МЕКТЕПТИК БИЛИМДИН САПАТЫН ЖОГОРУЛАТУУ ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 07.06.2019
  • 0

Мектептик билим берүүнүн сапатын жогорулатуу маселеси 3-июнда И.Арабаев атындагы КМУда өткөн “Кыргыз билим берүү системасын өнүктүрүүнүн перспективалары” аттуу тегерек столдун алкагында талкууланды.

МЕКТЕПТИК БИЛИМДИН САПАТЫН ЖОГОРУЛАТУУ ТАЛКУУЛАНДЫ

Иш-чарага ЖК депутаты А.Жапаров, билим берүү жана илим министри Г.Кудайбердиева, коомдук ишмер И.Болжурова, КМУнун ректору Т.Абдырахманов ж.б. билим берүү тармагынын кызматкерлери, эксперттер катышты. Анда алгач  депутат Акылбек Жапаров “Глобалдык атаандаштык үчүн мектептик билим берүүнүн сапатын жогорулатуу” жана эксперт Бакытбек Абдуллаев “Мектептик билим берүү сапатын жогорулатуу: компетенттүү мугалимдер” деген темада презентация жасап, мектептик билим берүүнүн сапаты, андагы маселелер, чечиле турган жагдайлар жана аны чечүүнүн жолдору сунушталды.

  • Кыргызстанда билим берүү сапатына көңүл бурганыбыз менен жыйынтыктуу иш-аракеттер болбой жатат. Учурда дүйнөдөгү кайсы гана мамлекетте болбосун билим берүү тармагы эң көп талаш-тартыш жараткан, өзгөртүү киргизүү талап кылынган тармактардын бири. Бул боюнча окумуштуулар билим берүүгө чоң көңүл буруу керектигин баса белгилеп айтышууда жана өздөрүнүн программаларын сунушташууда. Биздин өлкөдөгү билим берүү системасын жакшыртууга арналган өзүмдүн бир нече сунуштарымды ортого коюп, талкуулап, сиздер менен бирге бир чечимге келсек деген оюм бар. Бүгүнкү күндө орто мектептерде, жогорку окуу жайларда сапаттуу окуу китептер, жогорку квалификациялуу мугалимдер жетишсиз, мугалимдердин эмгек акысы аз деген ж.б. маселелер айтылууда. Маалыматтык технологиялар, адам, коом күндөн-күнгө өзгөрүп жаткандыктан, ага жараша билим берүү тармагы да өсүп-өнүгүүсү керек. Маанилүү нерсе: реформалоо, модернизациялоо, же болуп жаткан өзгөрүүлөр Кыргызстандын шартына жараша жасалуусу керек», – дейт Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров.

Билим берүү жана илим министри Г.Кудайбердиева мамлекет тарабынан билим берүү тармагына бөлүнгөн каражаттар, алардын жумшалышына токтолсо,  мурунку министр И.Болжурова билим берүү системасынын өсүп-өнүгүүсү үчүн көтөрүлүп жаткан мындай иш-аракеттер дайым жүргүзүлүп турса мамлекеттин билим берүү сапаты жогорулайт деген ишеничте экендигин баса белгиледи.

“Мектептик билим берүү сапатын жогорулатуу: компетенттүү мугалимдер” деген темада презентация жасаган эксперт Бакытбек Абдуллаев  болсо төмөндөгүлөргө токтолду: — Билим берүү системасынын көйгөйлөрү албетте, көп. Бирок биздин оюбузча приоритеттүү негизде чечүлчү маселелер төмөндөгүдөй: 1-мектепке чейинки билим алуунун маанилүүлүгү, кенже куракта балага салынган инвестициянын кайтарымы. Бул куракта салынган инвестиция саламаттык сактоого кетчү каражатты үч эсе, кылмыштуулук менен күрөшүүгө кетчү чыгымды тогуз эсе азайтаарын Нобель премиясынын лауреаты, экономист James Heckman изилдеген. Кыргызстанда 2-6 жаштагы 800 миң баланын 26% гана бала бакчага барат. Ошондуктан биринчи кезекте ушул маселе чечилиши керек. 2-Финляндия, Япония, Германия, Швеция сыяктуу өлкөлөрдүн 6-9-класс окуучулары бир жылда орточо 830 саат окушса, биздин балдар 1020 сааттан окуп келет. Маселе көп сабак окугандыкта эмес, маселе аз болсо да саз окута алгандыкта. Мектептерде окутулган сааттардын санын эмгек рыногуна керектүү 10 компетенциянын негизинде кыскартуу зарыл. 3-4-чечиле турган маселе — мектептик билим берүүнүн сапатын аныктаган мугалимдердин сапаты, алардын статусу, мотивациясын жана кесипкөйлүгүн арттыруунун жолдору. Жакшы жыйынтык көрсөткөн таланттуу мугалимдерге эмгек акысын олимпиада чемпиондоруна берилген стипендиядай кылып берүү, англисче (TOEFL 75 же IELTS 6.5 баллдан жогору) билген мугалимдерге 5000 сом кошуу, ЖРТдан 180 баллдан жогору балл алып, педагогикалык факультетке тапшырып окугандарга 1000 сомдон 4000 сомго чейин стипендия берүү сунушталды. Ошондой эле билим берүү тармагына бөлүнгөн каражаттын 1,5% мугалимдердин квалификациясын жогорулатууга бөлүнүшү керектиги айтылды. Себеби бүгүнкү күндө квалификация жогорулатууга 36 млн. сом бөлүнүп, билим берүү бюджетинин 0,12% гана түзөт. Бир мугалимге жылда орточо 450 сом бөлүнөт дегендик. Батышта бул 2000-4000 долларды түзөт.

Бул тегерек столдун уландысы эмки аптада Ош шаарында өтө турган болду.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер