КЫРГЫЗСТАН БИРИНЧИ ЖОЛУ ОКУУЧУЛАРДЫ ЭЛЕКТРОНДУК ЖОЛ МЕНЕН БААЛООНУ КИРГИЗҮҮДӨ

  • 30.01.2020
  • 0

Төрт күндүн ичинде башталгыч мектептин 1344 окуучусу китеп окуу жана түшүнүү көндүмдөрүн электрондук жол менен баалоого катышты. Бул иш-чараны Билим берүү жана илим министрлиги ЮСАИД менен ЮНИСЕФтин колдоосу алдында уюштурду.

КЫРГЫЗСТАН БИРИНЧИ ЖОЛУ ОКУУЧУЛАРДЫ ЭЛЕКТРОНДУК ЖОЛ МЕНЕН БААЛООНУ КИРГИЗҮҮДӨ

БИШКЕК/КАДАМЖАЙ, 2020-жылдын 30-январы. – Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарындагы мектептердин 4-классынын 1344 окуучусу билимин электрондук жол менен баалоого катышууда. Бул иш-чара баланын китеп окуу жана окуганын баамдап, түшүнүү көндүмдөрү канчалык калыптанганын аныктоо максатында өткөрүлүп жатат. Иш-чарага кыргыз, өзбек, орус жана тажик тилдеринде билим алган окуучулар катышууда.

Текшерилчү көндүмдөр тууралуу ишенимдүү жана так маалымат алуу үчүн пилоттук мектептерде электрондук баалоону Билим берүүнүн сапатын баалоо жана малыматтар технологиясынын улуттук борбору тарабынан жүргүзүлүүдө. Баалоонун жыйынтыктары мугалимдерге билим алууда өзгөчө муктаждыгы бар балдарды, тил үйрөнүүдө кыйналган окуучуларды таап чыгууга, майыптуулугу бар балдар эмнеден кыйналарын түшүнүүгө жардам берет.

Баалоо 48 мектепте жана 10 бала бакчада “Бирге окуган сонун” долбоорунун алкагында өткөрүлдү. Бул долбоор Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин демилгеси менен ишке ашып, долбоорго ЮСАИД жана ЮНИСЕФ колдоо көрсөттү.

Өлкө боюнча мектептерде окуунун жыйынтыктарына терең, ар тараптуу анализ жүргүзүү максатында электрондук баалоо билим берүүнү башкаруунун улуттук маалыматтык системасына киргизилет. Бул анализ Билим берүү жана илим министрлигине балдар окууда кандай кыйынчылыктарга туш болоору тууралуу маалымат алууга, мугалимдердин кесипкөй көндүмдөрүн жана даярдыгын талдап чыгууга, окуу процессин жакшыртуу боюнча чечим кабыл алууга жардам берет. Баалоо жүргүзүү үчүн аспаптар китеп окуу боюнча улуттук билим берүү стандарттарынын негизинде иштелип чыккан, алар PIRLS жана PISA өңдүү эл аралык деңгээлде колдонулган аспаптарга окшош.

“Сапаттуу билим берүү сабак өтүүдө жана окутууда кемчиликтерди таап чыгуу үчүн тийиштүү баа берүүнү талап кылат. Балдардын окуудагы ийгиликтерине баа берүү менен, биз билим берүүнүн сапатын жакшыртуу үчүн зарыл болгон жерлерде кемчиликтерди өз убагында таап чыга алабыз”, — деп айтты ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлү Кристин Жольм.

ЮНИСЕФ тууралуу

ЮНИСЕФ өзгөчө камкордукка муктаж балдарга жетүү үчүн дүйнөдөгү эң татаал жерлерде иш алып барат. 190 өлкөдө жана аймактарда бардыгы үчүн татыктуу жашоону камсыз кылуу максатында биз ар бир бала үчүн, бардык жерде жана күн сайын иш алып баруудабыз. Толук маалымат алуу үчүн сайтыбызга баш багыңыз: www.unicef.org.

Кенен маалымат алуу үчүн:

Мавлюда Джапарова, ЮНИСЕФ, Кыргызстан, 0777919142, [email protected]

Кайрат Мурзакимов, ЮСАИД, Кыргызстан, 0770 770 285,  [email protected]

Бөлүшүү

Комментарийлер