МЕКТЕПТЕ ОРУС КЛАСС АЧЫЛДЫ

  • 23.01.2019
  • 0

Ат-Башы районуна караштуу Ак-Жар айылындагы мектепте орус классы ачылды. Бул тууралуу Жаналы уулу Абдыракман атындагы орто мектебинин директору Гүлзат Эсенканова билдирди.

Маалым болгондой, 2018-2019-окуу жылы үчүн Ак-Жар айылынын мектебинде биринчи жолу орус классы ачылды. Себеби ал айылдагы окуучулар Ат-Башы айылындагы орус мектепке барып-келип, даярдоо классында окушчу. Айрым ата-энелер балдарынын жол кирелерин төлөөгө түтпөй кетишчү. Алар айыл өкмөткө бул маселе боюнча кайрылып, орус класс ачып берүүлөрүн суранышкан. Жыйынтыгында алардын суроолору жоопсуз калбай, балдары орус класста билим алып башташты. Жаңы ачылган класска 21 бала кабыл алынып, орусча билим алууда.

  • Жаналы уулу Абдыракман атындагы орто мектебинде 21 класс комплекти бар болчу. Үч жылдан бери айыл тургундарынын кайрылуусу менен айылдык кеңештин депутаттары чечим чыгарып беришти. Мектептин базасында орус класс ачылса деген кайрылуулардын негизинде райондук билим берүү бөлүмүнүн чечими менен орус класс ачтык. Быйылкы 2018-2019-окуу жылында 1 класс кабыл алынды. Айрым көп балалуу, аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдарын райондун борборундагы орус мектепке барууга жол кире төлөөгө акчалары жок болуп калат экен. Азыр 21 бала орус класста окуп атат. Ал эми кадр маселеси райондук билим берүү бөлүмү тарабынан чечилип, орус тилчи мугалим келди. Китепке быйыл айыл өкмөтү 35 миң сом бөлүп берди. Кийинки жылы да даярдоо классы ачылып, 1-класска окуучулар кабыл алынат, — деди ал.

Г.А., “КБ”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер