МАМЫТОВ ПРОКУРАТУРА КЫЗМАТКЕРЛЕРИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ

  • 21.11.2020
  • 0

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов прокуратура кызматкерлерин Прокуратура кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Төмөндө Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун куттуктоосу:

«Урматтуу прокуратура органдарынын кызматкерлери жана ардагерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын Прокуратура кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Прокуратура органдары мамлекет эгемендикке жетишкен күндөн тартып өлкөдө мыйзамдуулук менен тартиптин сакталышы үчүн кызмат кылып, «мыйзамсыздыктын, коррупциянын жана адилетсиздиктин айынан келип чыккан „кара ниет иштер“ менен элдешкис күрөш жүргүзүп келишет.

Жакында эле болуп өткөн октябрь окуяларынан кийин өлкө оор кырдаалга туш болгон мезгилде укуктук мамлекеттин негиздерин жана кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөөдө прокуратура органдарынын орду жана мааниси мурдагыдан да артып барат.

Мындай шартта жарандардын бузулган укуктары менен мамлекеттин кызыкчылыктары канчалык натыйжалуу жана өз убагында корголорунан, терроризм, кылмыштуулук жана коррупция менен канчалык так жана сабаттуу күрөш жүргүзүлөрүнөн, ошондой эле ар бир кызматкердин кесипкөйлүгү менен компромиске барбастыгынан прокуратура органдарынын гана кадыр-баркы эмес, жалпы эле Кыргызстандын келечеги көз каранды.

Сиздер кесиптик салтыңыздарды мындан ары да сактап, өркүндөтүп, мамлекетке, элге жана мыйзамга берилгендик менен ак кызмат өтөй берериңиздерге ишенем.

Сиздерге жана жакындарыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай жана бакубат өмүр каалайм!».

 

Бөлүшүү

Комментарийлер