МЕЗГИЛ МЕНЕН ЖАРЫШКАН ФАКУЛЬТЕТ

  • 28.12.2018
  • 0

  Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин биология жана химия факультети окуу жайдын эң түптүү факультеттеринен болуп саналат. Үстүбүздөгү окуу жылында бул өркөнү өскөн факультеттин уюшулганына 60 жыл толмокчу.

 МЕЗГИЛ МЕНЕН ЖАРЫШКАН ФАКУЛЬТЕТ

Башат

 

Артты карап кылчайсак, факультеттин басып өткөн тарыхы ары кызыктуу, ары терең экенин байкайбыз. Алыскы 1952-жылы В.В.Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык университети түптөлгөн тушта, ал кездеги табигый-илимий факультеттин курамында химия жана биология кафедралары уюшулган. Ошондо биринчи жолу, төрт жылдык окуу мөөнөтү менен 25 студент окууга кабыл алынып, биология  кафедрасын биология илимдеринин кандидаты Г. П. Земляная, ал эми химия кафедрасын химия илимдеринин кандидаты З.В. Хакимов жетектейт. 1951-1954–жылдары кафедралардын окутуучулар курамы жогорку квалификациялуу окумуштуу-педагогдор, биология илимдеринин докторлору А.А.Бакин, А.А.Броун жана химия илимдеринин доктору А.Я.Берлин сыяктуу профессорлор менен толукталган. 1956-жылы 18 бүтүрүүчү “биология жана химия мугалими” адистигине ээ болушкан. Кийинки окуу жылдан тартып, бул багыттагы адистикке студенттерди кабыл алуу 50 кишиге чейин жогорулап, окуу мөөнөтү 5 жыл болуп бекитилген.

Республикадагы мугалимдерге болгон талаптын өсүшүнө жана студенттердин санынын өсүшүнө байланыштуу 1968-1969-окуу жылында табигый-илимий факультеттин базасында биология факультети түзүлгөн. Факультетти таланттуу физиолог, биология илимдеринин кандидаты, доцент М.У.Мамбетов жетектейт. Ал биринчи күндөн баштап факультеттин өнүгүшүнө жана окутуунун сапатынын жогорулашына чоң көңүл бурат. Анын жетекчилиги астында студенттер эксперименттик ыкмаларды өздөштүрүшүп, илимий-изилдөө иштери менен алектенишип, студенттик конференцияларга,талкууларга активдүү катышат. М.У.Мамбетов жакшы уюштуруучу гана болбостон, акылман педагог жана ойчул окумуштуу болгонун эскере кетели.

1975-1984-жылдары факультетти Москвадагы Д.И. Менделеев атындагы химия-технология институтунун бүтүрүүчүсү, биология илимдеринин кандидаты, доцент Т.Р.Рыскулов жетектейт. Ал М.У.Мамбетов баштаган ишти татыктуу улантат. Факультеттин студенттери кафедралардагы илимий-изилдөө иштерине активдүү катышып, республикалык сынактарда байгелүү орундарга ээ болушат.

1984-1995-жылдары химия жана биология факультетинде декандык кызматта биология илимдеринин кандидаты, доцент С.Ш.Шамбетов үзүрлүү эмгектенип, ал окуу процессин окуу-методикалык адабияттар менен камсыздоого чоң салым кошкон. С.Ш.Шамбетов студенттер үчүн кыргыз тилиндеги “Ботаника”, “Гистология”, “Цитология” дисциплиналары боюнча окуу китептерин жазып калтырды.

Факультетти 1995-жылдан баштап химия илимдеринин кандидаты, доцент Ж.А. Асаналиев жетектеп, анын тушунда кошумча эколог мугалимин даярдоо  башталат. 1998-2004-жылдары факультеттин деканы болуп Ленинграддагы мамлекеттик университеттин бүтүрүүчүсү, биология илимдеринин кандидаты, доцент Ч.С.Давлетова иштейт. Ал окуу процессине окутуунун жаңы технологияларын киргизүү жана инновациялык ыкмаларды колдонуу боюнча иштерди жетектеген. Ч.С. Давлетованын жетекчилиги жана түздөн-түз катышуусу менен окуу процессин, окуу пландарын жаңылоо жана билим берүүнүн мамлекеттик станддарттарын иштеп чыгуу боюнча көп иштер аткарылат.

1998-жылы факультетте Кыргызстанда биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого чакырган “Экобилим” уюму негизделип, аны профессор М.М.Ботбаева жетектейт. Бул бейөкмөттүк уюм окутуучулар менен студенттерди экологиялык жактан агартуу жана тарбиялоо боюнча чоң иштерди жүргүзгөн.

Факультет бир канча жолу административдик өзгөрүүлөргө дуушар болду: 2002-жылга чейин өз алдынча факультет, 2002-2003-окуу жылында экология жана жаратылышты пайдалануу институтунун курамына кошулган. 2006-окуу жылынан тартып университеттеги автономдуу факультет болуп эсептелет. Факультет уюшулгандан бери 3000ден ашуун жогорку квалификациялуу адистерди даярдады, булардын ичинен 20дан ашуун бүтүрүүчү илим кандидаттары жана докторлору болушту.

 МЕЗГИЛ МЕНЕН ЖАРЫШКАН ФАКУЛЬТЕТ

Азыркы жетишкендиктери да көңүл кубантат

 

Учурда бул факультетте 653 студент билим алса, булардын ичинен күндүзгү окуу формасында 194 студент, анын 93ү гранттык, 101 студент контракттык негизде, 378 студент сырттан окуу формасында, 80 студент магистратурада өз билимин улантууда. Студенттерге татыктуу билим берүүдө 32 окутуучу эмгектенсе, анын 9,3% илим доктору, 56,2% илим кандидаты, калгандары магистр даражасын алып жүрүшөт.

