МЕДАКАДЕМИЯ ЖУРНАЛИСТТЕР МЕНЕН АВТОРЛОРГО КОНКУРС ЖАРЫЯЛАДЫ

  • 30.01.2019
  • 0

И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик медициналык академиясынын ректораты жогорку окуу жайынын 80 жылдык маарекесине байланыштуу журналисттер менен авторлор үчүн конкурс жарыялады.

МЕДАКАДЕМИЯ ЖУРНАЛИСТТЕР  МЕНЕН АВТОРЛОРГО КОНКУРС ЖАРЫЯЛАДЫ

Конкурстун Жобосуна ылайык КММАнын тарыхы жана азыркы абалы, анын атактуу бүтүрүүчүлөрү, мугалимдери, студенттери  тууралуу ар кандай жанрларда жазылган, тартылган, уктурулган  мыкты материалдарга акчалай жана кызыктыруучу сыйлыктар ыйгарылат. Атап айтсак, басма сөздөгү жана электрондук басылмалардагы мыкты макала, маек, фотобаян ж.б.у.с. материалдар үчүн үч байге коюлду: биринчи орун 10 (он) миң сом, экинчи орун 7 (жети) миң сом, үчүнчү орун 5 (беш) миң сом.

ТВ менен радиодогу мыкты көрсөтүү/берүүлөргө да үч байге ыйгарылат: биринчи орун 15 (он беш) миң сом, экинчи орун 10 (он) миң сом, үчүнчү орун 5 (беш) миң сом. Ал эми ТВ менен радиодогу мыкты маалыматтык сюжеттерге төмөнкүдөй байге берилет: биринчи орун 7 (жети) миң сом, экинчи орун 5 (беш) миң сом, үчүнчү орун 3 (үч) миң сом.

Андан сырткары бир  далай кызыктыруучу сыйлыктар да белгиленди.

Конкурска 2019-жылдын 1-февралынан 1-ноябрына чейин жарыяланган материалдар кабыл алынат. Дарек: Бишкеке ш., Ахунбаев көч.,92, КММАнын башкы корпусу, 2-кабат, 48-бөлмө (басма сөз кызматы). Байланыш телефондору: 54-31-60; 0550 22-58-25; 0500 27-26-52;

КММАнын басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер