МЕКТЕПТЕРДИН ӨНҮГҮҮ ПЛАНЫН КАНТИП ДАЯРДОО КЕРЕК?
- 15.11.2023
- 0
Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Карыбек уулу Акматалы атындагы орто мектепте кырдаалдык талдоонун жыйынтыктары менен тааныштыруу жана мектептин пландарын жакшыртуу максатында тренинг болуп өттү. Иш-чара 2023-жылдын 14-ноябрында ЮНИСЕФтин “Илимдеги кыздар” долбоорунун алкагында “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду тарабынан уюштурулду.
Тренингге “Илимдеги кыздар” долбоорунун пилоттук мектептеринин директорлору, социалдык педагогдору, STEM сабактарынын мугалимдери жана активдүү окуучулар катышты.
Иш-чарага катышкан Ат-Башы районунун администрация башчысынын орун басары Жылдыз Жанталиева “Илимдеги кыздар” долбоорунун маанисин белгилеп, гендердик-сезимталдуулук жана STEMди өнүктүрүүгө арналган окутууларды колдой турганын белгиледи. Жылдыз Талантовна “Роза Отунбаеванын демилгеси” Фондуна ыраазычылык билдирди.
Нарын облусунун методикалык борборунун директору Касымбек Мамытов так илимдерге окуучулардын кызыгуусун арттыруу аракеттери замандын талабына шайкеш келип жатканын белгилеп, долбоордун ишине ийгилик каалап өттү.
— Иш-чаранын биринчи бөлүгүндө долбоордун эксперти Жеңиш Урумов долбоор алкагында жүргүзүлгөн мектептердин өнүгүү пландарынын кырдаалдык талдоонун жыйынтыктары менен тааныштырды. Ал эми гендердик эксперт Чынара Давлетова “Гендер деген эмне?” темасында интерактивдүү презентация өттү. Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө катышуучулар мектептердин өнүктүрүү планын даярдоо боюнча практикалык көнүгүүлөрдү аткарышты, — дейт фонддун пресс-катчысы Салтанат Адылбек кызы.
ЮНИСЕФтин “Илимдеги кыздар” долбоору “Роза Отунбаеванын демилгеси”, Балдарды коргоо борбору, БААУнун Инновациялык колледжи жана «Энактас Кыргызстан» коомдук бирикмеси аркылуу ишке ашырылууда.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер