МАМЛЕКЕТ БАЛДАРГА КАМКОРДУГУН КҮЧӨТӨТ

  • 15.01.2020
  • 0

Кыргызстандын өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков “2020-жылы – Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо” деп Жарлыкка кол койду. Баары тең орчундуу жана маанилүү темалар. Тыгыз байланышкан, керек болсо бири бирине байланган. Булардын ичинен эң негизги приоритет – балдарды колдоо, алардын бакубат жашоосу. Эгерде Кыргызстанда 6 млн. ашык калк болсо, анын ичинен 2 млн. жакыны балдар.

МАМЛЕКЕТ БАЛДАРГА КАМКОРДУГУН КҮЧӨТӨТ

Балдар – мамлекеттин үмүтү, келечеги

Ар бир ата-эне үчүн бала — жашоонун маңызы, бактысы. Бала үчүн алар бардыгын жасоого даяр. Ошондой күндө дагы балдар мамлекеттин колдоосуна дайыма муктаж болуп келет.

  • Айрыкча аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, жетим жана кароосуз калган балдарга камкордук көрүшүбүз зарыл. Балдарыбыздын дени сак, билими терең, коопсуздугу бекем болушу көңүл борборундагы маселе. Мамлекеттин балдарга карата камкордугун күчөтүп, артыкчылыктуу багыт катары аныктайбыз. Ушул максатта 2020-жылды “Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы” деп жарыялоону чечтим, — деди Президент Жаңы жылдык куттуктоо сөзүндө.

Эми эң башкысы балдарды колдоо сөз жүзүндө калбаса экен. Анткени биз балдарды кайсы учурда эстейбиз?  1-июнь – эл аралык балдарды коргоо күнүндө, же алар кандайдыр бир ийгиликке жеткенде, же болбосо зордук-зомбулукка кабылып, аянычтуу тагдырга туш болгондо. Бирок балдардын башка маселелери көз жаздымда калып жатат. Алсак, жаш балдардын төрөлгөндөн тартып, билим алганга чейинки аралыкта туш келип жаткан көйгөйлөрү, зээнди кейиткен зордук-зомбулуктарга кабылышы, билим алуусу, коомго аралашуусу ж.б.у.с.

  • Балдарга билим берүү, алардын өсүп-өнүгүүсү, ата-эненин бала тарбиялоодогу педагогикалык маданиятын, курактык психология, салыштырмалуу педагогика, алардын башка өлкөлөрдөгү абалын, кемчиликтерин, артыкчылыктарын чагылдырган маалыматтар жетишсиз. Бүгүнкү күндө мектеп жашындагы балдардын саны республика боюнча 1 миллион 300 миңге жакын, — дейт эксперт Асылбек Жоодонбеков.

Эмнеге көңүл буруу керек?

Оштогу “Жетиген” мектеп-лицейинин директору, педагогика илимдеринин кандидаты Кыялбек Акматовдун пикиринде, балдарды колдоо ар дайым жүзөгө ашып туруучу, эч бир көз жаздымда калбоочу процесс болушу керек. Кантсе да Жарлык менен аталган жылда бир топ иш-чаралар, саамалыктар жүзөгө ашары талашсыз.

— Билим берүү тармагында эмгектенгендиктен балдарды колдоо боюнча төмөнкүлөргө көңүл бурулушу зарыл: ата-энелердин бала тарбиялоодогу, балдарды камкордукка алуудагы ролун бекемдөө, өнүктүрүү жаатында окууларды, семинар-тренингдерди уюштуруу. Бул багытка жалпы коомчулукту, социалдык мекемелерди (бала бакча, мектеп, үй-бүлөлүк медициналык борборлор ж.б.у.с.); бала бакчанын тарбиячыларынын, мектеп мугалимдеринин бала тарбиялоо боюнча педагогикалык-психологиялык көндүмдөрүн өнүктүрүү багытындагы иш-чараларды уюштуруу (семинар-тренинг, курстар, лекциялар, тегерек стол, жолугушуулар ж.б.); бала бакча, мектептер үчүн психологиялык кааналарды уюштуруп, психолог адистер менен камсыздоо зарыл; балдарды эрте өнүктүрүү, балдарды зордук-зомбулуксуз тарбиялоо, дегеле бала тарбиялоого байланыштуу мотивациялык, педагогикалык-психологиялык окуу-усулдук, публицистикалык китептерди басып чыгарып ар бир мекемеге жеткирүү;  «Бактылуу үй-бүлө» деген аталыш сыяктуу борборлорду ачып, балдарды колдоо багытында иш-чараларды өткөрүү, — дейт Кыялбек Акматов.

