МЕДАКАДЕМИЯНЫН РЕКТОРУ ИНДИРА КУДАЙБЕРГЕНОВА «КЫРГЫЗ ТИЛИ» ТӨШ БЕЛГИСИ МЕНЕН СЫЙЛАНДЫ

  • 30.01.2019
  • 0

И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик медициналык академиясынын ректору, медицина илимдеринин доктору, профессор Индира Кудайбергенова Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын “Кыргыз тили” төш белгиси менен сыйланды.

Береги сыйлык ЖОЖдун жетекчисине  мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн ыйгарылды.

Атап айтканда, Индира Орозобаевнанын демилгеси менен КММАда  кыргыз тили кафедрасы уюштурулуп, ийгиликтүү иштеп жатат. Медакадемиядан башка филологиялык багыттагы адистерди даярдабаган жогорку окуу жайларында мындай өз алдынча кафедралар азырынча жок. КММА бул жагынан туңгуч саамалык жасады.

Андан тышкары, мындан бир нече жылдар мурда, агезде ректордун милдетин убактылуу аткарып жүргөн Индира Орозобаевнанын буйругуна ылайык Медакадемияда мамлекеттик тилди өнуктүрүу боюча атайын сектор ачылган. Ал сектор бүгүнкү күнгө дейре жемиштүү иштеп келе жатат.

Азыркы учурда КММАда иш кагаздарын кыргыз жана орус тилдеринде тең жүргүзүү колго алынган. Ошондой эле болочок дарыгерлерге кыргыз тилинде толук кандуу билим берүү боюнча да астейдил аракеттер көрүлүүдө.

КММАнын басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер