МЕКТЕПТЕРДИ ӨЗГӨРТӨБҮЗ

  • 03.12.2018
  • 0

Жаңырууга даярбызбы?

 

Урматтуу окурман,

Атактуу Кен Робинсондун «Баланын жөндөмүн өнүктүргөн КРЕАТИВДҮҮ МЕКТЕПТЕР» (Оригиналы “Creative schools: The grassroots revolution that’s transforming education”) аттуу китептин кыргызчасы жарык көрдү. Буга чейин англис тилинен 15 тилге которулуп, кыргызчага “Кереге” жалпы адамзаттык баалуулуктар фондунун демилгеси менен Бакытбек Абдуллаев жана Кутманбек Мазарипов тарабынан которулуп, “Глобал принт” ЖЧК басмаканасынан басылып чыкты. Китеп ата-эне, мугалим, мектеп мүдүрү, коомдук ишмер жана саясатчыларга арналат.

МЕКТЕПТЕРДИ ӨЗГӨРТӨБҮЗ

Аталган китепте адамдын потенциалы менен чыгармачылыгын өнүктүрүүдө дүйнөгө таанымал эң таасирдүү адис Кен Робинсондун билим берүү тармагын трансформациялоо боюнча пикирлери камтылган. Автор, индустриалдык доордун өндүрүмү эскилиги жеткен бүгүнкү билим берүү системасын замандын талабына жараша өзгөртүүгө убакыт келгенин жана аны ишке ашырууга болоорун далилдейт. Кен Робинсон өзүнүн тажрыйбалары, байкоолору, мектептердин мыкты үлгүлөрү жана билим берүүнүн жаңычыл ыкмалары менен кеңири бөлүшөт. Окуучуга мектепти кызыктуу, жагымдуу кылуу менен баланын жөндөмдөрүн өнүктүрүп, мектептен кийинки жашоосуна даяр болуп жетилүүсүнө жол көрсөтөт. Китепте келтирилген үлгүлүү мисалдар жана пикирлер баласынын келечегин ойлогон ар бир адамды билим берүүнүн маңыз-максаты тууралуу кайрадан ойлонууга түртөт.
Автор Кен Робинсон Англия, Шотландия, Сингапур өлкөлөрүндө билим берүү реформаларын натыйжалуу ишке ашырып, бул тармактын глобалдык лидери катары таанылган. Адамдын потенциалын жана жөндөмдөрүн өнүктүрүү боюнча New York Times бестселлер китептеринин автору. Fast Company тарабынан креативдүүлүк жана инновациялар боюнча дүйнөнүн эң алдыңкы 50 ойчулу тизмесине кирген. Европа менен Азиядагы өкмөттөрүнө, Fortune журналы аныктаган 500 эң ири компанияга жана эл аралык уюмдарга чыгармачыл ойлонуу, инновациялар боюнча консультант болгон. Улуу Британиянын Уорик университетинде сабак берип, азыр ардактуу профессор болгон кези. Престиждүү TED конференциясындагы “Do schools kill creativity?” (Мектептер талантты бууйбу?) аттуу лекциясын 150дөн ашык өлкөдө 300 миллиондон ашык киши көрүп, TED тарыхында эң көп көрүлгөн тасма болуп келет. Кен Робинсон 1950-жылы Ливерпулда туулган. Англияда Сэр наамын алган. Азыркы учурда Лос Анжелесте жашайт.

Сиздерге китептен урунттуу мисалдарды сунуштайбыз.

 

Урматым менен, Бакытбек Абдуллаев
 

 

МЕКТЕПТЕРДИ ӨЗГӨРТӨБҮЗ

 

Кен Дэнфорд “Кана балдар, кечээ силердин мектептеги акыркы күнүңөр болчу. Эми эмне менен алек болосуңар?”,- деп окууну өтө каалаган, бирок мектептен абдан тажап, көңүлү калган балдарга дайыма ушундай суроо салчу. Кен Дэнфорд Хэдлидеги, Массачусетс, North Star өспүрүмдөр үчүн өз алдынча окуу борборунун түптөөчүлөрүнөн. Кен балдарга: “Мындан ары ал жакка баруунун кереги жок”, – дегенде, балдардын реакциясы кандай болду? “Алар өтө таң калышты”, – дейт Кен, “Алар: “Кантип эле? Биз мектепке барбай туруп эле колледжге тапшырып, жакшы жумушка орношо алабызбы? Биз мектепке барбасак, баары бизге тетири болуп калбайбы?” – деген суроолорду жаадырышты. Мындайды аларга эч ким сунуштаган эмес”.

Кен дайыма эле эч нерсеге баш ийбеген, агымга каршы сүзгөн адам болгон эмес. Ал дагы качандыр бир убакта педагогика колледжине тапшырып, ал жерди бүтүргөн соң Амхерстте орто мектепке жумушка орношкон. Кендин өзүнө мектепке барган жакчу. Сабак бере баштагандан кийин ал дуушар болгон нерселерге даяр эмес экенин түшүнөт. “Ал коркунучтуу түштөй эле. Балдарга мектеп эч жакчу эмес. Мен аларды АКШнын тарыхы менен алаксытууга аракеттенчүмүн, алар болсо уккусу да келчү эмес. “Эгер силер азыр 8-класста АКШнын тарыхын үйрөнбөсөңөр, анда эч нерсеге жарабайсыңар”, — деп эскертчүмүн. Анан өзүмдү өзүм угуп: “Кандай гана акмакчылык!” – деп ойлочумун. Мен алар менен шляпалар, кечигүүлөр жана тазалык үчүн суранмайлар тууралуу талашып-тартышчумун. Аларды жасабаган учурда администрациядан сөз укчумун. Мен бул нерсеге көпкө чыдай албадым. Балдарга болбогон эле нерсени айтып, кымындай нерсени чоңойто албайт болчум.

Анан колума “Өспүрүмдөрдү эркиндештирүү колдонмосу” (The Teenage Liberation Handbook) аттуу китеп тийип калды. Ал жерде анскулинг (үйдө окутуу) баш ийбес окуучулар үчүн табылгыс казына катары көрсөтүлгөн. “Мен өз жашоомдо бир нерсе жасашым керек. Бир да күндү бош өткөргүм келбейт. Мен жашоомду баштоом үчүн 18 жашка чыгуумду күтө албайм, дароо эле баштайм”, – дегендер үчүн эле. Ушундай кылгандар бир кыйла ийгиликтерге жетишээри айкын болду. Анан мен мектепке баруунун ордуна альтернатива издеп, акыл калчай баштадым. Балдардын өздөрүнөн эмнени окууну каалагандарын сурап көрсөм кандай болот? Мектепке барууну каалашабы? Барууну каалашпасачы, анда эмне кылууну каалашат? Ким менен? Канча убакыт? Алар менден тарых сабагын үйрөнүүнү каалабайбы? Макул, анда кереги жок. Китеп окуу жакпайбы? Окушпасын. Муну кантип ишке ашыруу керек? Мектеп чегинде бул нерсени ишке ашыруу мүмкүн эмес. Андыктан башка нерсе керек. Маселен, коомдук борбор. Балдарга: “Мен силерге жана ата-энеңерге өз жашооңор үчүн өзүңөр жоопкерчиликти алууну үйрөтөм. Биз бир жерде жакшынакай бурч түзөбүз, силер ал жерге каалаган убакта барсаңар болот. Жана ал жерде силер каалаган нерсеңер менен алек боло аласыңар (албетте чектен чыкпай), каалаган маалда келип кетсеңер болот. Билесиңерби? Бул силерге жагат деп ойлойм” деп бир программа даярдайсыз.

 

North Star – бул мектептеги сабакка кызыгуусу таптакыр өчкөн же бир топ запкы көргөн өспүрүмдөрдүн сабакка болгон кызыгуусун ойготууга жардам берчү борбор (Кен жана анын кесиптештери аны мектеп деп атабашы үчүн көз салып турушат, себеби North Starдын андай аккредитациясы да жок). Бул кадимки “мектеп” эмес, бирок балдардын көпчүлүгү үчүн ошол ролду аткарат. «North Star негизинен мектепке баргысы келбеген балдар үчүн багытталган. Айтмакчы, алардын арасында мыкты окуучулар да бар. Абдан кызыктуу эрмектери бар балдар чыгып калат. Оң менен солду көрсөтө албагандар да бар, алардын көйгөйлөрү толгон-токой.