Балдарды коргоого муктаж кылган ким?

Кыргызстанда балдар колдоого алынбай, керек болсо корголбой деле калды.  Маселен, кыштын кыраан чилдесинде, жайдын аптабында айрым балдар базарларда өзүнөн эки эсе чоң тачкени сүйрөшсө (ден соолугуна зыян келип атканы менен иштери жок), экинчилери — сасык майларды жыттап, элдердин кир бут кийимдерин тазалашат, үчүнчүлөрү, тилемчи кылып жүрүшөт, дагы бирөөлөрү семичке, майда-барат сатып үй-бүлөсүн багышууда. Айрым балдар окубай, кылмыш чөйрөсүнө киргендери канча, деги койчу балдар темасына кирсең эле толгон-токой маселелер өздөрү эле чубалып чыгып, зээниңди кейитет.

БУУнун билдирүүсүнө караганда, дүйнө жүзүндө корголууга муктаж балдардын саны жыл сайын өсүп келет. Бир нече миң бала оор жумуштарга иштегенге мажбур. Бир миллионго чукул балдар зордук-зомбулукка дуушар болуп, же бирөөлөргө кул катары сатылышат. Ал эми белгисиз сандагы балдар үйлөрүндө, мектепте, коомчулукта ырайымсыз мамилеге туш болушканын маалымат каражаттары жазып, социалдык тармактарда байма-бай көрсөтүп, таркатып жатышпайбы. Албетте, мындай коомдо, терс чөйрөдө жашаган бала чоңойгондо мокок, жетелеме, өзүнүн укугун коргой албаган адамга айланып, айрымдары кордукту көтөрө албай өзүнө кол салып, жандарын кыйгандар да жок эмес.

  • Биз советтик учурда дале, андан кийин дале “Балдар – биздин келечегибиз”, “Балдарды коргойлу” деп айтып келебиз. А түгүл 1-июнду “Балдарды коргоонун эл аралык күнү” деп жарыялаганбыз. А мындай суроо койсок: балдарды кимден, эмнеге, кантип коргойбуз деп. Дал ошондо суроонун жообу өзүнөн өзү чыгат: балдарды өзүбүздөн өзүбүз коргошубуз керек, балдарды коргоого муктаж кылган биз өзүбүзбүз. Эгемендүүлүк жылдарындагы массалык маданияттын таасири, улуттук педагогиканы, элдик салттарды чангандыгыбыз бизди башкача тарбиялап таштады. Азыркы отуз — отуз беш жашка чейинки муун эрежесиз эр оюндардын, кикбокс, тайбокс дегендердин жеңүүчүлөрүн кумир тутат, алардын мелдештерин калтырбай көрөт, ошолор жана ошолордун балдары үчүн мушташ-тиштеш кадыресе жашоодогу нормага айланып калды. Базарда эки бала мушташып жатса, алар кайдыгер басып кете бермек турсун, кайра аларды кайраштырат, бири-бирине көкүтөт. Ушул көз караш, ушул тарбия улутту жок кылуучу “бомбага” айланды. Мектептердеги рэкетчилик, көчөлөрдөгү мушташ, бул иштерге кыздардын аралашып жатышы мына ушундай кайдыгерликтерден улам келип чыгууда. Ошол кайдыгерликтен, ошол “кызыл канды”, уруш-талашты үгүттөөдөн балдарды коргошубуз керек. Анын коргонучу жана ишенимдү калканы – элдик тарбия, улуттук руханий эстетикалык маданият, — дейт И.Арабаев атындагы КМУнун профессору Абдыкерим Муратов.

Бала жана ата-эне

Эч кимге деле жаңылык эмес, азыркы доордун балдары төрөлгөндөн баштап эле заманбап техникаларды өздөштүрүп, жогорку билимдүү ата-энесинен да ашып кетишкен. Өзгөчө мектеп жашындагы балдардын колунан телефон, планшеттер түшпөйт. Ата-эне менен сүйлөшпөгөндүктөн ата жана бала маселеси учурда курч турат. Айрым пикир келишпөөчүүлүктөрдүн натыйжасында ата-эне менен баланын ортосунда ажырым пайда болуп жатканын көрүп, керек болсо күбө

болуп жүрөбүз.

– Өспүрүм курактагы балдардын ата-эне, чөйрө, билим берүү мекемелери менен келишпестиктеринин көп учурап жатышы абалдын абдан курч экендигинен кабар берет. Өспүрүм курактагы балдарда эмне себептен көйгөйлөр көп чыгууда? Ата-энелер балдарына кенже курагында жакшы көңүл бурбаса, ата-эне менен баланын ортосунда гармония, өз ара түшүнүүчүлүк жок болсо, ата-эне балага түшүнүү менен мамиле жасагандын ордуна өз оюн таңуулоо жолун тандап алса, анда эртеби-кечпи өз ара түшүнбөстүктөр сөзсүз чыгат. “Менин айтканымды кыласың! Менин дегенимден чыкпайсың!” деген сенектикке, атаандаштыкка, чыңалууга алып бара турган жол. Өзгөчө балада мектепке бара баштагандан тартып, 14-15 жашка чейин чөйрөнүн таасири күчтүү болот.

Эгер бала үйдөн гармония, жылуулук, өз ара түшүнүүчүлүккө ээ боло албаса, сыртка чыгып, чөйрөдөн жылуулук издейт. Өзүңүздөр билгендей, чөйрө дайыма эле идеалдуу боло бербейт.  Ошондуктан бүгүнкү күндө ата-эне чөйрөдөн да күчтүүрөк болушу керек. Ата-эне качан чөйрөдөн күчтүү болот? Ата-эненин бала менен болгон мамилесинде сырдашуу болсо, өз ара түшүнүүчүлүк болсо бала чөйрөнүн таасири астында калбайт. Ал эми үй-бүлөдө гармония, бакубатчылык, өз ара түшүнүүчүлүк жок болсо – бала өзүн көбүрөөк эшикте эркин сезет да, терс чөйрөнүн таасири астында калат. Бул ата-эне үчүн  өтө маанилүү милдеттердин бири деп айтар элем.

Ата-эне катарында балдарыбыздын өзгөчөлүгүн, мүмкүнчүлүктөрүн, үйрөнүү стилдерин, темпераментин жана башка өзгөчөлүктөрүн таанып, багыттай билүүбүз зарыл. Муну ата-энелик сабаттуулук же маданияттуулук деп атасак болот. Ал эми ар бир үй-бүлөгө таандык дүйнө тааным, улутка, динге тиешелүү баалуулуктар чоңдордун жашоо образына ылайыкташып, акырындап калыптана берет. Биз ата-эне катары адамдык жалпы баалуулуктарга басым жасаганыбыз туура болот.

Көпчүлүк учурда өзүбүздүн улутту гана башкалардан жогору коюп, динди гана мактап-жактап төбөгө чыгарып, башканын баарын жокко чыгара берсек, тилекке каршы, балада ошол нерсе калыптанып калат. Анан бала башка баалуулуктардын баарын жерип калат. Улуттук баалуулуктарыбыз менен катар дүйнөлүк баалуулуктарды өзүбүзгө сиңирсек, балдарыбыз башка улуттагы, диндеги, түстөгү адамдар менен тил табыша алат. Өлкөбүздүн өнүгүшү менен катар дүйнөнүн өнүгүшүнө өз салымдарын кошо алат. Биз айланадагыларды душман көрбөстөн, өнөктөш катары көрүп, керек болсо алар билгенден көп нерсе билгенге жана жасаганга үйрөнүшүбүз зарыл, — дейт А.Жоодонбеков.

Баланын тагдырын ташка айланткан миграция

Кыргызстанда миңдеген адамдар жакшы жашоо издеп, үй-бүлөсүн бакканы жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө кетишкен. Миграция балдарга жана алардын ата-энелерине пайда алып келгени менен, ал ошондой эле ата-эненин камкордугу жок калган балдарды таш боорлукка, аярлуу абалга такаарын адистер айтышууда.

Ата-эне, албетте, баланын жашоосунда жана өнүгүүсүндө өтө маанилүү ролду ойноорун жакшы билебиз. Бирок 2018-жылы жүргүзүлгөн Балдардын жана аялдардын көп индикатордук кластердик изилдөөнүн маалыматтарын карасак, Кыргызстандагы балдардын 12 пайызынын – 277 миңден ашык баланын атасы же апасы, же экөө тең чет өлкөдө жашайт. Балдардын 4,3 пайызынын – 99 миңден ашык баланын атасы да, апасы да чет өлкөдө жүрөт экен. Ата-эненин баланын жанында болбогону сөзсүз балага эмоционалдык, психологиялык же социалдык кыйынчылыктарды жаратаары бышык.

Ата-эне балдарынын материалдык абалын жакшыртуу максатында акча таап жүргөн кезде, алардын бактылуу балалыгы тез өтүп, ата-энелик мээримдин жана камкордуктун ордун эч нерсе толуктай албай турганын адистер айтышууда.

“Балдар укуктары тууралуу” Конвенцияда жазылгандай, баланын тарбиясы жана өнүгүүсү үчүн негизги жоопкерчилик ата-энеге жүктөлгөн. Эгерде ата-эне балдарын башка бирөөнүн колуна таштап кеткен соң, алардын бакубат жашоосун жана коопсуздугун камсыз кылууга тийиш. Тилекке каршы, жашоодо мындай болбой жатканы өкүнүчтүү.

Мектепте өз убагында окууга, китепке акча төлөй албаган бала кемсинтүүгө дуушар болуп, курдаштарынан ур-токмокко алынып, алсыз болуп калган өспүрүм кордуктан чыдай албай өз жанын кыйып салгандар да четтен чыгат. Андыктан мамлекет быйылкы чыгарган жарлыгына таянып, балдарды колдоо үчүн алардын ата-энелерин жер кездирбей, жер кыдыртпай  жумуш орду менен камсыздап, үй-бүлөнүн бакубатчылыгына кам көрүүсү зарыл экени күн тартибинде турган биринчи маселе болуп эсептелет.

Ата-эне деген баланын өзгөчө кичинекей кезинде чечүүчү ролду ойноп, камкордук, мээрим, баарлашуу, оюндар, китеп окуу жана ыр ырдоо өңдүү иш-аракеттер менен баланын мээсинин өнүгүүсүнө жардам бериши зарыл экенин баарыбыз жакшы билебиз. Бул жагынан алганда “Р.Отунбаеванын демилгеси” эл аралык фонду бир топ иш-аракеттерди жүргүзүп келатат.

  • Азыр дүйнөдө наристелердин билим алуусуна көңүл буруу аракеттери жанданды. Нейроилим көрсөткөндөй, бир жашка чейинки балдардын мээси чоң кишилердикине эле тете көлөмдө түптөлөт экен. Биз бөбөктү тезирээк эле уктатып, жаткырууга шашабыз. Чындыгында, баланын алгачкы үч жылы эң маанилүү болуп саналат экен. Маселен, чет тилин үйрөнүү боюнча ошол чагында эле кеп баштаганыбыз оң. Ушул жашында кандай тарбия берсеңиз, баланын бүт өмүрүндөгү ийгилиги ошол салымыңыздан көз каранды. Эгер аны коомго кошпосоңуз, элге аралаштырбасаңыз, ал мектепти да жакшы бүтүрө албайт. Тилекке каршы, азыр Кыргызстанда окууну бешинчи, алтынчы класста эле таштап жатышат. Майда балдар кароосуз калууда. Азыр өлкөдөгү ар бир бешинчи бала гана бакчага барат. Соңку 6-7 жылда биз бул жаатта көп иш алпардык. Бүт республиканы кыдырып чыктым, мектепке чейинки билим берүүнүн ар кандай башка түрлөрүн жараттык. Өзбекстанда президент Мирзиёев Мектепке чейинки тарбия берүү министрлигин түздү. Бул алардын тамырынан тарта кам көрүп жатышкандыгын билдирет, ал эми бизде андай мамлекеттик орган жок. Ата-эне, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, тарбиячылар мектепке чейинки билим берүүгө көңүл буруу канчалык маанилүү экендигин аңдап-билүүсү зарыл. Биз баарына муну түшүндүрүүгө тийишпиз. Биздин фонд ар кандай тилдеги бешик ырларынын жыйнагын топтоду, дискке жазып элге тараттык. Эгер ымыркай эненин жатынында жаткан кезден тарта чет тилдеги сүйлөшүүлөрдү укса, анын тил үйрөнүү жөндөмү калыптанат.
  • МАМЛЕКЕТ БАЛДАРГА КАМКОРДУГУН КҮЧӨТӨТ

Балдарды китепти сүйдүрүп көндүргөн дурус, айрыкча, гаджеттер жашообузду каптап кеткен заманда билимдин түбөлүк булагы — китеп. Ар бир кечте балдарга китеп окуп берүүгө убакыт табууга баарын чакырабыз, бул — өтө маанилүү кадам. Бул өлкөнү өнүктүрүүгө көмөк болот, — дейт экс-президент Роза Отунбаева.

Аталык мээрим төккөндөр

Өткөн жылдын аягында жалпы журт сыйлаган мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыганы Эркебаев Чоң-Алай районундагы өзүнүн туулуп өскөн Кара-Тейит айылында ак тилек менен курган үйүн кенже айылдаштарына бала бакча кылып өткөрүп берди.

“Кут Билим” газетасынын баш редактору Кубат Чекировдун айтымында, бул алыскы тоо койнундагы айылдын балдары үчүн чыныгы жаңы жылдык белек жана чоң аталык камкордук болуп калды.

  • Бул Кара-Тейит айылынын тарыхындагы биринчи ачылган бала бакча болуп калды. Бала бакча 60 орундуу, анда балдардын ойдогудай окуп-тарбияланышы үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Бала бакчанын ремонтуна жана керектүү эмеректерди сатып алууга Жекенди айыл аймагынын өнүктүрүү фондусунан сегиз миллион сом жумшалды, — дейт К.Чекиров.
  • МАМЛЕКЕТ БАЛДАРГА КАМКОРДУГУН КҮЧӨТӨТ МАМЛЕКЕТ БАЛДАРГА КАМКОРДУГУН КҮЧӨТӨТ

Мындай саамалыктар жер-жерлерде болуп жатат. Маселен, Ат-Башы районундагы Терек-Суу айылына Байболот аттуу жеке ишкер жигит 4,5 млн. сомго 75 орундуу бала бакча куруп, айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп берди. Ал көкүрөктү чапкылап, коомчулукка жарыя кылган деле жок. Өткөн жылы ЖК депутаты Чыныбай Турсунбеков өзүнүн айылына ата-энесинин үйүнүн ордуна өз каражатына 100 орундуу бала бакча куруп, муниципалдык бала бакча кылып түзүп, өткөрүп берген. Мына ушундай инсандар башкаларга үлгү, өрнөк. Быйылкы Президенттин Жарлыгы көптөгөн колунда бар байларды түйшөлтүп, жок дегенде ар бири өз айылына кайрылып, келечек муун үчүн камкордук көрөт деген үмүт чоң.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер