ЛЕЙЛЕКТЕ АБАЛ ТУРУКТАШУУДА

  • 19.09.2022
  • 0

Лейлек районунда 40 мектеп жана 23 муниципалдык, 10 жеке менчик бала бакча реалдуу режимде иштей баштады. Бул тууралуу биз менен телефон аркылуу байланышкан Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Улукбек Жээмуратов билдирди.

— Лейлек райондук штаб тарабынан түзүлгөн комиссия мүчөлөрү эки автоунаа менен чек арада согуш болгон жерде жүрөбүз. Азыр Лейлек райондук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары баш болгон комиссия мүчөлөрү, жалпы 30 адам болуп согушта жабыр тарткан социалдык обьектилерди, үйлөрдү кыдырып келатабыз.

Бүгүн райондогу 66 мектептин ичинен 40 мектеп жана  23 муниципалдык бала бакча, 10 жеке менчик бала бакча реалдуу режимде өз ишин баштады. Ал эми калган 26 мектеп, бир жеке менчик мектеп жана 30 муниципалдык бала бакча иштеген жок. Себеби алар согуш чыккан чек арадагы айыл-кыштактарда жайгашкандар. Раззаков шаарындагы мекемелерде качкындар жайгашкандыктан, ал жакта да иштеген жок. Калгандары абал турукташкандан кийин өз ишин баштайт деген ишеничте турабыз. Азырынча аскерлер элди өз айылдарына кирүүгө уруксат бере элек, — деп кабарлады.

Маалыматка ылайык, жабыркаган, күйгөн бала бакчалар, мектептер боюнча так маалымат алына элек, себеби ал жакта бир да адам жок. Тажиктердин агрессиялык кол салуусунан бүлүнгөн айыл-кыштактар учурда аскерлердин курчоосунда турат. Улукбек Жээмуратов бүгүн кечинде аскерлердин коштоосу менен согуш болгон айылдардын баарына кирип чыгып, канча мектеп, канча бала бакча, канча маданият үйү, ФАП ж.б. социалдык обьектилер талкалангандыгынын болжолдуу санын аныкташарын айтты.

— «Бүгүн аза күтүү күнүнө байланыштуу иштеп жаткан билим берүү мекемелеринде өтүлүүчү сабактар тарбиялык саат менен башталды. Ага канча окуучу катышканы жана башка жагдайларды райондук билим берүү бөлүмүнүн адистери көзөмөлдөп жатат. Өз айылынан качууга мажбур болгон качкындардын балдары азыр кайсы жерде баш паанектеп турса, абал турукташканча ошол жердеги мектепке барып окушат. Качкындардын басымдуу көпчүлүгү бала бакча, мектеп имараттарында  жайгашканы маалым. Алардын балдарына ошол жердин мугалимдери, бала бакча кызматкерлери ачык сабактарды уюштуруп, сабактарын үзгүлтүккө учураткан жок».

Азыр чек ара аймагындагы абалды туруктуу бирок чыңалуу абалында турат деп сүрөттөгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын айтымында, ЖК депутаты Миргүл Темирбаева он психолог менен бирге билим берүү мекемелерине барып балдарга, ата-энелерге жолугуп, психологиялык жардамдарды көрсөтүп жатат. Андан тышкары, медициналык кызматкерлер да мектептерге, бала бакчаларга барышып, муктаждарга медициналык ж.б. зарыл колдоолорду көрсөтүүдө.

Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен чек ара аймагына тажиктердин куралдуу кол салуусунан тутанган согуш отунун кесепетинен алдын-ала эсеп боюнча жалпысынан алганда 282 объект талкаланганы маалым болду. Министрлер кабинетинин төрагасы, тажиктердин куралдуу кол салуудан талкаланган аймактарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын башчысы Акылбек Жапаров, азыр комиссия жалпы чыгымды эсептеп, тактап жатканын, талкаланган объектилердин баары кышка чейин калыбына келтирилерин билдирди.

Ал аскерлер казармаларга, жарандарыбыз жаңы үйлөргө киргизилерин жана ошондой эле эң зарыл болгон объекттерди 40 күндүн ичинде калыбына келтирүү чаралары көрүлөрүн белгиледи.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер