КЫРГЫЗ-ОРУС КЫЗМАТТАШТЫГЫНЫН КЕЛЕЧЕКТҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИ ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 09.07.2021
  • 0

8-июлда Билим берүү жана илим министрлигинде министр Болотбек Купешев менен Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченконун жолугушуусу болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова, «Роскызматташтыктын» Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Виктор Нефедевдер да катышышты.

Жолугушууда тараптар билим берүү жана илим жаатындагы кыргыз-орус кызматташтыгынын маселелери талкууланып, кызматташтыкты бекемдөө боюнча мындан аркы пландар белгиленди.

Жолугушуунун негизги темасы Кыргызстандын аймагында орус тилинде окута турган биргелешкен кыргыз-орус билим берүү уюмдарынын курулушу жана иштетилиши менен байланышкан маселе болду.

Андан тышкары, эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ортосундагы кызматташтыкты жакшыртуу жана кеңейтүү, Кыргыз Республикасынын жарандарынын алдыңкы россиялык жогорку окуу жайларда билим алуусу үчүн квоталардын санын көбөйтүү, ошондой эле жаштарды маданий агартуу маселелеринде өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар билим берүү жана илим жаатындагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү жана бекемдөө багытында биргелешкен аракеттерди жасоо тууралуу макулдашышты. Ошондой эле тараптардын ортосундагы бардык маселелерди ыкчам жана сапаттуу чечүү үчүн мындай жолугушууларды такай өткөрүп туруу чечими кабыл алынды.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер