КЫРГЫЗ УЛУТТУК УНИВЕРСИТЕТИНИН 100 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ
- 24.10.2025
- 0
Бүгүн, 24-октябрда, Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (КУУ) 100 жылдык мааракесине арналган “Улуттук университет — улуттун тиреги” аттуу эл аралык форум болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, Кыргыз Эл жазуучусу Арслан Койчиев, Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Орозов, өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ректорлору жана ардактуу коноктор катышты.

Маарекелик иш-чаралар 23-октябрда башталып, үч күнгө созулат. Университеттин ректору Догдурбек Чонтоевдин айтымында, мааракеге карата “100 жылдыкка — 100 кабинет, 100 китеп, 100 иш-чара” аттуу долбоорлор ишке ашырылууда.
Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жамаатты куттуктап, КУУнун тарыхы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жана интеллектуалдык элитанын калыптанышы менен тыгыз байланышта экенин белгиледи:

“1925-жылы агартуу институту катары негизделген бул окуу жай педагогикалык кадрларды даярдоодон тартып, улуттук статусу бар, өлкөнүн алдыңкы илимий-билим берүү борборуна айланганга чейинки татыктуу жолду басып өттү. Бул жылдар аралыгында миңдеген адистерди тарбиялап, кыргыз коомунун, илиминин, маданиятынын жана мамлекеттик кызматтын өнүгүшүнө баа жеткис салым кошту”, — деди министр.
Кыргыз улуттук университети 1925-жылы Кыргыз агартуу институту катары негизделген. Ал кыргыз элинин билим берүү тарыхындагы алгачкы жогорку окуу жай болуп эсептелет. 1932-жылы ал Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институту болуп кайра түзүлүп, билим берүү тармагында жаңы доордун башталышына жол ачкан.

Бүгүнкү күндө КУУда 30 миңден ашуун студент билим алат. Университеттин курамында 14 факультет, 14 институт, 4 колледж, ошондой эле аспирантура жана докторантура программалары иштейт.
(БК)
Комментарийлер