Чечимди өспүрүмдүн өзүнүн кабыл алуусу маанилүү. Буга салттык үйрөтүү ыкмалары менен эч качан жете албайбыз. Сиз эмне менен алек болууну каалайсыз жана мен бул жаатта кантип жардам бере алам? Азырынча алар өздөрү бул суроолорго жооп бере алышпайт. Жооп табуу үчүн алар көп нерселерди жасап көрүшү зарыл. Балким, алар мурда жасап жүргөндөрүнө макул болбойт, жашоолорун ашыкча нерселерден бошотуп, бир канча убакыт эч нерсе жасабай койсо эмне болоорун билгиси келет. Бул абдан кызыктуу тажрыйба”.

МЕКТЕПТЕРДИ ӨЗГӨРТӨБҮЗ

Сиз North Starды ийгиликке жете албаган, мектепте окуп кете албагандар бара турган жер деп ойлошуңуз мүмкүн, бирок ал чынында анын карама-каршысы. Биздеги окуучулардын көбү Массачусетс технологиялык институту, Браун университети, Лос-Анжелестеги Калифорния университети, Колумбия университети сыктуу көптөгөн университеттерге тапшырышат. Абитуриенттердин North Star программаларына катышуусун кабыл алуу комиссиясы чоң үстөмдүк катары карайт, анткени мындайды өспүрүмдөрдүн өз алдынча иштөө жана башкача ой жүгүртүү жөндөмдөрү далилденген. Кендин мисалдарынан бирөөнү келтирейин.

 

Бизге жетинчи класстын окуучусу келди. Ага чейин ал үйдө окуган экен. Ал ойноп-күлгөн, башка балдар менен жакшы мамиледе болгон, көңүлүндө кири жок жана шайыр бала болчу. Ал кай жерде болбосун математика китебин көтөрүп жүрчү. Биздин борбордо аны менен ошол сабактан репетитор алектенчү. Ал бала 15 жашында жергиликтүү колледждин математика курсуна жазылып, аны кыйналбай эле аяктады. Андан соң ал сабакты Массачусетс университетинде тереңдетип окуду (Calculus 2). Натыйжасы да мыкты болду. Жай бою ошол эле университетте дагы эки тереңдетилген курсту бүтүрдү. Ал маалда ал 16 жашка толгон. Мындан ары ал экстерн катары сабактарга катыша албайт болчу. Ал кабыл алуу комиссиясына келип: “Мен 16 жаштамын. Мектеп партасында жетиштүү деле отурганым жок. Эч качан академиялык жөндөмдөрдү текшерүүчү тесттерди тапшырып көргөн эмесмин. Бирок бир нерсени билем: математиканы жогорку деңгээлде үйрөнүү үчүн сиздердин университке тапшырышым керек”, – деп айтат. Аны мыкты академиялык көрсөткүчтөр менен аяктаган бүтүрүүчүлөрдүн Кызматташтык программасына кабыл алышат. Ал жигит 20 жашында университетти математика жана кытай тили боюнча эки адистик менен аяктайт”.

Албетте, бул өтө сейрек кездешүүчү окуя. Бирок борбордогу балдардын кызыгуу деңгээли мектептердеги окуучуларга караганда жогору болот жана алар өз жашоолорун жакшы нукка бурууга чечкиндүү болуп чыгышат. North Star үлгүсү элге багытталган Liberated Learners программасынын түзүлүшүнө негиз болду. Ал программанын алкагында башка ушул сыяктуу борборлор түзүлүүдө.

МЕКТЕПТЕРДИ ӨЗГӨРТӨБҮЗ

Кен жана анын кесиптештери билим берүү ар түрдүү формада жана мөөнөттө болушу мүмкүн экенин жана бардык балдарды бир эле ыкма менен окутуу мүмкүн эмес экенин түшүнүшөт. Эгер материалдарды балдар эң жакшы өздөштүрө турган жол менен берсе, алар мыкты натыйжаларды көрсөтүшөт. Албетте бул модель салттык эмес. Бирок анын ийгиликтерин көрүп туруп, мектептер да мындан ары окуучуларынын талаптарына карата өзгөчө мамиле жасоо убагы келип жетти деп айтсак болот.

(Уландысы бар)

Китепти Бишкектеги Pierre Coffee, “Либро”, “Дилазык”, “Шанс”, “Нуска”, “Көрөңгө”, “Раритет” китеп дүкөндөрү, Ош шаарындагы “Китеп.кг” дүкөнү, “Кыргыз Концепт”, “Секом” билим берүү жана өнүгүү борборунун кеңселеринен сатып алууга болот.

Кошумча маалымат үчүн бул телефонго чалсаңыздар болот: 0550666332

 

Бөлүшүү

Комментарийлер