МЕКТЕП АШПОЗЧУЛАРЫ АРАСЫНДАГЫ СЫНАКТЫН ФИНАЛДЫК ТУРУ ӨТӨТ

  • 19.11.2020
  • 0

Мектеп ашпозчулары арасында уюштурулган сынактын финалга өткөн катышуучулары “2020-жылдын мыкты мектеп ашпозчусу” наамы үчүн ат салышат. Сынак 20-ноябрда саат 10:30да онлайн режимде өтөт. Сынакты онлайн режимде көрүү шилтемеси: https://youtu.be/ZZdsA2wFj0o

Билим берүү жана илим министрлиги, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП) жана Тамак-аш өнөр жай институту тарабынан Кыргызстандын бардык аймактарынан келген мектеп ашпозчулары арасында сынак уюштурулган. Бардык коопсуздук чараларын эске алуу менен мектеп ашпозчулары өздөрүнүн ашпозчулук жөндөмдөрүн көрсөтүп, Кыргызстандагы эң мыкты мектеп ашпозчусу наамына ат салышат.

Сынак өткөн жылдын ноябрь айында башталып, бир нече этапта өткөрүлгөн:
1) Тандоо — каалаган мектеп ашпозчулары өз кесибине кантип келгендиги жөнүндө баяндарды жазып жөнөтүшкөн;
2) Аймактык — эң уникалдуу жана кызыктуу окуялардын 35 автору, мектептин менюсу үчүн жаңы тамактын рецептин  ойлоп табышкан;
3) Финал — эң оригиналдуу рецепттердин 5 автору финалга чыккан.

Буга окшогон сынактар мектептерде балдардын тамактануусу үчүн талыкпай эмгектенген мектеп ашпозчуларынын эмгегин баалоо болуп эсептелет. Ошондой эле ашпозчуларга мектептеги тамактын тизмесин түзүүдө, даярдоодо жана тейлөөдө өз чеберчилигин көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүп, кесиптик өсүшүнө жол ачат.

Бул сынак улуттук мектеп тамак-аш программасынын маанилүү аспектиси болуп саналат. Программанын алкагында өлкөнүн 700дөн ашуун мектептеринде башталгыч класстын 200 000ге жакын окуучусу сапаттуу жана аш болумдуу ысык тамак менен камсыз кылынат.

КР БИМдин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер