Кыргызстандын футзал курама командасы Тажикстандагы мелдеште эң акыркы орунду алды

  • 31.07.2023
  • 0

Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы Борбор Азия футбол ассоциациясынын кубогу («CAFA Futsal Cup») мелдешинде эң акыркы орунду ээледи.

Мелдеш 23-июлдан 30-июлга чейин Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында өткөн. Ага Кыргызстан, Ооганстан, Иран, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркменстандын курама командалары катышкан.

Кыргызстандык футзалчылар мелдеште бир дагы упай алышкан жок. Алар мелдешке катышкан бардык курама командаларга жеңилип калышты.

Беттештер:

  • Кыргызстан — Озбекстан — 0:4,
  • Кыргызстан — Иран — 0:1,
  • Кыргызстан — Тажикстан — 3:5,
  • Кыргызстан — Ооганстан — 4:5,
  • Кыргызстан — Туркменстан — 0:2.
Бөлүшүү

Комментарийлер