ошондой эле 100 кишилик заманбап конференц-зал ачылган.

Илим, билимдин устаканасы – Ысык-Көл

Бизди педколледждин директору С.Молдосанов өзү тосуп алып, жолду карай окуу жайдын тарыхы тууралуу айтып берди. Көрсө, колледждин эки корпусу тарыхый эстеликтердин тизмесине кириптир. Имараттар 1871-жылы салынып, анда орустун көпөстөрү жашаптыр. Кийин бирөөсүндө кыздар, экинчисинде эркектер гимназиясы уюштурулуптур.  Кийин 1930-жылы Бубнова атындагы педагогикалык техникум болуп ачылган экен. Репрессиядан кийин ал М.Горький атындагы болуп өзгөртүлүптүр. 1939-жылы окуу жайды академик Жумагул Алышбаев, 1940-жылы белгилүү тилчи эжебиз Бүбүйна Орусбаева бүтүрүшкөн.

— Бул тарыхый окуу жай. Илим, билимдин устаканасы – Ысык-Көл деп белгилүү адамдар бекеринен айтпаса керек. Көлдөн окумуштуулар көп чыгышкан. Бийлик сабатсыздыкты жоюу үчүн ал кездеги педучилищага 100 баланы алып келген экен. 100 жашка чыгып калган Тенти Тамашаев деген атанын айтуусу боюнча,  аларга үч маал тамак берип, мыкты окугандарга костюм, шым, ботинкеси менен берген экен. Аны бир гана Советтер Союзунун баатыры К.Үсөнбеков кийген дейт. Бүбүйна эже менен сүйлөшкөндө, анын айтуусу боюнча, ал орус-тузем мектебинде окуптур, кийин чоң атасы  келип, «бул кыз  орус болуп баратыптыр, уйгурча, өзбекче сүйлөп атат»  деп педучилищанын директору Бекжанов Абдразакка табыштаптыр. Москвадан келген эжей-агайлар орусча сабак өтсө, ал 15 мүнөттө кыргызча которуп койчу экен. Зияш Бекташев агай: «Ушул кыздын эмгегин баалагыла» деп  стипендия төлөтүп бердирген экен, — деди Саламат агай.

Ошентип директор окуу жайдын экинчи корпусу менен толук тааныштырып чыкты. Корпустун экинчи кабатын студенттерге жатакана кылып уюштуруп, ал корпуска ириде ичине дараткана, душ, кир жуучу жайды салдырыптыр. Андан соң студенттерге эс алуучу  бөлмө, тамак жасачу ашкананы ачып берген экен. Биринчи күндөрү студенттер жерде эле жатышса, кийин Саламат Молдосанов окуу жайдын атайын эсебинен эки ярустуу керебеттерди жасатып берген. Айына студенттер 600 сом төлөп жашашат. Окуу жайдын бүтүрүүчүсү Темирова Ариет окуу жайда окуу абдан кызыктуу экенин, аларга бардык шарттар түзүлүп берилгенин, жатаканада интернет туташтырылганын  айтып, мугалимдик кесип ары ардактуу, ары татаал экенине токтолду.

— Мугалимдик кесип кыздарга абдан жакшы. Айыл жеринде мугалимдин акчасы жетиштүү. Биринчиден, өзүңдү карайсың, балдарга билим бересиң, — дейт студент кыз.

Эл аралык уюмдар педколледжди тандашат

Окуу жайдын эң жакын өнөктөшү Германия мамлекетинин GIZ  (азыр жиайзед) уюму.  Жыл сайын педколледждин базасында эл аралык семинарларды, мастер-класстарды өткөрүшөт.

 

— Биз булар менен үч багытта иштейбиз: окутуунун активдүү формасы,  технология жана компьютердик сабатсыздыкты жоюу жана жашоо көндүмдөрү боюнча. Технология багыты боюнча бардык керектүү токардык станокторду, жабдыктарды алып беришкен. Башталгыч класстын мугалими өз колу менен дидактикалык материалдарды, көрсөтмө куралдарды темирден, жыгачтан, пластмассадан жасаганды үйрөнүшөт. Мындан сырткары, тигүү машинкалары алынган, — дейт директор.

МУГАЛИМДЕРДИН АЛТЫН БЕШИГИ

МУГАЛИМДЕРДИН АЛТЫН БЕШИГИ

МУГАЛИМДЕРДИН АЛТЫН БЕШИГИ

Эне жана бала бөлмөсү

МУГАЛИМДЕРДИН АЛТЫН БЕШИГИ

Саламат Молдосанов иш сапары менен Латвияга барганда ал жерде студенттер үчүн «Эне жана бала бөлмөсү» бар экенин көрүп, өзүнүн окуу жайында да ачууну пландаштырган. Келгенден кийин өнөктөштөрү менен сүйлөшүп, жаш балалуу мугалимдер менен студенттер үчүн «Эне жана бала бөлмөсүн» ачкан. Эми жаш адистер менен студенттер сарсанаа болбой иштеп, окушат. Ага акча төлөшпөйт.

— Мен биздин партнерлорго кайрылып, өзүбүз бөлмөнү ремонттоп берели, сиздер балдарга керектүү эмеректер, оюнчуктар менен камсыз кылып бериңиздер деп сурангам. Бактыбызга бардык максаттарыбыз ишке ашты. Жакындан бери балдарды караганга, алар менен сабак өткөнгө тарбиячы алдык. Буюрса, эми телевизор коюп берем, андан балдар кыргыз тилинде жомокторду көрүшөт. Мындан сырткары компьютер орнотом. Ошондой эле балдарга бир маал нан, чайын берейин деп жатам. Боюнда бар студенттерге дагы бир маал бекер чай канты менен берейин деген планым бар. Мындай бөлмө Кыргызстандагы бир дагы окуу жайда жок, — дейт Саламат Молдосанов.

Бул бөлмөнүн тарбиячысы Рита Шабданбекованын айтуусу боюнча, балдарды өнүктүрүү, кеп өстүрүү боюнча сабактарды өтөт. Уйкусу келген учурда балдар эс алышат.

 Китептер жетиштүү

 Кийинки тааныштыруу экскурсиясы китепкана болду. Китепкананын фондунда 60000 китеп бар экен. Анын ичинен 19000 окуу китептер. Ата-энелер дагы  жардамдарын аяшпайт.  Былтыр жайзед уюму 250 миң сомго керектүү китептерди сатып беришиптир. “Р.Отунбаеванын” эл аралык фондунан окуу жайдын атайын эсебинен 15 миңге китеп сатып алышкан.

Максат – сапаттуу адистерди даярдоо

Окуу жайга Саламат Молдосанов директор болуп 2010-жылы келген. Ушул аралыкта 200 студенттен 700 жеткирген.

— Менин жасап жаткан иштерим тууралуу эл айтышы керек.  Мен кыйратып салдым дегенден алысмын. Бирок жетекчилик кызматка келгенден кийин жөн эле кирди-чыкты айлык алган менен чектелбестен, из калтырыш керек, келечек үчүн иштеш керек деп ойлойм.

Биздин биринчи миссиябыз – мектептерге сапаттуу, жогорку квалификациядагы мугалимдерди даярдоо. Быйылкы өзгөчөлүк – Ч.Айтматовдун 90 жылдыгын бүт дүйнө жүзү, планета белгиледи. Мисалы, орто окуу жайлар арасында Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата  өткөн сынакта биздин колледж биринчи орунду алдык, — дейт сыймыктануу менен  жетекчи.

Эгерде группада 25 студент болсо, сөзсүз 5-10 студент стипендияга окушат. Айына алар 720 сом алышат. Жакшы группаларда бешөө кызыл диплом менен бүтөт экен.

Бүтүрүүчүлөрдүн көбүнчөсү мыкты мугалимдер, завуч, спорт мектепке директорлук кызматка чейин көтөрүлгөндөр бар экенин кубануу менен айтып берди.

— Бюджетте 125 студент,  контракт бөлүмүндө 170 студент билим алып жатышат. Контракка быйылтан баштап 22 миң сом төлөшөт.  Анткени сапаттуу товар кымбат болот. Эгер биз жакшы билим берип атсак, эмне үчүн биз татыктуу каражатты  албашыбыз керек? Маселен, мамлекеттик бюджеттен бир студент 30 миңдин тегерегинде каржыланат, — дейт С.Молдосанов.

Педколледж 2016-жылы “Мугалим” илимий-педагогикалык журналынын тандоосу боюнча “Аймактык эң мыкты колледж” наамына ээ болушса,  2017-жылы Ысык-Көл облусу боюнча орто окуу жайлар арасында “Эң мыкты окуу жай” деген наамды утуп алышкан. Аталган окуу жайда Кыргызстанга эле эмес, Советтер Союзуна эмгеги сиңген адамдар  окушкан, т.а. Советтер Союзунун баатырлары, академиктер, жүздөгөн илимдин кандидаттары менен докторлору бүтүрүшкөн.

Жаш келсе ишке

 Заман талабына ылайык, колледждин жетекчиси ишке отуздан ашык жаштарды алган.  Окуу жайдын, директордун бактысына алар дагы жакшы болуп чыга келишти.

— Окуу жайдын жетекчиси кыйын болуп, жамаат начар болсо ийгилик болбойт, эгерде жамаат күчтүү болсо жетекчини көтөрүп кетет. Кудайга шүгүр, жамаатыбыз менен бир кишидей иштеп келатабыз. Абдан ынтымактуубуз, — дейт директор.

Студенттерди практикага жөнөтүү үчүн педколледж облустун бардык мектептери менен келишим түзөт. 1-курста студенттер тарбия практикасын класс жетекчи менен бирдикте класстык сааттарды өтүшөт. Экинчиси – пассивдүү практика.  Бир жумалык практикада студенттер байкоо жүргүзүшөт. Биринчи класска келген баланын биринчи күнү, экинчи күнү кандай өттү, ал эмнеге кызыгат экен деп күндөлүк жазышат. Анан мамлекеттик практика  январь айынан башталат. Анда мыкты окугандарга райондун, шаардын мектептеринен өтүнмө келет. Ал практиканы өткөндөн кийин, албетте, жумуш орду менен камсыз кылынат. Окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнүн 86% иш менен камсыздалат.

Биринчи кезекте тартип керек

Ата-энелер менен келишим түзүлгөндө баласы себепсиз 30 саат калтырса, окуудан чыгат деген пункт бар экен. Ошондуктан педколледждин студенттери бир күн да сабакты себепсиз калтырбайт. Биз барганда күндүзгү дагы, сырттан окуп жаткан студенттер толугу менен отурганын көрүп таң калдык. Көрсө, тартип жана талап катуу экен.

— Мыкты мугалим болуш үчүн сабакты калтырбаш керек. Бизде мектептегидей эле система. Кураторлор ар бир сабакты текшерип турат. Эгерде студент сабакка келбей калса, түз эле ата-энесине телефон чалышат. Эгерде болбой эле калтыра берсе, буйрук менен окуудан чыгарылат, анын фамилиясы окуудан чыкты деп линейкада айтылат, — дейт С.Молдосанов.

Учур талабы — технология

— Сегиз жылдын ичинде колледжде беш компьютердик класс ачканга жетиштим. Азыр 20 компьютер турат. Бардык кабинеттер интернет менен байланышкан. 40 ноутбук бар. Бул ноутбуктар дагы долбоордун негизинде келген. Компьютердик сабатсыздыкты жоюу долбоорунун талабы — Тоң районунун жаштарын компьютерге жана жашоо көндүмдөрүнө окутуу керек эле. Биринчи жылы он студентти даярдадык, алар Тоң районунун ар бир мектебине барып, окуучуларды үйрөтүштү.  Биздин мугалимдер жай, кыш мезгилинде барып, окутуп келип атышты, — дейт директор.

Мындар сырткары окуу жай «Р.Отунбаеванын демилгеси» фонду менен дагы тыгыз иштешет. Фонд бардык семинарларды, форумду окуу жайдын базасында өткөрөт. Жайында «Жайлоо бала бакчаларына» студенттер барып иштеп келишет.

МУГАЛИМДЕРДИН АЛТЫН БЕШИГИ

МУГАЛИМДЕРДИН АЛТЫН БЕШИГИ

МУГАЛИМДЕРДИН АЛТЫН БЕШИГИ

— Дагы бир сыймыктанчу нерсебиз – 100 кишилик  конференц-залыбыз микрофондор менен жабдылган. Жогорку Кеңештен кем эмес. Анан дагы белгилүү адамдардын өмүр таржымалы, биздин окуу жайды бүтүргөн мугалимдердин балдарынын бурчтары, Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлери тууралуу берилген маалыматтарды камтыган музей ачылган. Ал дагы толукталат, — деди Саламат агай.

Сөз соңу

Ошентип биз Караколдогу айтылуу педагогикалык колледждин иши менен таанышып, анда окуган студенттердин мугалим кесибин өз ыктыяры менен тандап алышкандарын угуп, дагы деле болсо мугалимдик кесипти сүйгөн, аны кыялында багып, максатына жеткен жаштарыбыз бар экенин көрүп, уучубуз кур эмес экен деп сүйүндүк. Өлкөнүн тагдыры – мугалимдин, мектептин колунда эмеспи. Мугалимдин билими канчалык терең болсо, анан социалдык маселеси чечилсе, анда билим берүүнүн сапаты оңго бурулат. Ал эми мектептин тагдыры, албетте, орто жана жогорку окуу жайлар даярдап жаткан мугалимдердин колунда. Улуу кесипти аркалап, окуу жайдын студенттери жан дүйнөсүнөн түнөк тапкан мугалим болууну алдына максат коюп, чын дилинен самап тургандары кимди болбосун кайдигер калтырбайт. Орустун улуу педагогу К.Д.Ушинский: “Мугалимдин  иши сыртынан караганда жөнөкөй көрүнөт, бирок ошол эле учурда тарыхта эң  маанилүү иштердин бири болуп саналат, анткени мугалим чыныгы шыктануу менен иштеген адам, а өзүнүн окуучуларынын турмушунда эстен чыккыс из калтырат” – деп баалаган экен.

И.Бийбосунов атындагы педагогикалык колледждин студенттери дагы окуучулардын эсинде кала турган сүйүктүү эже-агайлардан болуп, эмгегин балдарга арнашат  деп ишенебиз.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим», Бишкек – Каракол — Бишкек

Бөлүшүү

Комментарийлер