КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУЛАР МЕНТАЛДЫК АРИФМЕТИКА БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАДА ОН МЕДАЛЬ ЖЕҢИП АЛЫШТЫ
- 23.01.2019
- 0
Билим берүү министрлигинин колдоосу менен “Акменар” интеллектуалдык өнүктүрүү борборунун командасы, FOC (FastOralCount) форматындагы менталдык арифметика боюнча, Казакстан Республикасынын Актөбө шаарында 2019-жылдын 4-6-январында өткөн эл аралык олимпиадага катышышты.
Олимпиадага Казакстан, Орусия, Кыргызстан, Армения ж.б. КМШ өлкөлөрүнөн 200дөн ашуун окуучулары катышышты.
Өткөрүлгөн олимпиаданын жыйынтыгы менен борбордун окуучулары 4 алтын, 1 күмүш жана 5 коло медалдарды жеңип алышты.
Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”
Бөлүшүү
Комментарийлер