МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ: ЧЕНЕМДИК КАРЖЫЛОО, ВАУЧЕР ЖАНА СОЦИАЛДЫК ЗАКАЗДЫН ИШКЕ АШЫРЫЛЫШЫ

  • 25.01.2023
  • 0

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асел Чынбаева, Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун директору Санжарбек Болотов, Эл аралык уюмдардын, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн жана министрликтин кызматкерлеринин катышуусунда “Мектепке чейинки билим берүүдөгү ченемдик каржылоо, ваучер жана социалдык заказдын ишке ашырылышы” аталышында тегерек стол өттү.

МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ: ЧЕНЕМДИК КАРЖЫЛОО, ВАУЧЕР ЖАНА СОЦИАЛДЫК ЗАКАЗДЫН ИШКЕ АШЫРЫЛЫШЫ

Тегерек столдо мектепке чейинки билим берүү уюмдарын ченемдик каржылоого өткөрүү боюнча жүргүзүлгөн пилоттук долбоорду баалоо, анын негизинде балдар бакчаларга барып жаткан ар бир балага стандартка ылайык керектелүүчү чыгашалардын эсебин аныктоо, рационалдуу каржылоо жана ваучердик механизмдер, мамлекеттик социалдык заказ боюнча талкуулар жүрдү.

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов мектепке чейинки билим берүү тармагын алдыга жылдыруу үчүн сунуштар менен бирге аталган тармак боюнча Улуттук программаны иштеп чыгуу тапшырмасын берди.

Ошондой эле Байсалов жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчик балдар бакчаларын максаттуу колдоого алуу зарылдыгын белгилеп, мындай талкуулар улантылаарын билдирди.

Бөлүшүү

Комментарийлер