КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕГИ ОНЛАЙН БИЛИМ БЕРҮҮ ДОЛБООРУ БАШТАЛДЫ

  • 19.12.2017
  • 0

Кыргызстанда орус тилдүү же англис тилдүү контентти түшүнүүдө кыйынчылыкка  дуушар болуп жаткан колдонуучулар үчүн ар түрдүү предметтер боюнча кыргыз тилиндеги билим берүү дисциплиналарын көрсөтүүчү  ilimelim.kg интернет-порталы түзүлдү.

КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕГИ ОНЛАЙН БИЛИМ БЕРҮҮ ДОЛБООРУ БАШТАЛДЫ          

Бул долбоор Борбордук Азиядагы Америка университетинин (БААУ) окутуучулары Руслан Рахимов жана Элира Турдубаева тарабынан демилгеленип, бир катар окутуучулардын колдоосуна ээ болду. Аны ишке ашырууга  “Сорос- Кыргызстан” Фонду толугу менен кѳмѳк кѳрсѳтүп, каржылык жактан колдоп берди.

Жалпысынан 140 саатка созулган бул видеокурстарга  чет мамлекеттерде  квалификациясын жогорулатууда, методологиялык семинарларга, конференцияларга, ошондой эле ар түрдүү долбоорлорго катышып, бай тажрыйба топтогон Кыргызстандагы ЖОЖдордун окутуучулары катышат. Алар прикладдык жана теориялык предметтер боюнча билимдери менен бөлүшүп, видеосабактарды уюштурушат. Мисалы, видеолекциянын форматында “Изилдѳѳнүн методдору”, “Англис тили”, “Жаштар социологиясы”, “Манас таанууга киришүү”, “Саясат таануунун негиздери” ж.б. курстар окутулат.

        Аталган видеокурстар студенттерге, мектеп окуучуларына жана ошондой эле кыргыз тилинде билим алгысы келген бардык каалоочуларга багытталган. Курстардын баары акысыз жана бир гана кыргыз тилинде жүргүзүлѳт.  Кѳпчүлүк учурда контент окутулуп жаткан  дисциплиналардан алынат. Алар АУЦАнын ТВ-студиясынын базасында видеолекция форматында жазылып, ар бир курстун модели курска тексттик материалдар менен коштолгон видео лекциялардан турат.

     Бул долбоордун негизги максаты — колдонуучуларга жеткиликтүү, түшүнүктүү негизде билим берип, керектөөчүлөр менен байланыш түзүү. Курстар ilimelim.kgвидеопорталында жайгаштырылып, ошол эле учурда аны ютуб-видеоканалынан дагы көрүүгѳ болот. 

     Учурда  ар бири 7 сааттан турган 20 курсту түзүү иштери жүрүп жатат. Ага Бишкек шаарындагы ар түрдүү ЖОЖдордон 15 окутуучу чакырылган. Видеокурстарды жазуу иштери активдүү түрдө сентябрь айынын аягында башталган жана 2018-жылдын январь айына чейин улантылат. Азыркы мезгилде бул курстардын айрымдары жогоруда белгиленген интернет-даректерде жайгашып, онлайн-режиминде кѳрүү мүмкүнчүлүгү түзүлгѳн.

Бөлүшүү

Комментарийлер