 Факультеттеги жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы, химия жана аны окутуунун технологиясы, профессор М.Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедраларынын окутуучулары өздөрүнүн квалификацияларын жогорулатуу үстүндө такай иштешет. Мисалы, 2014-жылы профессор А.С.Сатыбалдиев  Япониянын Кумамото шаарындагы Кумамото университетинин каржылык колдоосу астында аталган университеттин профессору Машимонун лабораториясында бул жактан синтезделген 50дөн ашык заттардын нано бөлүкчөлөрүнүн өлчөмдөрүн аныктоо үчүн барып келген жана азыр да бул багыттагы илимий ишин улантууда.

Факультеттин жалпы жамааты педагогикалык багыттын алкагында  “Биологияны жана химияны окутуунун технологиясын жана мазмунун өзгөртүү” жана “Билим берүүнүн мейкиндигин жакшыртуу үстүндө иштеп жатышат (жетекчиси проф. М.Ж.Чоров). Табигый-илимий багыттын темасы кафедранын ишмердүүлүгүнүн өзгөчөлүгүн чагылдырат. Мисалы, жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын профессордук-окутуучулар курамы “Курчап турган чөйрөнүн жагымсыз факторлорунун биологиялык объектилерге тийгизген таасирин окуп үйрөнүү” (жетекчиси проф. Ч.С.Давлетова), химия жана аны окутуунун технологиясы кафедрасы “Электр учкундук дисперлөө методу менен нано өлчөмдөгү металлдык системаларды синтездөө жана касиеттерин окуп-үйрөнүү” (жетекчиси проф. А.С.Сатыбалдиев) биоартүрдүүлүк кафедрасы “Кыргызстандын биологиялык ар түрдүүлүгүн сарамжалдуу пайдалануу жана аны окуп үйрөнүү” (жетекчиси доцент Кендирбаева С.К.) темаларында илимий-изилдөө иштерин алып барышат.

Ар бир окуу жылынын аралыгында факультеттеги окутуучулардын илимий иштеринин жыйынтыгы боюнча 50дөн ашуун илимий макала жарык көрөт. Акыркы үч жыл аралыгында төрт окутуучу кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргошту, эки окутуучу докторлук диссертациянын үстүндө иштеп жатышат.

Факультетте эмгектенген бир профессор  — “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкери”, бир профессор — Илим жана техника боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, 15 окутуучу – “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы” төш белгисине, жети окутуучу – Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасына ээ.

Азыркы учурда факультетти педагогика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкери Чоров Маматкан жетектейт. Ал эмгек рыногунун шартында татыктуу атаандаштыкка туруштук бере алгыдай болочок мугалимдерди даярдоодо чоң иштерди жүргүзүүдө. Анын жетекчилиги астында 6 аспирант педагогика, 2 аспирант биология боюнча кандидаттык диссертацияларын ийгиликтүү коргошту.

Эгерде буга чейин биология жана химия факультети толук жогорку билимдүү адистерди даярдап келсе, жогорку кесиптик билим берүүдөгү реформаларга байланыштуу 2004-2005-окуу жылынан баштап 510600 “Биология” багыты боюнча магистрлерди даярдоо башталган. Факультеттин профессордук-окутуучулук курамы 520200  “Биология” багыты боюнча 11 ар кандай адистиктеги магистрлик программаны иштеп чыгышты. Мындан тышкары, 550100 “Табигый-илимий билим берүү” багыты боюнча “Химиялык билим берүү” жана “Биологиялык билим берүү” магистрлик билим берүү программалары киргизилди.

2012-2013-окуу жылынан тартып факультетте билим берүү процессин реформалоонун алкагында 550100 “Табигый-илимий билим берүү” багыты боюнча “Биология”, “Химия” профилдерин даярдай баштады.

Бүгүнкү күндүн талабына ылайык 2018-2019-окуу жылында 520200 «Биология» жана 520100 «Химия» багыттары боюнча жаңы адистиктер ачылды.

Факультеттин деканынын айтуусунда, окутуунун деңгээли өтүлүп жаткан ачык сабактар менен гана бааланбастан, студенттердин пикирлерине мониторинг жүргүзүүгө да зор маани берилет. 2018-жылдагы сурамжылоодо студенттер факультеттеги окутуунун деңгээлин “жакшы” жана “эң жакшы” деп баалашкан. Жогорудагы жетишилген ийгиликтер, албетте, келечектеги  албан максаттардын  ишке ашуусун шарттайт. Учурда факультеттин окутуучу-профессорлук курамы студенттердин, магистранттардын профессионалдык жана атайын компетенцияларын калыптандыруу үстүндө тынымсыз иштешүүдө. Алар билим берүү программаларындагы бардык дисциплиналардан окуу-методикалык комплекстерди, ошону менен бирге картасын ичинен камтыган компетенциянын паспортун иштеп чыгышты. Компетенциянын картасында окутуунун талапка ылайык технологиялары жана окутуунун конкреттүү методдору, ошондой эле модулдук-рейтингдик системаны баалоонун каражаттары сунушталган. Маматкан Жетимишовичтин пикиринде, булар окутуунун пландалган жыйынтыгын жана студенттерде калыптанган компетенциялардын деңгээлин объективдүү баалоого жетишүү мүмкүнчүлүгүн берет.

Сөзүбүздүн аягында, заман талабынан калбай, мезгил менен арымдаш бараткан химия-биология факультетинин жалпы жамаатын Жаңы — 2019-жылы менен куттуктап, илимий-агартуучулук иштерине ийгиликтерди каалайбыз.

 

А.Алибеков “Кут Билим”   

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер