МЕКТЕПТЕН ТЫШКАРКЫ БИЛИМ БЕРҮҮ-БАЛДАРДЫН МЫКТЫ КЕЛЕЧЕГИ

  • 24.01.2020
  • 0

Жалал-Абад шаарындагы  жаш келечек муундарга билим берип, кесип тандоого багыт көрсөтүп,бир канча таланттуу балдардын келечегине кенен жол ачууга көмөк кошуп келе жаткан,  «Ариет» балдар чыгармачылык борбору. Шаарыбыздын билим тармагында салмактуу салым кошуп, бир топ  шаардык,областтык жана республикалык иш чараларга, сынак — фестивалдарга катышуу менен иш жүргүзүп барабыз. Аталган чыгармачылык борбордо миңден ашуун  окуучулар, талантына, кызыгуусуна жараша катышып билим алышат. Борбордо окуучулардын билимин өркүндөтүү үчүн 24 ийрим иш алып барат. Ар бир ийримди тажрыйбалуу, өз кесибин сүйгөн мыкты мугалимдер жетектейт. Борбордо окуп билим алган окуучулар жыл сайын шаардык, областык, республикалык, сынак-фестивалдарга, кароо-сынактарга  тынымсыз катышуу менен бирге, жылдын жылга такшалып олтуруп, Эл аралык «Ысык-Көл балдардын көзү менен»,  «Мен- Кыргызстандык экендигиме сыймыктанам!», «Мен дүйнөнү кантип таза сактайм», аталышындагы сынактарга катышып, эң алдынкы орундарды багындыруу менен, Жалал-Абад шаарыбыздын атын чыгарып, маданияттын өнүгүүсүнө, улуттар аралык ынтымакты чыңдоого өз салымдарын  кошууда десек, жаңылышпайбыз. Ал эле эмес математика, англис тили, орус тили ийримдерине катышкан окуучулар, мектептер арасында өткөрүлүүчү предметтик олимпиадаларда алдыңкы орундарга жетишүү менен, республикалык олимпиадаларда алдыңкы орундарды багындырып келүүдө. Ар тараптуу иш алып барып, балдарга билим берип жаткан борбордун окуучулары,  Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги, «Балажан» РЭТОУБу тарабынан уюштурулган «Мен-Кыргызстандык экендигиме сыймыктанам!» аттуу аймактар аралык жекече бий, ыр жана комузда ойноо боюнча сынагына катышкан бий ийриминин окуучусу Абдыраимов Султан шаардык, областык турлардан жеңип чыгып, республикалык турда (7-11 жаш) 1-орунду алууга жетишти.  Комуз ийриминин окуучусу Кочкорова Жаркынай республикалык турнда мыкты катышуучу аталып кайткан. Аталган сынакка борбордун бир канча окуучулары да активдүү катышып шаардык,областык турларда байгелүү орундарга жетишип келишет.

МЕКТЕПТЕН ТЫШКАРКЫ БИЛИМ БЕРҮҮ-БАЛДАРДЫН МЫКТЫ КЕЛЕЧЕГИ

«Ысык-Көл балдардын көзү менен» аттуу балдардын Эл аралык слетуна 21 окуучу катышып, социалдык долобоорлордун эл аралык сынагында «Биз-таза шаар үчүн» аттуу долбоорду жактап, II орунду жеңип алышты, ал эми жалпы жонунан алганда, 13 команданын ичинен 3 орунга татыктуу болдук.

Жыл сайын окуучуларыбыз сынактарга, фестивалдарга өтө дилгирлик, кызыгуу менен катышып өздөрүнүн алган билимдерин бышыктай алышат.  2019-жыл «Ариет» балдар чыгармачылык борбору үчүн өзгөчө  ийгиликтүү  жыл болду. Март айында ЮНЕСКО клубунун алкагында КМШ мамлекетттер арасында өткөрүлгөн «Астана жылдыздары» эл аралык сынакта 17 окуучу катышып, «Сезим 2», жана «Кыз кыял» бийчилер тобу III орунду ээлесе, комузчулар ансамбли II орунду ээлеп кайтышты.

Балдарды көркөм эстетикалык жактан тарбиялоо максатында  уюштурулган «Куурчактар жарманкеси» аталыштагы көргөзмө,  Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Чыңгыз Айтматов жана биз» аттуу сүрөт көргөзмөсүнө 200дөн ашуун окуучу катышты. Катышкан окуучулар 1, 2, 3 — орундарга ээ болуу менен бирге, баалуу белектер менен сыйланышты.

«Ысык-Көл досторун чакырат» аттуу VII эл аралык сынакта 24 окуучу катышып, ден соолуктарын чыңдоо, жайкы каникулду максаттуу пайдаланып, таланттарын такшалуу иретинде, кала берсе улуттар аралык ынтымакты бекемдөөгө өз салымдарын кошуп, ар улуттан досторду табууга, жөндөмдүү эс алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Мына ушундай жакшы шарттарда таланттуу  окуучуларыбыз 1,2,3-орундарды багындырып кайтышты.

Жаш өспүрүмдөрдү патриоттулукка тарбиялоо, Ата Мекенди сүйүүгө, коргоого мектеп жашынан үйрөтүү заман талабы. Заман талабына ылайык борбордо эмгектенген мугалимдердин билим деңгээлин ар жылы бышыктап, тажрыйбаларан өркүндөтүу максатында  Балажан тарабынан мугалимдердин билимин жогорулатуучу курсту да мыкты деңгээлде уюштуруп, кол өнөрчүлүк, сүрөт, бий мугалимдери 5 жылдык сертификат алышты. Быйылкы жаңырган жыл да борбор үчүн чоң жаңылык болду. “Ариет”балдар чыгармачылык борбору, 2016-жылдан бери ЮНЕСКО клубу катары  иш алып барат, 2019-жылы балдарды ар тараптан өстүрүү, башка элдердин маданиятын, каада-салтын үйрөтүү, тажрыйба алмашуу максатында Балдарга кошумча билим берүүнүн Евразиялык Ассоциациясынын курамына кирдик. Ошону менен катар ЮНЕСКОнун клубу катары Корея мамлекетинин Сеул шаарында атайын өткөрүлгөн 3 күндүк кеңешмеге катышкандыгыбыз жөнүндө билдире кетебиз.

«Ариет» балдар чыгармачылык борбору аты айтып тургандай окуучуларга билим жолунда аруу, чечкиндүү мыкты болууга тарбиялап, «Билимдүү болсоң озоорсуң, билимсиз болсоң тозоорсуң» деген ураан  менен билимдин жолун улантып келебиз. Шаарыбыздагы  даталуу күндөрдөгү иш – чараларга талантуу окуучулар ыр, бий, комуз күүлөрү, жасаган буюмдары, тарткан сүрөттөрү менен тынымсыз катышып, өз мекенине окуп үйрөнгөн билимдери менен салым кошууну да үйрөтүшөт. Мекенди сүйүүгө жана мекенге кызмат кылууга тарбияланган балдар келечекте өз жолун таап, билимдерин жогорулатууга кызыгуусу артып умтула алышат. Балдар чыгармачылык борборунда тарбияланып билим алган, элибизге кызматы менен таанымал бир канча окуучуларыбыз бар. Атап өтсөк эстрада ырчысы — Кумар Асанов, Курманбек Казакбаев дагы бир топ сүрөтчү окуучуларыбыз өз келечектерин ушул борбордон тарбия алып өнөр жолун тандап кетишкен окуучуларыбыз. Чыгармачылык борбор, мектептер менен иштешүүдө бир канча сынактарды жарыялап, жолдо жүрүүнүн эрежелери, кылмыштуулуктун алдын алуу, “Биз-жаркын келечек үчүн” ж.б.у. сыяктуу бир топ сынактарды уюштуруп мектеп жамааты менен окуучулардын ортосундагы байланышты бекемдеп, тарбия иретинде алгылыктуу жетишкендиктерди да жаратып келет. Борбордо билим алып жаткан окуучулардын ата-энелери менен да тыгыз байланышта болуу максатында, мугалимдер ата-энелер менен биргеликте да иш-чараларды уюштуруп, тарбияланып жаткан балдардын билимин ата-энесине көрсөтүп турушат. «Ариет»балдар чыгармачылык борборунда түзүлгөн бардык шарттар, мугалимдердин билим берүүсү менен катар, алардын иш алып баруусу үчүн жаратылган. Жаңы технологиялаштырылган заманга жараша билим берүүгө, бир топ мүмкүнчүлүктөр жаратылып, айрым ийримдер экрандан көрүү, онлайн сабактарын өтүүгө да шарттар каралган. Борбордун бир демдүү, көп тармактуу жамаатынын билим берүү сапаты мындан да жогорулай бермекчи. Анткени жаңы заманда тынымсыз изденүү, окуучуларга шык тартуулайт жана билим алууга кызыктырат.  Жыл аягында борбордун мугалимдери билим берген окуучуларынын 1жылдык билим тажрыйбасын сахнада отчеттук концерт берүү менен бышыктай алышат. Бул концерттин максаты, борбордо кошумча өнөр-билим алып жаткан окуучулардын келечек жолунда мекенге кызмат кылуу тилегин жана ата мекенди сүйүүсүн, эстетикалык көркөм ой жүгүртүүсүн байытуу.

Жалал-Абад шаарындагы «Ариет»балдар чыгармачылык борбору мындан ары дагы келечек ээлери болгон жаш таланттуу балдарга билим берүүдө өз иштерин жогорку деңгээлде уланта бермекчи.

Жалал-Абад шаардык

«Ариет»балдар чыгармачылык

борборунун директору  Ж.Т. Аманкулова

 

Бөлүшүү

Комментарийлер