МЕДИЦИНАЛЫК ЖОЖДОРДУ ПАКИСТАНДЫН “БОЗ ТИЗМЕСИНЕН” ЧЫГАРУУ БОЮНЧА КОМПЛЕКСТҮҮ ИШТЕР ЖҮРҮП ЖАТАТ

  • 12.11.2020
  • 0

Кыргыз Республикасынын медициналык окуу жайларын Пакистан Ислам Республикасы “боз тизмеге” киргизип, өзүнүн жарандарына ал ЖОЖдорго тапшырбоону сунуштаган. Бул жагдайды тез арада жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тиешелүү ЖОЖдор менен бирге “жол картасын” иштеп чыккан. Анын негизинде, учурда бир катар комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

Алар:

  • ЖОЖдор көрсөткөн билим берүү кызматтарынын сапатын баалоо;
  • материалдык-техникалык жана клиникалык-лабораториялык базанын болушун камсыздоо;
  • профессордук-окутуучулук курамдын окуу программаларынын талаптарына жооп беришин көзөмөлдөө;
  • көз карандысыз аккредитациянын болушу.

Ошондой эле, жакынкы убакта Кыргыз Республикасынын тиешелүү органдары менен чогуу пакистандык студенттердин Кыргыз Республикасында окуу жана жашоо шарттарын түзүү жана жакшыртуу боюнча комплекстүү иштер жасалат.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги дипломаттык каналдар аркылуу Пакистан медициналык кеңешине жана Пакистан Ислам Республикасынын Саламаттык сактоо боюнча Премьер-министринин атайын жардамчысына кайрылуу жолдогон. Анда пакистандык тараптын маселенин чечилүүсүнө көмөк көрстөтүп, мындай чечимдин кабыл алынуусуна түрткү болгон себептерди көрсөткөн толук маалымат берүүсү тууралуу жазылган. Кайрылууда ЖОЖдорго индивидуалдуу мамиле кылбай баарын тизмеге киргизүү адилетсиз экени айтылган. Пакистан тараптан ар бир ЖОЖго өзүнчө реалдуу баа берүү максатында Пакистан медициналык кеңешинин жана башка тийиштүү түзүмдөрдүн мүчөлөрүнөн куралган эксперттик комиссия түзүп, жакын арада Кыргыз Республикасына жөнөтүү суранычы дагы бул кайрылууда көрсөтүлдү. Муну менен катар, Билим берүү министрлиги Кыргыз Республикасынын медициналык ЖОЖдору “боз тизмеде” болгонун эске алып, Медициналык билим берүү боюнча бүткүл дүйнөлүк федерациясынын (WFME) реестрине кирген көз карандысыз аккредитациялык агенттиктерден өткөн айрым медициналык ЖОЖдорду Пакистан Ислам Республикасынан эксперттик комиссия келгенге чейин тизмеден чыгаруу маселесин кайра карап чыгуу жөндүү экенин билдирди.

КР БИМдин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер