КЫРГЫЗСТАН-РОССИЯ БИЛИМ БЕРҮҮ ДИАЛОГУ БЕКЕМДЕЛЕТ
- 29.10.2025
- 0
Бүгүн Бишкекте 29-30-31-күндөрү өтө турган мектеп директорлорунун III форуму Кыргыз-Славян университетинде башталды. 300 катышуучунун башын кошкон форумга Россия Федерациясынан 20 өкүл келди.
Форумдун ачылышында сүйлөгөн агартуу министри Д.Кендирбаева Россия Кыргызстан менен билим берүү диалогун бекемдөө демилгесин колдоп келаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн билим берүү мейкиндигиндеги биргелешкен аракеттерине токтолду. Ал жакында эле кыргызстандык 200 мугалим билим берүү туризми катары Москвадан стажировкадан өтүп келгендигин, эми дагы 200 мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү тажрыйба алууга бараарын ыраазычылык менен белгилеп өттү.
— Биз кайсы жерде жашасак да, биздин милдетибиз бирөө гана – улуттук салттуу баалуулуктарды сактоо менен өз мекенинин чыныгы атуулун тарбиялоо. Учурда биз продуктивдүү иштөөгө жөндөмдүү мыкты педагогдорду кантип даярдайбыз деген актуалдуу суроо болууда. Акылдуу кеңештерден көрө, бир грамм тажрыйба артык болуп жатат. Андыктан биз эки өлкөнүн эбактан келаткан жакшы жөрөлгөсүн улап, тажрыйба алмашуулар аркылуу билим берүү тармагын өнүктүрө алабыз деп ойлойм. Биз биринчи жолу Россия Федерациясынын Агартуу министрлигинин колдоосу менен жаңы предметтик стандарттарга шайкеш автордук эки орус тили окуу китебин жазып чыктык. Жакында 6000 миң нуска келет, — деди Д.Кендирбаева.
Ал өзүнүн сөзүндө Кыргызстандын билим берүү тармагындагы жакшы жөрөлгөлөрдү белгилеп өтүп, ысымы дүйнөгө тараган россиялык Менделеев, Мичурин сыяктуу улуу окумуштуулардын профилдик практикалык класстарын ачуу маселеси талкууланып жатканын, айрыкча, эки өлкөдө тең актуалдуу болгон жашыл климатты түзүү боюнча Мичуриндин практикалык класстарын ачууга зор кызыгуулар болуп жатканын билдирди. Ошондой эле акыркы мезгилде аймактарга орус тилдүү математика сабагынан окуткан мугалимдер жетишпей жатканын кошумчалады.
— Биз үч нерсеге айрыкча басым жасашыбыз керек. Ал: Эмне кылуу керек? Эмне үчүн кылуу керек жана жыйынтыкка багытталган жаңы педагогдорду кантип даярдашыбыз керек? Биздин бардык эмгегибиз балдар үчүн жумшалууга тийиш. Биз кандай балдарды тарбияласак, келечегибиз ошого жараша болот. Ал үчүн билим берүү дипломатиясын бирге өнүктүрүп, эң татыктуу педагогдорду даярдай алаарыбызга ишенемин, — деди Догдуркүл Кендирбаева.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”



Комментарийлер