МЕКТЕП АЛДЫНДАГЫ ЭС АЛУУ ЛАГЕРИ

  • 19.06.2019
  • 0

Бишкек шаарындагы 37 мектепте балдардын жайкы эс алуу лагери уюштурулду. 3-июндан 28-июнга чейин 3625 бала эс алып жатат. Бишкек шаардык мэриядан 3 млн. 960 миң сом балдардын тамак-ашына бөлүнсө, 693 800 сом кызматкерлердин айлыгына бөлүнгөн.

МЕКТЕП АЛДЫНДАГЫ ЭС АЛУУ ЛАГЕРИ

Бишкек шаардык билим берүу башкармалыгынын башкы адиси Г.Турдубаеванын берген маалыматына таянсак, балдардын эс алуусу эртең мененки саат 8.00 – 14.00 чейин жүргүзүлүүдө.

  • Ар бир балага күнүгө 44 сом бөлүнгөн. Ага балдар эки маал тамактанышат. Мектеп алдында уюштурулган лагерлерде 68 ийрим  иштеп жатат. “Кыргызстан” балдар шаардык окуучулардын чыгармачылык борборунан алты ийрим, “Жаш техниктер” станциясынан — 22, Ленин райондук балдар чыгармачылык борборунан — 6, 1-Май районунан — 5, Свердлов районунан  — 12 жана Октябрь районунан 17 ийрим өз иштерин алып барышууда. Жайкы мезгилде балдар чыгармачылык борборлорунда 353 ийрим иштеп, алар 14 миңден ашык баланы камтыйт, — дейт башкы адис.
  • МЕКТЕП АЛДЫНДАГЫ ЭС АЛУУ ЛАГЕРИ
  • МЕКТЕП АЛДЫНДАГЫ ЭС АЛУУ ЛАГЕРИ

Жайкы эс алуу лагерлери көбүнчө шаардын четинде жайгашкан жаңы конуштагы мектептерде уюштурулду. Ага аз камсыз болгон, көп үй-бүлөнүн балдары камтылды. Ата-энелердин кайрылуусу дагы эске алынган.

МЕКТЕП АЛДЫНДАГЫ ЭС АЛУУ ЛАГЕРИ

  • Жайкы лагерде мыкты окуган, ар кандай коомдук иштерге активдүү катышкан балдар дагы камтылды. Бир жумада беш күн эс алышат. Мектептеги иш-чаралардан сырткары балдарды паркка алып баруу каралган. Ошондой эле акимиаттын чечими менен жеке бассейндерге балдарды кезеги менен алып барабыз. Мектеп ичинде мурдагы жылдары балдар төшөнчүлөрүн алып келип, түштө бир маал укташчу. Быйыл түшкө чейин эле уюштурдук, анткени төшөк алып келүү ыңгайсыздыкты жаратат экен, – дейт  Гузель Турдубаева.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер