МАДАНИЯТ ЖАНА ИСКУССТВО УНИВЕРСИТЕТИНЕ ЖАҢЫ ИМАРАТ САЛЫНАТ

  • 17.10.2025
  • 0

16-октябрда Кыргыз улуттук Б.Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинин тарыхынын жаңы барагы ачылды: отуз эки жыл зарлап күткөн имараттын салынышы башталды.

МАДАНИЯТ ЖАНА ИСКУССТВО УНИВЕРСИТЕТИНЕ ЖАҢЫ ИМАРАТ САЛЫНАТ

Бул корпус өлкөнүн Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен курулат. Университеттин тез жана сапаттуу аякташын улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы, генерал Камчыбек Ташиев өзү көзөмөлгө алаарын өткөн айда билдирген.

Бүгүн университеттин мугалимдери, студенттери чечекейлери чеч болуп, кубанып турушкан учуру.

МАДАНИЯТ ЖАНА ИСКУССТВО УНИВЕРСИТЕТИНЕ ЖАҢЫ ИМАРАТ САЛЫНАТ

МАДАНИЯТ ЖАНА ИСКУССТВО УНИВЕРСИТЕТИНЕ ЖАҢЫ ИМАРАТ САЛЫНАТ

— Албетте, тарыхта калчу бул күн өзүнөн өзү келе калган жок. 2023-жылы 12-январда маданият жана искусство университетине конкурста утуп чыккан Түмөнбай Колдошов ректор болуп дайындалган. Ошондо жаңы ректор алдына койгон төрт-беш приоритеттүү максатын, эмоцияга алдырып дүрбөп турган коллективге жарыя кылган. Айтканындай эле чукул арада окуу жайынын бюджети дээрлик төрт эсеге өстү, мугалимдердин маянасы эки ирээт көтөрүлдү, маданият жана искусство тармагындагы жападан жалгыз профилдик университет улуттук статуска ээ болду.Эми минтип, көптөн күткөн имараттын салынышы да башталды. Ушул жаңылыктын баардыгы тең «алма быш-оозума түш», же Чеховдун үч эже-сиңдилерин куру кыялдарынын натыйжасы эмес, анын автору Түмөнбай Колдошов. Анын алдына койгон максаттарынын, жетекчилик ишмердигинин, лидерлик масштабынын жемиши. «Алагушту атынан чакыр» деген сыңары, биз муну тайсалдабай ачык айтышыбыз акыйкат болот. Ушул эки жарым жылдан ашуун мезгилдин ичинде ректордун чакыруусу менен университетке бир эмес бир нече жолу Министрлер Кабинетинин Төрагасынын вицесинен тартып, депутаттардын делегациялары, Агартуу билим менен Маданият министрлеринин өздөрү келип, профессордук-мугалимдик курам менен жолугуп, байма-бай жыйын өткөрүп атышты. Күн тартибиндеги эң башкы маселе — жаңы имарат куруу, ага бюджет бөлүү болчу. Мунун баары күнү бүгүнкүдөй биздин эсибизде турат. Акыры ушул талыкпаган  аракеттер өзүнүн жемишин берди. Университетке жаңы имараттын салына башташы ошол көшөөрө иш алып баруунун тыянагы, — деп окуу жайдын окутуучусу Ж.Кулмамбетов ФБдагы баракчасына жазды. — Тарыхта личносттун ролу тууралуу айтылат. Советтик тоталитардык бийликтин башында турган Иосиф Сталиндин тарыхый ролу  тууралуу Уинстон Черчиллдин «Россияны буурсун менен алып, атом бомбасы менен таштап кетти» деп таамай айткан мүнөздөмөсү бар. Анын сыңарындай бардык тарыхый өзгөрүүлөр биринчи кезекте личносттун масштабына таандык көрүнүш. Бүгүнкү Кыргызстанда өтүп аткан экономикалык, социалдык кардиналдуу өсүп-өнүгүү да мына ушул аныктамага түздөн-түз байланыштуу. Ал эми Б.Бейшеналиева университетине келе турган болсок, акыркы мезгилдеги позитивдүү өзгөрүүлөр да ошол личносттун тарыхый  ролунун контекстинде жатат.  Эми Түмөнбай Колдошов жаңы дайындалганда жарыя кылган максаттарынын бири  — университетти 4-баскычтагы окуу жайына айлантуу болчу. Бул максаты да ишке ашаарына менде терең ишенич бар. Ак жол!

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер