МАГИСТРЛЕРДИН АКЫЛ ТАЙМАШЫ

  • 13.12.2018
  • 0

Кыргыз элинин улуу жазуучусу Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган ЖОЖдор аралык «Магистр Cup» интеллектуалдык таймашы И.Арабаев атындагы КМУда 11-декабрда өттү.

МАГИСТРЛЕРДИН АКЫЛ ТАЙМАШЫ

Сынакты аталган окуу жайдын тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультети жана магистратура бөлүмү, “Билим майдан” студенттик-магистрлик илимий-чыгармачыл клубу жаштарды билим алууга, интеллектуалдык чыгармачылыкка кызыктыруу жана аларды командалык жана жекелик таризде акыл-эс, ой жүгүртүүчү тапшырмалар менен иштөөгө үйрөтүү, Ч. Айтматовдун чыгармачылыгы, ишмердүүлүгү тууралуу билимдерин ар тараптан байытуу, башка жогорку окуу жайлардын студенттери менен байланыштарын арттыруу максатында өткөрдү.

Турнирге Бишкектеги ЖОЖдордон курамы беш студенттен турган 30 команда катышты.

Таймаш группалык жана финалдык эки этаптан турду. Катышуучу командалардын санына жараша таймаш эки лигага: “A” “B” деп бөлүнүп өз-өзүнчө жүргүзүлдү. Натыйжада таймаштын кубогун жана диплому жана Ч.Айтматовдун 10 томдугун КТУ “Манастын” “Ойчулдар” командасы утуп алса, 2-орунду Эл аралык инновациялык технологиялар университетинин “Биримдик” командасы ээлеп, диплом жана Ч. Айтматовдун китептери менен сыйланып, Кыргыз драмалык театрындагы Ч.Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” драмасына билет белекке алышты. 3-орунду алган КММАнын “Белла Донна” командасы болсо диплом жана Ч. Айтматовдун китептерин алып кетишти.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер