МЕКТЕПКЕ АГАЙЛАР КЕРЕК

  • 20.01.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов мектептердеги агайлардын санын көбөйтүүгө чакырык таштап, “Мектептер агайларга муктаж” акциясын баштады.

МЕКТЕПКЕ АГАЙЛАР КЕРЕК

Окуучулар үчүн мугалим гана эмес, сыйлуу, урматтуу инсан катары кабылданган, жогорку статусту алып жүргөн эркек мугалимдердин  саны жылдан-жылга азайып бара жатканынан улам министр ушундай акцияны баштады.  Эркек мугалимдердин аздыгы – тарбия иштерин жүргүзүүдө кандайдыр бир деңгээлде жетишпестиктерге алып келиши ыктымал. Мындан улам, агайларды мектепке тартуу, мектептер агайлардын үнүнө муктаж экендигин билдирүү менен мугалимдик кесиптин улуулугун даңазалоо башкы максат болуп саналат. Акциянын алкагында, азыркы учурда мектептерде эмгектенип жаткан агайлар коомчулукка тааныштырылып, мугалимдик — сыйлуу кесип экендиги белгиленет. Шарт боюнча катышуучулар өзүнүн мектебинде иштеген агай тууралуу ролик тартып, аны Фейсбук жана Инстаграммдагы баракча аркылуу “Мектеп агайларга муктаж жана биздин агай” хэштеги менен Билим берүү жана илим министрлигин белгилеп, 23-февралга чейин жарыялоо кажет.

МУГАЛИМДЕРДИН 15 пайызын ГАНА АГАЙЛАР ТҮЗӨТ

Статистиканы алып карасак, Кыргызстан боюнча жалпы мугалимдердин саны 96 миң 826 болсо, анын – 14 миң 858и агайлар. Ушул маалымат эле бүгүнкү күндө мектептер канчалык деңгээлде агайларга муктаж экенин айтып турат. Бирден же экиден гана эркек мугалим иштеген мектептер да бар. Мисалы, Талас районундагы Балбал айылынын Балбал орто мектебинде 19 мугалим болсо, анын экөө гана агай.

Эркек мугалимдердин мектепке келбей, келсе да кайрадан ишин таштап кетип жатышынын түрдүү себептери бар. Үч ай мурда Бактыбек Талайбеков кесиптештери менен болгон пикир келишпестиктен улам мектепти таштап кеткен. Ал “Мектептер эркек мугалимдерге муктаж” акциясын кубануу менен кабыл алды. Ал дагы бул акцияга катышууну каалайт. Бирок ал учурда мектепте эмес, Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинде балдарды коргоо жана үй-бүлөнү колдоо бөлүмүндө адис болуп эмгектенет. Ошентсе да кайра мектептеги мугалимдик кесибине кайтуу – анын изги тилектеринин бири. Анткени ал окуучуларга сабак берүүдөн ырахат алат. Директорлук кызматка билек түрө даярданып, тест тапшырып көрүүнү да максат кылат.

– Кыргыз улуттук университетинин Педагогикалык кадрларды даярдоо институтунда билим алгам. Кесибим боюнча физика, математика мугалимимин. Өзүм туулуп-өскөн Ысык-Ата районундагы
К.Жакыпов атындагы орто мектебинде 11-классты бүткөндөн тартып эле иштеп баштагам. Үч тараптуу келишимдин негизинде окуп, беш жыл мектепте иштеп жүрүп жогорку окуу жайды бүтүрдүм. Тилекке каршы, жамаат менен келише албай чыгып кеттим. Негизи менин стихиям — мугалимдик. Азыркы ишимде бир гана сабак өтпөгөнүм болбосо, баары балага байланыштуу, — дейт
Бактыбек.

МЕКТЕПКЕ КАЙТА БАШТАДЫ

Лейлек районунун Бешкент айылындагы Келечек орто мектебинин директору Айдосова Асылкандын айтымында, эмгек акы көтөрүлгөндөн баштап, жаштар арасынан мугалимдик кесипке кызыккан жигиттер көбөйө баштаса, буга чейин мектепти таштап кеткен агайлар да кайтып келүүдө.

– Биздин мектепте 72 мугалим эмгектенет, анын он беши эркек. Бул биздин мугалимдер жамаатынын 21 пайызын түзөт. Министрибиз көтөргөн акцияны колдойбуз. Себеби, бала тарбиясында, айрыкча, эркек балдарды тарбиялоодо агайлардын ролу чоң. Менимче, жалаң аялдардан турган жамаатта тарбияланган эркек балдардын мүнөзү бизге окшоп жумшак болуп калат, — дейт жетекчи.

АГАЙЛАР АГАЙЛАРДЫ ЧАКЫРАТ

Ошол эле учурда бул кесипти сүйүп, жан дили менен берилген, түйшүгүнө чыдап, жоопкерчилигин сезип иштеп келе жаткан жаш адистер да жок эмес. Алардын бири – И.Арабаев атындагы КМУнун тарых факультетинин бүтүрүүчүсү Курманбек Айдаров. Ал учурда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин магистранты. Жогорку окуу жайда окуп жүргөн кезинде мугалимдик кесипти анчейин деле жактырган эмес. Кийин экинчи курстан баштап мектептерге практикага чыгып баштаганда окуучуларды, мектептин атмосферасын көргөндөн кийин, кесипке кызыгуусу ойгоно баштаган. Ошол кездеги мугалимге төлөнгөн эмгек акы аны канааттандырбай, башка кесипти тандоого аргасыз болгон. Бирок көп өтпөй кайра эле мугалимдикке кайткан. Азыркы тапта Бишкек шаарындагы №94 орто мектепте иштеп жатат.

– Университетти бүтүп дароо эле мектепке жумушка киргеним жок. Ачыгын айтканда, эмгек акынын аздыгынан улам иштегим келген эмес. Ошентип бир жыл жеке иштерим менен жүрдүм. Ал жумушум да болбой, мектепке келдим. Ал кезде эмгек акы аз болчу. Жада калса бир айлык чыгымдарыма да жетпей калчу. А жумуштун болсо түйшүгү көп. Бирок окуучуларымдын мага болгон ишеними, таза ойлору, окуучулардын “Агай” деп ишенимдүү айтканын угуп, жогоруда айтылган түйшүктүн баарын унутуп койдум. Мугалим менен окуучунун ортосунда сүйүү болот. Аны мугалим болуп иштеп көргөн адам гана түшүнөт. Окуучу эки себептен предметти жакшы окуйт. Биринчиси, предметке кызыгат, экинчиси, ошол предметтен сабак берген мугалимди жакшы көргөндүгү үчүн окуйт. Мектеп окуучуларына агайлардын сабагы өзгөчө таасир берет. Жеке тажрыйбамдан айтсам, окуучулар агайларды өз атасындай көрөт. Тилекке каршы, маянанын аздыгынан агайлар мектепке келе албайт. Бирок адам баласына канча акча тапса да жетпейт, канча тапкан сайын, дагы тапсам экен дейт. Ошондуктан агайларды мектепке келип иштөөгө чакырат элем. Агайлар, сиздерди оюнда кири жок, аруу,  сүйкүмдүү окуучулар күтүп жатат!, — деп жаш мугалим агайларды мектепке чакырды.

АГАЙЛАРДЫН МҮНӨЗҮ ДА ТАРБИЯЛАЙТ

Агартуу тармагында “Агай” деген улуу атты бекем карманып келген, бул тармакка опол тоодой эмгеги сиңген Бектур Исаков, Советбек Байгазиев, Сулайман Рысбаев, Гапыр Мадаминов, Тайыр Ашырбай өңдүү агайларыбыздын атын атап өтпөсөк болбойт. Булар дагы министрлик баштаган акциянын колдоочулары. Педагогикалык тажрыйбасы мол, педагогика илимдеринин доктору Сулайман Рысбаев агайлардын орду тууралуу төмөндөгүлөрдү айтып берди:

– Мектепте билим берүүдө аял мугалимби же эркекпи баары бирдей. Себеби ал жерде билим берилет, билимдердин негиздери үйрөтүлөт. Тарбия маселесине келгенде айырмасы болот. Бирок ошол эле учурда экөөнүн тең орду бар. Себеби, балага мээримдүү мамиле керек, ошол эле учурда бекем мүнөздөрдү калыптандыруу да зарыл.

Биз бала кезде мектепте башталгыч класстарда гана эжейлер болбосо, жогорку класстарда агайлар көбүрөөк болор эле. Агайлардын эркекче мүнөзү, бекемдиги бизге таасир берчү. “Бекем болгула, силер кыз эмессиңер, минтсенер кантип оокат кыласыңар, кантип малыңарды багасыңар” деп бизди эркекче мүнөзгө тарбиялачу. Эгемендүүлүк мезгилинен бери эркектер мектепке көп байырлабай, саны бир топ азайды. Айрым мектептерде дене тарбия, аскердик даярдык сабагынан берген мугалим же күзөтчү эле эркек болбосо, жалаң эжейлерден турган жамааттар да бар. Тилекке каршы, азыр балдарда “Мекенди коргойм”, “Элиме кызмат кылам!” деген сапаттар азыраак. Кээ бир дене тарбиячы мугалимдер балдардын бекемдигинин, чыдамкайлыгынын жоктугун, жалакайлыгын, жалкоолугун, колунан көп нерсе келбегендигин айтып калышат. Ошондуктан азыр мектепте агайлардын орду чоң болууда. Өзүм деле бала кезимде агайларымдан чоң тарбия алгам. Ошол себептен өз убагында акцияны колдоо керек.

Кыздарга дагы эркек мугалимдердин тарбиясы зарыл. Анткени алар да аталарынын сөзүн, мүнөзүн, камкордугун жактырат. Аталар кыздар үчүн аска-зоодой бекем. Ошондуктан эркек балагабы, кыз балагабы эркек мугалимдин улуулук, атуулдук, аталык камкордугу керек.

Айгерим Токтобаева «КУТ БИЛИМ» 

Бөлүшүү

Комментарийлер