КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ КОРОНАВИРУС БОЮНЧА КЫРДААЛ ЖАКШЫРГАНГА ЧЕЙИН МАССАЛЫК ИШ-ЧАРАЛАРДЫ ӨТКӨРҮҮГӨ УБАКТЫЛУУ ЧЕКТӨӨ КИРГИЗДИ

  • 12.03.2020
  • 0

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү коронавирус инфекциясы (COVID-19) боюнча кырдаал жакшырганга чейин маданий, спорттук жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизди. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Бул чечим «Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана17-беренелерине ылайык, коронавирустук инфекциянын (COVID-19) пайда болуу коркунучун алдын алуу жана Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык дурус абалын камсыздоо максатында кабыл алынды.

Жеке жактарга жана соода, кызмат көрсөтүү жана коомдук тамактануу чөйрөсүндө иш менен алектенген менчиктин түрүнө карабастан юридикалык жактарга убактылуу чектөө алып салынганга чейин массалык иш-чараларды өткөрүүдөн жана катышуудан тыйылуу, жайларда жана залдарда санитайзерлерди, аба тазалагычтарды орнотуу, кызматкерлерди жана келүүчүлөрдү дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыздоо сунушталды.

Министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, административдик ведомстволорго, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүчү мекемелерди дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыздоо боюнча тиешелүү чараларды көрүү, ушул токтомдун жоболорун сактоо боюнча калк арасында кеңири маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Бөлүшүү

Комментарийлер