МЭРИЯНЫН СЫЙЛЫГЫ — МЕКТЕБИМДИН СЫЙМЫГЫ
- 19.05.2025
- 0
Жаш муундарга терең билим менен татыктуу тарбия берүүдө билим берүү кызматкерлерин ар тараптан колдоп жаткан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-аракеттери кубандырат.
Быйылкы окуу жылында Аксы районуна караштуу Кербен шаарынын мэри Эрнист Эгембердиевичтин демилгеси, шаардык кеңештин депутаттарынын колдоосу менен «Шаардын мыкты мугалими» сынагы өткөрүлүп, анын баш байгесине автоунаа коюлуп, бир нече сынактардын жыйынтыгы менен аны Надыр Мамбетов атындагы N6 жалпы орто билим берүү мектебинин физика мугалими Тотоева Наргиза жеңип алды. Бул сыйлык бир гана Наргиза Абдыкадыровнанын эмес, бүтүндөй жамааттын сыймыгы болуп, аны ар бир мугалим өзү жеңип алгандай кабыл алды. Ийгиликке мугалимдин иш-аракети, билими, түйшүктүү эмгеги, үй — бүлөсүнүн колдоосу жана мектеп жамаатынын ынтымагы себепкер болгондугун сыймыктануу менен айта алам. Дагы бир айта кетчү нерсе, Тотоева Наргиза «Жыл мугалими» сынагын райондо эки ирет жеңип алып, облустук турга катышып, бир ирет байгелүү орунду камсыз кылган болсо, быйыл республикалык турга өтөт деген үмүттөбүз. Ылайым, чыгармачылык жолу байсалдуу, берген билими жугумдуу, жарыштагы таскагы арымдуу болуп, республикалык турда баш байге насип кылсын. Ал эми жакшы саамалыкты баштаган Кербен мэриясынын жалпы жамаатына терең ыраазычылык билдирем.
Узен АТАКАНОВ, Аксы районундагы
Надыр Мамбетов атындагы орто мектебинин директору
Комментарийлер