КЫРГЫЗСТАНДАН АЙРЫМ ТОВАРЛАРДЫН ТҮРЛӨРҮН ТАШЫП ЧЫГУУГА УБАКТЫЛУУ ЧЕКТӨӨ КИРГИЗИЛДИ

  • 23.03.2020
  • 0
КЫРГЫЗСТАНДАН АЙРЫМ ТОВАРЛАРДЫН ТҮРЛӨРҮН ТАШЫП ЧЫГУУГА УБАКТЫЛУУ ЧЕКТӨӨ КИРГИЗИЛДИ

Кыргыз Республикасынан айрым товарлардын түрлөрүн ташып чыгууга убактылуу чектөө киргизилди. Тиешелүү токтомго Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Ошентип, тиркелген тизмеге ылайык алты ай товарлардын айрым түрлөрүн Кыргыз Республикасынан экспорттоого убактылуу тыюу салуу белгиленет.

Кыргыз Республикасынан үчүнчү өлкөлөргө сатууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салынган айрым товарлардын тизмеси:

Товарлардын аталышы
1Буудай жана меслин
2Буудай уну
3Өсүмдүк майы
4Күрүч
5Макарондун түрлөрү
6Шекер
7Тоок жумурткасы
8Тамак-аш үчүн йоддолгон туз
9Тоют (чөп, саман, комбикорм, улпак жана дан тоюту)
10Салфеткалар жана башка бактерияга каршы каражаттар
11Дезинфекциялоочу каражаттар

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы мыйзамсыз экспортту жоюуга багытталган зарыл чараларды көрүүдө.

Токтом кол коюлган күнүнөн тартып күчүнө кирет.

 Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо  бөлүмү

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер