МИНИСТРЛИК МЕНЕН “ЫЙМАН” КООМДУК ФОНДУ КЫЗМАТТАШУУ ЖӨНҮНДӨ МЕМОРАНДУМ ТҮЗДҮ

  • 19.01.2023
  • 0

19-январда Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов жана “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү коомдук фонду башкармалыгынын төрагасы Зикрулло Махамат уулу билим берүү жана илим, калкты руханий жактан өнүгүүсү, ошондой эле кайрымдуулук иштери жаатында кызматташууну түзүү жана өнүктүрүү үчүн меморандумга кол коюшту.

МИНИСТРЛИК МЕНЕН “ЫЙМАН” КООМДУК ФОНДУ КЫЗМАТТАШУУ ЖӨНҮНДӨ МЕМОРАНДУМ ТҮЗДҮ

Меморандумга ылайык тараптар жарандардын руханий жана интеллектуалдык өнүгүүсүн, диндеги агартуучулуктун деңгээлин жогорулатуу, толеранттуулукту, диний сабырдуулукту жана конфессиялар аралык ынтымакты чыңдоо боюнча иштерди алып барууну мерчемдөөдө.

Ошондой эле Меморандумда бала бакчалар, мектептер, билим берүү борборлору, окуу корпустары, жатаканалар сыяктуу билим берүү объектилерин куруу жана кайрымдуулук иштери каралган.

Бөлүшүү

Комментарийлер