КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК УНИВЕРСИТЕТИ – ИЛИМ-БИЛИМДИН, ДОСТУКТУН КУТТУУ ОРДОСУ

  • 25.05.2018
  • 0

“Жети өлчөп бир кесип” туура чечим кабыл алуу жоопкерчиликтүү кадам»

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК УНИВЕРСИТЕТИ – ИЛИМ-БИЛИМДИН, ДОСТУКТУН КУТТУУ ОРДОСУ

Кыргыз-Өзбек университетинин ректору, э.и.д.,

профессор КР ИАнын мүчө-корреспонденти Райымбаев Чаткалбай Кенейбаевич

Маалыматтык башкаруу кылымындагы атаандаштык күч алган бүгүнкү күндүн шартында татыктуу турмуш кечирүү ар бир адамдын тилеги. Күнүмдүк турмуштун айынан, башкалардан кем калбаган турмуш шарт менен камсыз болуп, учун улаган урпагы үчүн айкын келечек тартуулайм деген улуу муун, орто муун, а түгүл жаштарыбыздын да көпчүлүгү мекен чегинен агылып, жер кезип жүргөнүн жашыра албайбыз.

Татыктуу билим алып, керектүү адистикке ээ болуу – бүгүнкү күндүн талабы. Себеби, мезгил агымына жараша кесип тандай албаган адам, жеке турмушуңда далай татаалдыкка туш келе тургандыгы айтпасак да көпчүлүккө белгилүү.

Албетте, учурда жогорку жана атайын орто билим бере турган окуу жайлар өлкөбүздө өтө эле көп. Бирок алардын билим берүү сапаты, илимий ишмердик багыты, таалим-тарбия, келечектеги кесибине туура багыт берүү мүмкүнчүлүгү бирдей эмес.

Кыргыз-Өзбек университети жергебиздеги башка жогорку окуу жайлардан айырмаланып, жогорку, орто жана кесиптик орто билимдүү адистерди даярдап чыгара турган илимий потенциялы жогору, билим берүү ишмердигиндеги артыкчылыгы менен өзгөчөлөнгөн тажырыйбасы бай окумуштуу-окутуучулары менен өлкөбүздүн келечеги үчүн татыктуу жаш адистерди тарбиялап жаткан жогорку окуу жай. Биздин бүтүрүүчүлөрүбүз көпчүлүгү өлкөбүздөгү баардык бийлик бутактарында жетектөөчү кызматтарда иштеп, калк арасында аты аталып, абройго жетишип калган. Ал гана эмес алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдө кесипкөй адис катары бааланып, үзүрлүү иштеп жатышканын сыймыктануу менен айта кетким келет.

Эл аралык деңгээлдеги илимпоздорубуздан, окумуштуу-окутуучуларыбыздан тышкары да окуу кааналарыбыздын акыркы үлгүдөгү заманбап технологиялык каражатар менен жабдылышы   — студенттердин ийгиликке тез жетип, бийиктикти ыкчам багынтышына шарт түзөт.

Урматтуу, ата-энелер, мектеп бүтүрүүчүлөрү, келечек үчүн адистик, кесиптик билим алуу үчүн окуу жайды тандоо сиздердин эркиңиздерде. Ошондуктан, тандоо учурунда “жети өлчөп бир кесип” туура чечим кабыл алуу жоопкерчиликтүү кадам. Анткени бүгүнкү сиздин тандооңуз – эртеңки күнүңүзгө түптөлгөн пайдубал экендигин эстен чыгарбаңыз.

       КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК УНИВЕРСИТЕТИ – ИЛИМ-БИЛИМДИН, ДОСТУКТУН КУТТУУ ОРДОСУ

Жогорку жана орто билим берүү тармагында  чейрек кылымдык тарыхы бар Кыргыз-Өзбек университети мамлекетибиздеги эң маанилүү жүктү, тактап айтканда улуттар аралык достукту, анын ичинде түштүк аймагындагы калктын басымдуу пайызын ээлеген Кыргыз, Өзбек элдеринин арасындагы ынтымакты бекемдеп келген жападан жалгыз окуу жай. Өз тарыхында 40000ден ашуун бүтүрүүчүлөрдү даярдап чыгарды. Алар бүгүнкү күндө Кыргыз мамлекетинде гана эмес, коңшулаш Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан. Россия о.э.алыскы чет өлкөлөрдө дагы жоопту кызматтарды аркалап келишет.   Жалпысынан, азыркы күндө Кыргыз-Өзбек университетинде 10000ге чукул студенттер билим алууда. Ал эми университеттин стуруктурасы кесиптик лицейден, социалдык, медициналык, Ала-Бука колледждеринен, жогорку билим берүү багытында  факультеттерден жана аспирантура, докторантура билим берүү түзүмдөрүнөн турат. Бүгүнкү күндө университетти э.и.д., профессор, КР ИАнын мүчө-корреспонденти Ч.К.Райымбаев жетектеп келет.

 

Билим берүүдө өзгөчө орду бар профессор окутуучу агай-эжейлер эмгектенет

Заман талабына ылайык жогорку квалификациялуу адистерди даярдоодо профессордук-окутуучулар курамынын сапаты чоң роль ойнойт. Бүгүнкү күндө университеттин кафедраларында, циклдык бирикмелеринде 400гө жакын профессордук окутуучулар жамааты студенттерге билим берет. Ал эми илимий даражалуу окутуучулардын саны жалпы профессордук -окутуучулар жамаатынын 40%  түзөт. Андан сырткары 40тан ашуун КРнын билим берүүнүн мыктылары жана илим-билимге эмгеги сиңген ишмерлер, дүйнөлүк масштабдагы аалым-окумуштуулар эмгектенет.

Материалдык-техникалык базасы

Университетте билим берүү 7 окуу имаратында жүргүзүлөт, ар бир окуу имараттарында заман талабына жооп берген окуу материалдык-техникалык  базасы, китепкана, илимий борборлор, маданий ийримдер, спорттук аянтча, студенттик ашкана, иш-чаралар жана илимий конференциялар өтүүчү чоң залдары менен камсыздалган. “Химия”, “биология”, “физика” ж.б. так илимдер боюнча  студенттерге атайын заманбап лабараториялык каналар ачылган.  Керектүү муляждар, фантомдор жана медициналык аспаптар менен жабдылган тренажердук кабинеттер, усулдук каналар, лабароториялар, стоматологиялык кабинеттер, окуу лабораториялары түзүлгөн.

“Автомобиль транспортун оңдоо жана техникалык кароо” адистигинде окуган студенттер үчүн заман талабына ылайык автоунааларды оңдоп-түзөө лабораториялары жана устаканалары бар. Ар бир чеберканада студенттер өз устаттарынан алган билими менен, бүгүнкү күндө өз алдыларынча иш алып барганга жетишкен.

Алыскы райондордон келген студенттер үчүн 350 орундан турган жатаканасы бар.

 

Студенттердин алып жаткан билими менен каалаган адам таанышууга мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн

Cтуденттерге  билим берүү ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча университетте модулдук-рейтингдик система толук киргизилип, AVN маалыматтар программасы боюнча иш алынып барылып жатат. Бул программа аркылуу студенттердин билимин баалоо, окуу жадыбалдары, пландары, келишим акыны төлөө жөнүндөгү маалыматтар камтылып, каалаган адам таанышууга мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн.

Студенттер татыктуу окуу жайда билим алып жатканына сыймыктанышат

     Кыргыз-Өзбек университети билим берүү ишмердигин  заман талабына ылайык, жаны технологиялык жабдууларды кеңири колдонуу менен жүргүзүп келет. Тагыраак айтканда, өтүлгөн ар бир теманы тереңдетип үйрөтүү үчүн жана ар бир студентке сабактын жүрүшү жугумдуу болушун көздөгөн окумуштуу окутуучулар интерактивдүү доскаларды колдонушат. Сабак учурунан тышкары билимин тереңдетүү багытында студенттер ар бир окуу корпусуна жайгаштырылган китепканалардан, адистигине байланыштуу  адабияттарды пайдалана алышат. Ошондой эле борборлоштурулган электрондук китепканадан, интернет желесинен пайдаланып, электрондук керектүү адабияттарды издеп табууга мүмкүнчүлүктөрү кеңири. Кыргыз-Өзбек университетинде түзүлгөн мындай  заманбап шарты менен алдын ала тааныш болуп келген студенттер татыктуу окуу жайда билим алып жатканына сыймыктанышат.

