МЕКТЕПТЕГИ ТАРБИЯ ҮЧ МАКСАТКА УМТУЛУШУ КЕРЕК

  • 18.07.2023
  • 0

Дүйнөдөгү жана өлкөдөгү  өзгөрүүлөр жаштардын бир бөлүгүндө адеп-ахлак жагынан таалим-тарбиясынын төмөндөшүнө алып келди.

МЕКТЕПТЕГИ ТАРБИЯ ҮЧ МАКСАТКА УМТУЛУШУ КЕРЕК

Бул тууралуу бүгүн, 18-июлда, Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясынын жыйынында сүйлөгөн сөзүндө өлкөнүн Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баса белгиледи.
— Мындай шарттарда Кыргызстанды демократиялык жактан өнүктүрүү максатында жалпы жарандык бирдейликти, өлкөнүн биримдигин, жалпы маданий көп түрдүүлүгүн сактоо үчүн  коомду жарандардын биргелешкен жоопкерчилигинин негизинде бириктирүү зарыл. Биринчиси, бул жерибиздин бүтүндүгү, экинчиси — элибиздин биримдиги, үчүнчүсү — салык төлөө, – деп айтты жыйында Акылбек Жапаров.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер