КЫРГЫЗСТАНДА ЖУРНАЛИСТИКА БОЮНЧА III БОРБОР АЗИЯЛЫК СЕМИНАР ӨТҮҮДӨ

  • 02.08.2022
  • 0

Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын практик журналисттери менен журналисттерди даярдаган окуу жайлардын окутуучулары глобалдык коммуникациялар жана туруктуу өнүгүү доорунда заманбап журналисттерди даярдоодо боюнча мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жолдорун талкуулашууда.

КЫРГЫЗСТАНДА ЖУРНАЛИСТИКА БОЮНЧА III БОРБОР АЗИЯЛЫК СЕМИНАР ӨТҮҮДӨ

Иш-чаранын биринчи күнү Ишенаалы Арабев атындагы КМУда өтүп,  Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандын окутуучу-окумуштуулары, ЖМКлардын жетекчилери жана өкүлдөрү заманталабына жараша адистерди даярдоонун жолдорун бирге издешти. Анда талапка жараша ыкчам аракеттенүү зарылдыгы айтылып, заманбап технологияны колдонуу аркылуу адистерди даярдоодо биргелешип иш алып баруу керектиги баса белгиленди. Ал үчүн мурдагы салттуу билим берүү менен учур талабына ылайык жаңы өзгөрүүлөрдү кабыл алып, жаңы менен эскини айкалыштыруу аркылуу жаңы адистерди даярдоо сунуштары айтылды.

Семинардын калган төрт күнү көгүлтүр Ысык-Көл жээгинде уланууда.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер