«МЕКТЕП ЫРДАСА, ЭЛ ЫРДАЙТ»

  • 06.06.2019
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук «Сейтек» борбору менен бирдикте Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында КР Композиторлор союзунун 80 жылдыгына карата биринчи жолу Республикалык балдар хорун уюштурду. Ага Бишкек, Токмок шаарларынын жана Чүй облусунун мектептеринин окуучулары катышты. Сынактын максаты —  балдар арасында кыргыз композиторлорунун ырларын жайылтууну, достук мамиледе  баарлашууну, балдар хорун жандандырып, ынтымакты, достукту даңазалоону көздөдү. Сынактын жыйынтыгында гран-прини Бишкек шаарындагы Т.Сатылганов атындагы №69 ОТКнын окуучулары жеңип алып, баалуу сыйлык, атайын статуэтка жана диплом менен сыйланды. 1-орунга Токмок шаарындагы А.С.Пушкин атындагы №1 мектеп-гимназиянын окуучулары чыгышса, 2-орунга борбор калаадагы №71 орто мектеби жана 3-орунду Чүй облустук мектеп-гимназиясынын окуучулары багындырышты. Бардыгы тең баалуу сыйлык, диплом менен сыйланышты. Ошондой эле калган катышуучулар дагы кур кетишкен жок, аларга уюштуруучулар кызыктыруучу сыйлыктарды тапшырышты. Анда эмесе, сөздү композиторлорго, хормейстрге, музыка сынчыларына берели.

«МЕКТЕП ЫРДАСА, ЭЛ ЫРДАЙТ»

Тимур Саламатов, композитор, музыка сынчысы, маданияттын эмгек сиңирген ишмери:

— Хор өнөрүнө көп жылдан бери көңүл бурулбай калган. Советтик мезгилде майрамдарда миң деген кишилер үч-төрт үн менен стадиондо ырдачу. Хору жок бир дагы жогорку окуу жайы, мекеме-ишканалар болгон эмес. Мисалы, Ленин, Фрунзе заводдорунда,  комволдук фабрикада, бардык жождордо, мектептерде эмне деген хорлор болгон. Анткени партиянын идеологиясы ошондой болчу. Хор — музыканын өнүккөнүн билдирген  өнөр, жалпы эл музыка менен кантип алектенерин билдирген көрсөткүч. СССР талкалангандан кийин бул өнөр токтоп калды. Хор өнөрү — элди музыкага, ынтымакка үндөгөнгө  чоң роль ойнойт. Илгери 9-майда жоокерлер кандай сонун хор ырдашчу. Азыр анын бири дагы жок. «Сейтек» борборунда, анын жетекчилиги алдында уюшулган сынактын келечеги кенен. Сынак — балдарды музыкага тартуунун жана жамаатты жакшы жакка үндөгөндүн бирден бир ыкмасы. 2-3-класстын окуучулары катышып жатканы бизди кубандырат. Эстетикалык жактан тарбия берүү дагы жолго коюлганы көрүнүп турат. Балдар баары бирдей костюм кийип келишиптир.  Бул көркөмдүккө, кооздукка, жакшылыкка тарбиялайт. Бул жакшы жышан. Хор өнөрү бир топ убакытка тынып калган үчүн, балдар бир үн менен гана ырдашты. Ал эми хордун эрежеси боюнча жок дегенде эки үн менен ырдаш керек. Бул сынакты системага айлантып, эки жылда бир жолу өткөрүп турсак, хор өнүгө баштайт.

«МЕКТЕП ЫРДАСА, ЭЛ ЫРДАЙТ»

Калдыбек Нурматов, Б.Бейшеналиева атындагы Искусство жана маданият университетинин хор дирижерлук кафедрасынын башчысы, хормейстер-дирижер:

— Билим берүү жана илим министрлигинин демилгеси менен өткөн сынак мактоого арзыйт.  Балдарды колдоп, демилге көтөргөн министрликке ыраазычылык билдиребиз. Союз тарагандан кийин идеология өзгөрдү. Жаштардын келечегине, эстетикалык жактан өнүшүнө эч кандай көңүл бурулбай калды. Музыкадан сырткары хордо адабий текст, анын мааниси бар. Балдар жалпы ырдап койгону менен өз жүрөгүнөн чыккан эмоцияларды кармап алышкан жок. Тескерисинче, кол чаап, бийлеп, кыймыл-аракет менен ырдашты. Бул эстетикалык тарбия. Балдар ырдоо менен бирге ар бир акындын. композитордун чыгармаларын сиңирип жатышат. Акыркы 20 жылдан бери каралбай калган хор өнөрүн жандандыруу — жакшы жөрөлгө.

«МЕКТЕП ЫРДАСА, ЭЛ ЫРДАЙТ»

Кулмира Кулжабаева, Кыргыз радиосунун музыкалык редактору:

— Бул сынак композиторлор, хормейстрлер үчүн чоң ыр майрамы болду.  Балдарга  чыгармалар жазылбай да, ырдалбай да калган. Маселен, ушул сынактын катышуучулары илгерки авторлордун же элдик ырларды аткарышты.  Жаңы чыгармалар дээрлик жок экен. Хор — массалык искусство. Ал балдарды кичинесинен баштап  бир чоң чыгармачылыкка тарбиялайт. Алардын жасаган иштерин чыгармачылык менен кароого үндөйт.  балдар үчүн эстетикалык жактан таасири зор. Хор искусствосунун таасири абдан күчтүү. Кийинки фестивалга, сынакка жаңы чыгармаларын  композиторлор беришсе дейм. Хор фестивалына кесипкөй хормейстрлер дагы аралашса деген сунушум бар. Ошондо хор искусствосу өсөт эле.

«МЕКТЕП ЫРДАСА, ЭЛ ЫРДАЙТ»

Любовь Петровна Бруг,  доцент:

— Хор искусствосу — байыркы искусство. Хор аркылуу көптөгөн балдар искусствого, эстетикага тартылат эле. Ушул сынакты уюштуруп жаткан «Сейтек» борборунун жетекчилигине таазим кылабыз. Анткени келечек муундун өнүгүшүнө чоң салым кошуп келатышат. «Сейтекте» дайыма ар кандай сынак, концерт, фестиваль, көргөзмө ж.б.у.с. өтүп турат. Бул жакшы жышаан. Бул жолку сынак КР Композиторлор союзунун 80 жылдыгына арналды. Сынакта кыргыз композиторлорунун ырлары жаңырды. Мени кубантканы, бир эле шаарда эмес, айыл жеринде дагы хор бар экен. Алар өз дареметтерине жараша бир үн менен ырдашты. Албетте, сынактын критерийлерине карата бааладык. Маселен, балдардын саны, жанрлардын түрү, хордун сапаты, хормейстрдин педагогикалык жана аткаруучулук чебердиги эске алынды.

«МЕКТЕП ЫРДАСА, ЭЛ ЫРДАЙТ»

Турдубек Чокиев, КР Композиторлор союзунун төрагасы:

— Мен белгилеп кетким келет, бул сынакты Маданият жана маалымат министрлиги эмес, Билим берүү жана илим министрлиги колдоп, уюштуруп берди. Баарыбыздан атыбыздан министрликке, «Сейтек» борборуна терең ыраазычылык билдиребиз.

15-16-кылымдарда чиркөөлөрдө хор ырдалчу. Советтик доордо ал күчүнө кирген эле. Ыйманды, жакшылыкты чакыруу үчүн хор чоң ролду ойнойт. Жүз киши чыгып, «Кыргызстаным» деп ырдаса, ошонун үнү Кудайга жетет.  Сынак биринчи жолу өтүп жаткандан кийин, көп эле кемчиликтер болду. Ошентсе дагы бул жолу жөлөп-таяп дем бердик. Менимче, Жобосун тагыраак иштеп чыгып, 2-3 үн менен ырдаш керек деген талаптарды коюу керек. Бир эле жанр эмес, ар кандай болсо деп ойлойм.

Гүлмира Эсенгулова, «Ак шоола» балдар хорунун жетекчиси:

— Союз урагандан кийинки биринчи жолу хор сынагы өттү. Жаңы эгемендик Кыргызстанда биринчи жолу «дудук» балдар ырдаган балдарга айланды.  Мектептердин баары «дудук». Азыр эч ким ырдабай калган. Бул сынактын Жобосун иштеп чыгып, бардык райондорго жөнөттүк. Тилекке каршы, жандуу үн менен ырдайсыңар деген талапты уккандан кийин көпчүлүктөрү артка чегиништи. Ошондуктан Бишкек жана Токмок шаарлары менен Чүй облусунун айрым мектептери катышты. Эмдиги жылы Ысык-Көлдө өткөрөлү деген сунуш бар. Хор деген балдарды достоштурат.

Ира Балтабаева, «Сейтек» борборунун директорунун орун басары:

— Республика боюнча кандай жана канча ийрим бар экен деген маалыматты чогулткам. Ошондо мектептерде хор ийрими жокко эсе болуп чыкты. Болгону Чүй боорунда жана борбор калаадагы мектептерде бар экен.  Ошондо Гүлмира Эсенгулова менен сүйлөшүп, сынактын Жобосун иштеп чыгып, министрликке көрсөтүп, алардын макулдугун алдык. Сынакты өткөрүү үчүн министрлик 200 миң сом бөлүп беришти. Биздин максатыбыз — балдарды музыкага тартуу, кыргыз композиторлору  менен тааныштыруу, мамиле түзүүнү үйрөтүү, достоштуруу. Быйыл сынак катары уюштурдук, эмдиги жылы буюрса, көлдүн жээгинде фестиваль уюштуралы деп жатабыз.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер