МАЛИК НУРДИНОВ ОШ ШААРЫНЫН КОМЕНДАНТЫ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ

  • 24.03.2020
  • 0

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Малик Нурдинов Ош шаарынын коменданты болуп дайындалды. Аны Кыргыз Респаубликасынын   вице-премьер-министри Акрам Мадумаров тааныштырды. 

Белгилей кетсек, өзгөчө абал киргизилгенде же мыйзамда көрсөтүлгөн кризистик кырдаал түзүлгөндө Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы ички иштер органдарынын күчтөрүн жана каражаттарын, улуттук коопсуздукту, жарандык коргоону, өзүнүн компетенциясынын алкагында улуттук коопсуздукту камсыз кылууга тартылган Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын ыкчам башкаруунун жана координациялоонун жогорку органы болуп саналат.

Өзгөчө абал режимин камсыздаган күчтөрдү жана каражаттарды бирдиктүү башкарууну ишке ашыруу үчүн өзгөчө абал киргизүү жөнүндө акт кабыл алган, чыгарган орган же кызмат адамы тарабынан өзгөчө абал киргизилген аймактын коменданты дайындалат.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Бөлүшүү

Комментарийлер