 

Университетте өткөрүлүп жаткан маданий-массалык жана спорттук иш-чаралар

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК УНИВЕРСИТЕТИ – ИЛИМ-БИЛИМДИН, ДОСТУКТУН КУТТУУ ОРДОСУ

Университетте студенттердин окууга болгон кызыгуусун арттыруу максатында ар түрдүү адабий музыкалык кечелер, коомдук жана маданият ишмерлери, акын-жазуучулар, өмүрү өрнөк инсандар, ардагерлер менен жолугушуулар уюштурулуп, “Кыз-жигит сармердени”, “Студенттик жаз”, “Жаз жана акындар” адабий музыкалык кечелери, “Студенттике кабыл алуу-Ыйгарым” аземдери, “Бүтүрүү” кечелери, ар түрдүү багыттагы “Акыл таймаштар”, “Улуу тил дүйнөсү”, “Эне тил – Элдин байлыгы” аттуу эне тил майрамдары, “Манас- көөнөргүс мурас” аттуу жаш манасчылардын кароо-сынактары, коомдук-маданият  ишмерлеринин маараке салтанаттары, профессордук-окутуучулар жамаатынын жана студенттердин арасында ар түрдүү спорттук мелдештер  өткөрүлүп турат.

КӨУнун жалпы жамааты  «Спорт- ден соолуктун булагы,»  — деген  чакырыкта улуттук жана олимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча үзгүлтүксүз машыгып турууну салтка айлантышкан. Устат  окутуучулардын машыктыруусунун жыйынтыгында аталган окуу жайдын студенттери бир нече спорттук мелдештерде алдыңкы орундарды багындырууга жетишти. Мындай ийгиликтердин дагы бийик деңгээлге көтөрүлүшүн көздөгөн, университеттин жетекчилиги,  окуу жайдын жаш спортчуларын эл аралык талапка жооп бере турган спорт манежи менен камсыз кылган. Окуу жайда түзүлгөн мындай шартка жана кесипкөй окутуучулардын устаттык камкордугуна студенттер, жоопкерчилик менен мамиле кылышат.

Университетте уюштурулган социалдык жана маданий-массалык иш-чаралардын негизги максаты-студенттердин өз ара достугун, ынтымагын жана биримдик мамилелерин чыӊдоо аркылуу алардын ата-энеге, туулган жерге, мекенге болгон сезимдерин күчөтүү менен Кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөөгө ар тараптуу салым кошуу болуп эсептелет.

 

Биздин университеттин артыкчылыктары

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК УНИВЕРСИТЕТИ – ИЛИМ-БИЛИМДИН, ДОСТУКТУН КУТТУУ ОРДОСУ

*Заманбап материалдык-техникалык база:

*Тажрыйбалуу профессордук-окутуучулар курамы:

*Сапаттуу билим:

*Чет элде билим алууга ачык жол:

*Заманбап китепкана

*Компьютердик класстар жана акысыз интернет:

*Заманбап окуу кааналары:

*Толук шарттагы жатакана*

*Заманбап спорт залдар жана аянтчалар*

*”В” жана “ВС”  категориясы боюнча даярдоочу айдоочулук курсу (автомектеп):

*Ар кандай тил курстары:

*Илимий жана маданий борборлор:

 Окуу процессин учур талабына ылайык уюштурууда төмөндөгү структуралык түзүмдѳр иш алып барышат:

* Окуу департаменти;

* Эл аралык байланыштар жана инвестиция департаменти;

* Мамлекеттик тил жана социалдык-маданий иштер бөлүмү;

* Административдик-чарба департамент;

* 7 илимий-изилдѳѳ борборлорунун башын бириктирген «Инновациялык технологиялар» илимий-изилдѳѳ институту;

* 3 адистик боюнча Диссертациялык Кеңеш;

* Аспирантура жана илим бөлүмү;

* Китепкана (а.и. электрондук китепкана);

* Китептерди даярдоо борбору.

