КЫРГЫЗСТАН «TURKICSKILLS 2025» ЧЕМПИОНАТЫНА КАТЫШУУДА

  • 06.10.2025
  • 0

Кыргызстандын жаш кесипкөйлөрү Казакстан Республикасынын Актау шаарында өтүп жаткан эл аралык кесиптик чеберчилик чемпионаты “TurkicSkills 2025”ке жигердүү катышууда. Бул ири иш-чарага түрк тилдүү өлкөлөрдөн келген жаштар 10 кесиптик компетенция боюнча күч сынашып жатышат.

КЫРГЫЗСТАН "TURKICSKILLS 2025" ЧЕМПИОНАТЫНА КАТЫШУУДА

Чемпионатка жалпысынан 7 өлкөдөн 70тен ашуун катышуучу, 90дон ашуун эксперт жана 5000ден ашык конок күтүлүүдө. Иш-чаранын негизги максаты – кесиптик билим берүү тармагында тажрыйба алмашуу, жумушчу кесиптердин кадыр-баркын көтөрүү жана түрк дүйнөсүндөгү достукту чыңдоо болуп саналат.

Кыргызстандын улуттук курамасы бул мелдешке 8 компетенция боюнча катышууда. Курамга Бишкек шаарындагы №2, №5, №18, №22 жана №89 кесиптик лицейлердин, “Nomad” колледжинин жана И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин өкүлдөрү кирди.

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги “WorldSkills Кыргызстан” коомдук фонду менен жемиштүү кызматташтыкта иш алып барып, жаштардын кесиптик чеберчилигин өнүктүрүүгө жана өлкөнүн келечектеги эл аралык мелдештерге даярдыгына зор салым кошуп жаткандыгын белгиледи.

“TurkicSkills 2025” — Кыргызстандын улуттук командасы үчүн “WorldSkills Asia 2025” жана “WorldSkills International 2026” сыяктуу ири мелдештерге даярдыктын маанилүү баскычы болуп эсептелет.

(БК)

Бөлүшүү

Комментарийлер