МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНДАГЫ МЕКТЕПТЕР ОНЛАЙН ОКУТУУГА ӨТТҮ

  • 16.01.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги Майлуу-Суу шаарында өзгөчө кырдаал киргизилгендигине байланыштуу бардык билим берүү мекемелери окутуунун онлайн форматына өткөрүлгөндүгүн маалымдайт.

МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНДАГЫ МЕКТЕПТЕР ОНЛАЙН ОКУТУУГА ӨТТҮ

Онлайн окутуу шаардагы абал калыбына келгенге чейин уланмакчы.

Эскерте кетсек, 2023-жылдын 12-январында катуу сууктун айынан Майлуу-Суу шаарындагы калкты таза суу менен камсыз кылуучу сууканалынын түтүктөрү тоңуп, жылуулук берүү жана таза суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган. Мындан улам 13-январда Майлуу-Суу шаарына өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Бөлүшүү

Комментарийлер