МЭЭНЕТИ КҮЧ, СЫЙМЫГЫ ЗОР КЛАСС ЖЕТЕКЧИ

  • 30.01.2020
  • 0
МЭЭНЕТИ КҮЧ, СЫЙМЫГЫ ЗОР КЛАСС ЖЕТЕКЧИ

Мугалимдердин бир даары класс жетекчиликтен жаа боюу качышат. Анткен менен түйшүгү түмөн, бирок алган акчасы жарыбаган класс жетекчиликтин да өзүнө жараша сый-урматы, басып өткөн  жолу бар экенин биле жүргөнүбүз оң.

МЭЭНЕТИ КҮЧ, СЫЙМЫГЫ ЗОР КЛАСС ЖЕТЕКЧИ

Илгери бир укканымды айтайын. Мурунку окуткан окуучуларынан сый көрүп кайтышкан ардагер мугалимдер окуучуларына ыраазы болушуп: “Мына айылда канча актив бар. Буларды бирөө мектепке чакырдыбы? Бизди болсо жыл сайын“Агай, эжей, берген тарбияңызга рахмат!  Көп жашаңыз!” деп сыйлашат.  Башыбызга калпак кийгизип, белек-бекчегин аяшпайт. Мугалимдик кесиптен айланса болот!” дешкен экен.

Чындыгында эле класс жетекчинин союз доорунда элде аброю зор болчу. Тилекке каршы, бара-бара класс жетекчиликтин коомдогу кадыр-баркы бир кыйла түшүп кетти.

Деги класс жетекчи деген ким?  Википедияны ачсаңыз: ” Класс жетекчи – жалпы билим берүүчү орто мектептерде окуучулар коллективинин класстагы жана класстан тышкаркы окуу-тарбия иштерин уюштуруу үчүн тажрыйбалуу мугалимдердин ичинен тандалган мугалим. Орто мектептердин башталгыч класстарында класс жетекчи милдетин бул класстарды жетектөөчү мугалим өзү аткарат. Класс жетекчи мектеп директору тарабынан дайындалат” деп жазылганын көрөсүз.

Тарыхка кайрылсак, ар бир коом өз тарбиячыларына муктаж болгонун билебиз. Өзгөчө союз доорунда класс жетекчилик институту  совет жаштарын коммунисттик духта тарбиялоодо бараандуу эмгек өтөгөн. 1934-жылы 16-майда большевиктер партиясынын Борбордук Комитети  “СССРдеги башталгыч жана орто мектептердин түзүлүшү” деген атайын  токтомун кабыл алат. Ушул тарыхый документке ылайык  мектептерде  “класс жетекчи” кызматы киргизилип, мектеп директорлору тажрыйбалуу педагогдордун арасынан “окуу топторуна – класстарга” класс жетекчилерди дайындай башташат.

1947-жылы РСФСР Агартуу министрлиги класс жетекчилик тууралуу жаңы жобону кабыл алат. Андан көп өтпөй, педагогика багытында билим алган студенттер үчүн Н.И.Болдыревдин редакциясынын астында “Класс жетекчи” деген окуу китеби жарык көрөт.  Ушундан тарта болочок педагогдор класс жетекчилик иштин мазмуну, багыттары менен астейдил таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Айрым илимпоздордун изилдөөлөрүнө караганда класс жетекчилик институтунун түптөлүш тарыхы өтө терең. Мисалы, Бишкек мамлекеттик университетинин педагогика кафедрасынын окутуучусу Апал Качиева класс жетекчилик иштин калыптанышынын үч этабын: 1) совет дооруна чейинки (1864 — 1917-ж.ж), 2) союз убагындагы (1917 – 1991-ж.ж), 3) союздан кийинки (1991-жылдан азыркы күнгө чейин) бөлүп көрсөтөт. Ошол эле учурда изилдөөчү класс жетекчилик институту азыркы мектептерде толук кандуу иштебей жатканын белгилейт.

-Тажрыйба көрсөткөндөй, республикабызда класс жетекчинин аткарган иштеринин максаты, мазмуну, принциптери, каражаттары, түрлөрү жана методдору так жана ачык болбой, чыгармачыл күч менен ишин алып барган педагогдордун саны азаюуда. Бизде класс жетекчинин ишинин салттуу формасы басымдуулук кылат. Ошондуктан азыркы мектепте класс жетекчилик милдетти аткарган педагогдорго психологиялык, методикалык жана материалдык жактан жардам керек, -дейт Апал Ешенбековна.

Республикабыздын мектептеринде класс жетекчилик иштин солгундап кетишине эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарындагы: “Билим берүү – мектептин иши, тарбия берүү – ата-эненин милдети” деген калпыс түшүнүк өзүнүн терс таасирин тийгизди. Буга албетте, жаңы шарттарда эмгектенген класс жетекчинин ишине жол көрсөтө алган окуу куралдарынын жоктугу кошумча болду.

Тарбиячыларга сунушталган акыркы мультисабактардын бирине кайрылып көрөлү. Автор Кундуз Арапова педагог класс жетекчиликти алып баруудан мурун класс жетекчинин кызматтык нускамасы менен, ошондой эле класстагы ар бир окуучу жана алардын ата-энелери менен сырттан болсо да таанышууга тийиш, буга кошумча анын жылдык, чейректик, айлык жана жумалык иш-планы болушу керек деп эсептейт.

Мультисабакта иш-планда аткарылчу иштин мазмуну, ресурстар жана күтүлүүчү натыйжалар көрсөтүлгөн.  Мында ата-энелер менен иштөө, өзгөчө  кырдаалдар мезгилинде аткарылчу иш-аракеттер, алгачкы медициналык жардам көрсөтүү жана жугуштуу оорулардын алдын алуу иштери, кыздар, уландар кеңештеринин иш-пландары, кылмыштуулукту жана укук бузуучулукту алдын-алуу боюнча иштер өз-өзүнчө берилген.

МЭЭНЕТИ КҮЧ, СЫЙМЫГЫ ЗОР КЛАСС ЖЕТЕКЧИ

Теориядан практикага келсек. Ош шаарындагы “Жетиген” мектебинин азыркы ийгиликтеринин көбү мектеп түптөлгөн эң алгачкы күндөн тарта  класс жетекчилик ишти кынтыксыз жүргүзүүдөн  улам жаралганын байкоого болот.

— Күн сайын жок дегенде беш-алты ата-эне келип жаңжал чыгарып, өз талабын таңуулап, мугалимди акаарат кылып, баласына болушуп, мектепти сындап кеткен учурлар болду. Айрымдары сүйлөшүүгө келсе, башкалары тоң моюндугун көрсөтүштү. Түшүнүктүү ата-энелер да арбын эле. Ошол себептен менин эң негизги максаттарымдын бири ата-энелерди мектеп турмушуна тартуу болчу. Бул максатты аздыр-көптүр аткарып, ийгиликке жетише алдык , — деп эскерет “Жетиген” мектебинин директору, жакында эле педагогика жаатында илим доктору диссертациясын ийгиликтүү коргогон нукура педагог Кыялбек Акматов.

МЭЭНЕТИ КҮЧ, СЫЙМЫГЫ ЗОР КЛАСС ЖЕТЕКЧИ

“Жетиген” мектебинде бул багытта аткарылган иштер чындыгында колго аларлык экен. Мектеп  менен ата-энелер ортосундагы  мамилени кызматташтык нугуна буруу максатында жыл сайын мектепте апрель айында “Ата-энелер айы”  жарыяланып, иш-чаранын алкагында класс жетекчилер классындагы ар бир окуучусунун үйүнө барып, үй-бүлөнүн, окуучунун ал-абалы менен жакындан таанышып келишет.

Мугалимдин келип кабар алганына ата-эне, окуучу жетине албай сыр бөлүшсө, айрымдары жаа бою качып, эшикти ичинен бекитип алгандары да болот. Канткен менен мектеп жамааты жакшы натыйжага жетишип, баланы жакындан таанып, инсан катары калыптанышына салым кошууга жеңилдиктер  түзүлөт.

— Жаңы мектепте класс жетекчилик институтту күчөттүк. Негизинен класс жетекчилик ар бир мектепте бар. Айрым педагогдор аны мугалимдигине кошулган коомдук кызмат катары эсептешсе, көпчүлүгү мамлекет тарабынан бөлүнгөн төрт жүз сомдун аз экенин, жумуштун, жоопкерчиликтин көп экенин айтып келишет.  Мына ушуну эске алып, эң алгач класс жетекчинин эмгек акысын мектептин өздүк эсебинен ата-энелердин колдоосу менен көбөйтүп, күн бою класс менен иштөөсүн камсыздап, предмети боюнча саат жүктөмүн сегиз сааттан ашырган жокпуз, — дейт аткарылган иштерге баа берип Кыялбек Акматов.

Ошентип, жаңы мектепте класс жетекчилер бош убактысында предметтик сабактарга катышып, ар бир окуучунун билимине, жүрүм-турумуна байкоо жүргүзүшөт. Мындайча айтканда, класс жетекчилер предметтик мугалим менен окуучунун ортосунда көпүрө болушат. Жетишпеген сабактарынан ийримдерди уюштурушуп, классты мектептин коомдук иштерине тартып, балдардын окуудагы, класстан тышкаркы иштердеги ийгиликтерин ата-энелерине кабардар кылып турушат.

МЭЭНЕТИ КҮЧ, СЫЙМЫГЫ ЗОР КЛАСС ЖЕТЕКЧИ

-Бизде класс жетекчилер тарбиялык, класстык сааттарды байма-бай өткөрүп турушат. Күн сайын эртең менен сабакка чейинки “Айлана сабагы” уюштурулат. Мында балдар-кыздар класс жетекчиси менен тегерете туруп, бир тема боюнча өз ойлорун тартынбай ортого салууга үйрөнүшөт. Класс жетекчилер ар бир баланын күнүмкү алган бааларынын электрондук журналга түшүүсүнө көз салып, электрондук күндөлүк аркылуу ата-энелерге кабарлайт, — деп өз тажрыйбасы менен бөлүшөт алдыңкы директор.

Албетте, мектептеги жетишилген ийгиликтер бир күндүк иштин үзүрү эмес.  Бул “Жетиген” мектебинде ата-энелер менен жүргүзүлгөн иштердин тематикасынан даана байкалат.  “ Баласы 4-класска барган эне эмнени билиши керек?”, “Башталгыч класстарда окуган окуучулардын бош убактысын уюштуруу”, “Сыналгы жардамчыбы же душманбы?”, “Баланын курдаштары менен болгон мамилеси”, “Башталгыч класстын окуучусу менен чоңдордун диалогу окуучунун дүйнө таанымын кеңейтет”, “Балдардын окуудагы өз алдынчалуулугун өнүктүрүү” деген темаларды окуп чыгып, алар  педагогдон мыкты билимди, даярдыкты талап кыларына ишенесиз.  “Жетиген” мектебинде болсо, ата-энелер үчүн семинарларды, спорттук жарыштарды, китеп окуу конкурстарын уюштуруу адатка айланган.

Сөзүбүздү жыйынтыктап жатып, эмне демекпиз? Нукура педагогдор гана мыкты тарбиячы, класс жетекчи боло алышат. Бирок бул ишти эч качан толгон-токой кагаз иштерине байлабоо керек.

А. Алибеков, “Кут Билим”

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер