КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ФРАНЦИЯ БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДАГЫ КЫЗМАТТАШТЫКТЫ КЕҢЕЙТЕТ

  • 23.10.2025
  • 0

2025-жылдын 22-октябрында агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Кыргызстандагы Франциянын элчиси Николя Фай менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мектептик жана башталгыч кесиптик билим берүү тармагындагы кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ФРАНЦИЯ БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДАГЫ КЫЗМАТТАШТЫКТЫ КЕҢЕЙТЕТ

Франциянын элчиси Николя Фай Кыргызстандын жалпы билим берүү мектептеринде француз тилин өнүктүрүүгө өзгөчө кызыгуусун билдирди. Ал француз тили сабагын окутууга кошумча сааттарды бөлүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштап, эки өлкө ортосундагы маданий жана билим берүү байланышын тереңдетүү маанилүү экенин белгиледи.

КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ФРАНЦИЯ БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДАГЫ КЫЗМАТТАШТЫКТЫ КЕҢЕЙТЕТ

Өз кезегинде министр Догдуркүл Кендирбаева өлкөдө гуманитардык жана тил багытындагы мектептер бар экенин айтып, француз тилин тандоо сабагы катары киргизүү мүмкүнчүлүгү каралып жатканын белгиледи. Ошондой эле ал француз тили боюнча кыргыз билим берүү тутумуна ылайыкташтырылган окуу-методикалык комплекс даярдоонун зарылдыгын баса белгиледи.

Жолугушууда башталгыч кесиптик билим берүү тармагындагы кызматташтык маселеси да көтөрүлдү. Кыргыз тарап француз ашканасы жана туризм багыты боюнча адистерди даярдоо үчүн кесиптик лицейлердин базасында кыска мөөнөттүү курстарды уюштурууну сунуштады.

Тараптар жолугушуунун жыйынтыгында мектептерде француз тилин окутуу боюнча окуу-методикалык программаны иштеп чыгуу үчүн биргелешкен жумушчу топ түзүүгө жана мындан аркы билим берүү долбоорлорун ишке ашыруу багытында тыгыз кызматташууга макулдашышты.

КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ФРАНЦИЯ БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДАГЫ КЫЗМАТТАШТЫКТЫ КЕҢЕЙТЕТ

Бул демилгелер Кыргызстан менен Франциянын билим берүү жаатындагы байланыштарын чыңдоого жана жаштардын тил үйрөнүү, кесиптик өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.

Бөлүшүү

Комментарийлер