МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ ДАЯРДЫКТЫ КАНТИП КҮЧӨТӨБҮЗ?

  • 18.07.2023
  • 0

Алдыдагы бир айда өкмөттүк акселераторлор программасынын алкагында дагы 25 үй тибиндеги бала бакча ачылат. Анын ичинен 10 бала бакчаны ачууга Кытай элчилиги жардамдашса, 15 бала бакча бизнес коомчулугунун жардамы менен ачылмакчы. Бул тууралуу министр 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча кеңейтилген коллегияда билдирди.

Мындан тышкары, республика боюнча бир нөөмөттө окуткан мектептерде мектепке чейинки даярдоону күчөтүү жагы да каралууда. Тагыраак айтканда, республикадагы окуучулардын саны аз мектептерде мектеп жашына чейинки балдарды мектепке даярдоону уюштуруу колго алынат.

Эске сала кетсек, “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын “Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды кыскартуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу” долбоорунун алкагында үй тибиндеги бала бакчалар ачылып, 900 бөбөк үчүн орундар камсыздалган. “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында үй тибиндеги бала бакча ачуу менен жеке ишкерлик кылууну көздөгөн 1000 жарандан арыз келип түшкөн. 728 адам окутуудан өтүп, 553 адам сертификатка ээ болгон.

Акселераторлорду кеңейтүүгө элчиликтер да колдоо көрсөтүүдө. Алсак, Кытай элчилиги 10 бала бакча ачууга көмөктөшсө, Япония элчилигинин колдоосу менен 550 бала бакчанын башчысы окутуудан өттү.

А.К.

Бөлүшүү

Комментарийлер