МИНИСТР ЮНЕСКОнун ЭЛ АРАЛЫК ТАЛКУУСУНДА СӨЗ СҮЙЛӨДҮ
- 01.11.2025
- 0
2025-жылдын 31-октябрында Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Өзбекстандын Самарканд шаарында өтүп жаткан ЮНЕСКОнун «Эртеңки күндүн трансформациясы бүгүн: туруктуу келечек үчүн көндүмдөр» аттуу эл аралык диалогунда сөз сүйлөдү.
Иш-чарага дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнүн билим берүү министрлери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана адистер катышып, заманбап доордун негизги чакырыктары — санариптик өнүгүү, экологиялык туруктуулук, климаттын өзгөрүшү, социалдык теңсиздик жана кесиптик көндүмдөрдүн жетишсиздиги сыяктуу маселелер боюнча пикир алмашышты.
Министр өз сөзүндө билим берүү тутуму технологиялык өзгөрүүлөрдөн артта калбашы керектигин белгилеп, Кыргызстанда билим берүүнүн мазмунун жаңылоо жана жаңы муундун көндүмдөрүн калыптандыруу багытындагы иштер тууралуу айтып өттү:

— Биз жаңы муундагы «Алтын казык» 12 жылдык мектеп системасын түзүп жатабыз: анын мазмуну жаңыртылган, STEM багыты бекемделген жана soft skills көндүмдөрү системалуу түрдө өнүктүрүлүүдө. Максатыбыз — технологияларды кууп жетүү эмес, ар бир балага өз алдынча үйрөнүүгө, дүйнөнү таанууга, ыңгайлашууга жана өмүр бою өнүгүүгө шарт түзгөн ой жүгүртүү жана куралдарды берүү», — деди ал.
Догдуркүл Кендирбаева ошондой эле келечек муун жасалма интеллект менен чогуу иштей ала турган, бирок адамдык сапаттарын сактап калган, жоопкерчиликтүү жана жаратман жаран болуп өсүшү зарыл экенин белгиледи.

Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар жаш муунду туруктуу өнүгүү үчүн зарыл болгон билим жана компетенциялар менен камсыздоо, ошондой эле билим берүү жана кесиптик жетишкендиктерди өз ара таануу боюнча эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
(БК)
Комментарийлер