 

Илимий жана маданий борборлор:

Студенттердин илимий – изилдөө жумуштары менен  алектенүүсү үчүн  түзүлгөн илимий изилдөө борборлору: 

  • “Табигый Таш”
  • “Альтерэнерго”
  •  “Формалык кийим”
  •  “Инновациялык экономика”
  •  “Комплекстүү бирикмелердин химиясы”
  • “Жогорку мектептин педагогикасы жана усулу”
  •  “Өзгөчө кырдаалдар медицинасы”

 

Студенттердин сабактан тышкары өз алдынча ой жүгүртүп, иш алып баруусу үчүн ачылган маданий борборлор

  • “Өзбек маданий” борбору
  • “Корей тили жана маданияты”
  •  “Англис ресурстук”
  •  “Славян дүйнөсү”
  • “Батыш билим”
  •  «Токтом»  маалыматтык  борбору
  •  «Мамлекеттик тилди үйрөтүү жана өнүктүрүү» борбору,
  • “Манас таануу”
  •  “Айтматов таануу” борбору
  • Таалим – тарбиялык багыты боюнча атайын “маданий –эстетикалык”  борборлору үзгүлтүксүз иш жүргүзүп келет.

Чыгармачыл студенттер үчүн

  • Маалымат кызматы
  • “Гранит” теле студиясы
  •  “Достук планетасы” гезити
  • “Достук” чыгармачыл борбору
  • Студенттик кошун
  • Айдоочулук курсу
  • Медициналык пункту
  •  Компьютердик курстары
  • Эл аралык бөлүмдөр иштейт.

 

«Спорт- ден соолуктун булагы,»  спортту сүйгөн студенттер үчүн

  • “Достук” спорт клубу
  •  “Воллейбол”
  • “Баскетбол”
  • “Ордо”
  • “Футбол”
  •  “Стол тенниси”
  •  “Жеңил атлетика”
  •  “Тогуз коргоол”
  •  “Шахмат”
  •  “Эркин күрөш”
  •  ж.б ийримдер,
  •  “Спорттук аянтчалар”
  •  “Спорттук манеждер” студенттердин жана мугалимдердин кызматында.

 

К-ӨУнун гранттык (бюджеттик), контракттык орундарына төмөнкү багыттар (адистиктер) боюнча кабыл алуу жүргүзүлөт

Каржы-экономика факультети

-540200. Социалдык иш /бакалавр- күндүзгү, сырткы/

-580200. Менеджмент /бакалавр- күндүзгү, сырткы/

 

Тарых-филология факультети

-550300. Филологиялык билим берүү (анг.тили) /бакалавр-күндүзгү/

кыргыз тили, орус тили) /бакалавр-күндүзгү, сырткы/

-550400. Социалдык-экономикалык билим берүү (тарых) /бакалавр-күндүзгү,сырткы/

 

Инженердик – технологиялык факультети

-670200.Транспорттук-технологиялык машиналарды жана  комплекстерди эксплуатациялоо /бакалавр-күндүзгү, сырткы/

-710100. Информатика жана эсептөө техникасы /бакалавр-күндүзгү, кечки/

-610300. Агроинженерия (электрдик жабдуулар жана электротехнологиялар) /бакалавр-күндүзгү, сырткы/

-570700. Костюм жана текстил искусствосу /бакалавр-күндүзгү, кечки/

-740700. Жеӊил өнөр жай буюмдарынын технологиясы /бакалавр-күндүзгү, сырткы/

-570400. Дизайн /бакалавр-күндүзгү, сырткы(ЖРТ талап кылынбайт)/

-570025. Графика   /адистик-күндүзгү/ (ЖРТ талап кылынбайт)

-570022. Декоративтик-колдонмо искусствосу жана  элдик кол өнөрчүлүк /адистик-күндүзгү/ (ЖРТ талап кылынбайт)

Табигый-педагогикалык факультети

-550200. Физика-математикалык билим берүү (физика, математика, информатика) /бакалавр-күндүзгү, сырткы/ 

-550100. Табигый-илимий билим берүү (химия, биология, география) /бакалавр-күндүзгү, сырткы/

-532000. Дене тарбия /бакалавр-күндүзгү, сырткы/ (ЖРТ талап кылынбайт)

— 550700. Педагогика (башталгыч билим берүүнүн методикасы, мектепке чейинки билим берүүнүн методикасы) /бакалавр-күндүзгү, сырткы/

Юридика-бажы факультети

-530500.«Юриспруденция»/бакалавр-күндүзгү, сырткы/

-530004. Бажы иши /адистик-күндүзгү, сырткы/

 

 Университет орто кесиптик билим берүү боюнча 9-11- класстын базасында төмөнкү адистиктер боюнча кабыл алат.

Медициналык колледж

(11-класстын базасында)

-060102. Акушердик иш /күндүзгү/    

-060108. Фармация /күндүзгү/ 

 -060109. Медициналык айым иши  /күндүзгү/    

 -060101. Дарылоо иши /күндүзгү/   

-060105. Стоматология /күндүзгү/    

Социалдык колледж

(9-11-класстын базасында)

-260903. Тигилүүчү кийимдерди  моделдештирүү жана конструкциялоо /күндүзгү/

-070602. Дизайн (тармактар боюнча) /күндүзгү/

-070802. Декоративтик –колдонмо искусствосу жана элдик кол өнөрчүлүк /күндүзгү/

-050709. Башталгыч класстарды окутуу /күндүзгү, сырткы/

-050704. Мектепке чейинки билим берүү /күндүзгү, сырткы/

-050711. Социалдык педагогика /күндүзгү, сырткы/

-140212. Электр менен жабдуу (тармактар боюнча) /күндүзгү, сырткы/

-210406. Байланыш тармактары жана коммуникация системалары /күндүзгү, сырткы/

-190604. Автоунааларды оӊдоо жана аларды техникалык жактан тейлөө /күндүзгү/

-230109. Эсептөө техникасы менен  автоматташтырылган системаларды программалык камсыздоо /күндүзгү, сырткы/

-230701. Колдонмо информатика (тармактар боюнча)/ күндүзгү, сырткы/

-080116. Финансы (тармактар боюнча) /күндүзгү, сырткы/

-080110. Экономика жана бухгалтердик эсеп  (тармактар боюнча) /күндүзгү, сырткы/

-080107. Салык жана салыкка тартуу/күндүзгү, сырткы/

-030505. Укук таануу /күндүзгү, сырткы/

-030504. Укук жана социалдык камсыздоону уюштуруу /күндүзгү, сырткы/

-050720. Дене тарбия /күндүзгү, сырткы/

Ала-Бука колледжи

(9, 11-класстын базасында)

-050709. Башталгыч класстарды окутуу /күндүзгү, сырткы/

-230109. Эсептөө техникасы менен  автоматташтырылган системаларды программалык камсыздоо /күндүзгү, сырткы/

-080116. Финансы (тармактар боюнча) /күндүзгү, сырткы/

-080110. Экономика жана бухгалтердик эсеп  (тармактар боюнча) /күндүзгү, сырткы/

-030505. Укук таануу /күндүзгү, сырткы/

-050704. Мектепке чейинки билим берүү /күндүзгү, сырткы/

-190604. Автоунааларды оӊдоо жана аларды техникалык жактан тейлөө /күндүзгү/

Кесиптик лицей

( 9-11-класстын базасында)

-5146.Бычмачы

-5147. Электр жабдууларын оӊдоо боюнча слесарь-электрик

-7443. Тигүүчү

-5141. Чач тарач

 

Окууга кабыл алуу үчүн талап кылынуучу негизги документтер:

Ректордун атына жазылган абитуриенттин арызы;

-паспорт (көчүрмөсү);

-Орто, толук орто, орто кесиптик же жогорку билими жөнүндөгү мамлекеттик үлгүдөгү документ;

-тестирлөөнүн жүрүшүндө алган баллы жөнүндөгү сертификаттын түп нускасы

(колледждер үчүн зарыл эмес);

-аскердик билет же аскерге милдеттүүлүгү жөнүндөгү күбөлүк;

-3х4 өлчөмүндөгү 8 даана сүрөт.

Дареги: Ош шаары Г.Айтиев көчөсү 27,

Курманжан Датка кичи району.

Н.Исанов көчөсү 79

Байланыш телефондору: (03222) 5-53-45, 2-34-73, 7-21-03, 4-87-08:

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер