Кыргызстандык адистер Франкфурттагы дүйнөлүк китеп фестивалына катышты
- 21.10.2025
- 0
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу «Окуу китеби» мамлекеттик мекемесинин башкы редактору Данияр Ашымов жана математика боюнча жумушчу топтун жетекчиси Үпөл Керимканова Германиянын Франкфурт шаарында өткөн дүйнөлүк китеп жана окуу куралдары фестивалына катышышты.
Иш-чарага дүйнөнүн ар кайсы бурчунан келген басма жана билим берүү тармагындагы адистер чогулуп, тажрыйба алмашышып, билим берүүдө жаңы тренддерди талкуулашты.
Бөлүшүү



Комментарийлер