МАТЕМАТИКАНЫ КЫЗЫКТЫРЫП ОКУТАБЫЗ

  • 28.03.2023
  • 0

МАТЕМАТИКАНЫ КЫЗЫКТЫРЫП ОКУТАБЫЗ

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин USAID менен кызматташтыгынын алкагында 13 000ден ашуун башталгыч класстын мугалими математика сабагын окутуу боюнча кесиптик чеберчилигин жогорулатты.

2023-жылдын 18-25 мартында USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору математиканы окутууда базалык жана функционалдык математикалык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган башталгыч класс мугалимдери үчүн кезектеги үч күндүк тренинг өткөрдү. Бул тренингдер Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту бекиткен 144-сааттык башталгыч класстардын  мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу программасынын алкагында өткөрүлүп  жатат. Он модулдан турган окутуу программасы этап-этабы менен акыркы эки жылдын ичинде ишке ашырылып келе жатат. Жыйынтыктоочу сессиялар онлайн форматында апрелде өтөт.

 Сабактарга катышуу менен мугалимдерге ментордук колдоо көрсөтүү учурдагы окуу жылынын аягына чейин уланат. Мугалимдер башталгыч класстын окуучуларынын базалык жана функционалдык математикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү стратегиялары, маселелердин чыгарылышын түшүндүрүү жана негиздөө, мейкиндик ой жүгүртүү жана маалыматтарды  талдоо көндүмдөрүн өнүктүрүү жана математика боюнча калыптандыруучу баалоо жүргүзүүгө ылайыкталган электрондук «BaalooApp» тиркемесин колдонуу боюнча кесиптик чеберчилигин аралаш форматта окуп жогорулатышты.

Бул окутуудан улам, мугалимдер окуучуларга математикалык кырдаалдарды, маалыматтарды талдоого жана талкуулоого, маселелерди альтернативдүү ыкма менен чыгаруу жолдорун сунуштоого жана негиздөөгө, ошондой эле, мейкиндик жана логикалык ой жүгүртүүсүн өрчүтүүгө мүмкүндүк берүү менен сабак өтө алат.

-Жаңы стратегияларды колдонуу менен сабакты өткөндө окуучулар математикалык түшүнүктөрдү тез жана терең өздөштүрөрүн көрдүм. Акыркы тренингдердин эң кызыгы — математикалык көрсөтмө куралдар менен иштөө болду. Геометриялык фигураларды геоборддо көрсөтүү, 1-100 таблицасын колдонуу, геометриялык фигуралардын жана реалдуу объектилердин аянтын табууну жөнөкөйлөтүп түшүндүрүү ыкмалары менен практика жүзүндө тааныша алдым. Окутууда көп жаңы маалымат алып, мектебиме кайтам, – деди Туратова Чолпонкүл, Ж.Асылбаев атындагы Каркыра мектебинин башталгыч класс мугалими, Ысык-Көл областы.

Кыргыз Республикасы боюнча 13 500гө жакын башталгыч класстардын мугалимдеринин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу башталгыч мектеп окуучуларынын ийгиликтүү окуу жана жашоо үчүн зарыл болгон базалык жана функционалдык окуу көндүмдөрүн жакшыртууга өбөлгө түзөт деп күтүлүүдө. USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору Кыргыз Республикасында башталгыч класстарда окуган 450 000 окуучунун математика жана окуу боюнча жетишкендиктерин жогорулатууга багытталган. Долбоор Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте 1682 мектепте ишке ашырылып жатат.

А.Асаналиева “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер