КЫРГЫЗ ОКУМУШТУУСУ ДҮЙНӨЛҮК МАТЕМАТИКА СОЮЗУНУН АССАМБЛЕЯСЫНА КАТЫШАТ

  • 24.05.2018
  • 0

Кыргызстандык математик А.Джураев биринчи жолу Бразилияда өтүүчү Генералдык Ассамблеяга катышууга грант алды.

КЫРГЫЗ ОКУМУШТУУСУ ДҮЙНӨЛҮК МАТЕМАТИКА СОЮЗУНУН АССАМБЛЕЯСЫНА КАТЫШАТ

Кыргызстандык математик Абубакир Джураев 2018-жылдын 29-30-июлдарында Сан-Паулу (Бразилия) шаарында өтүүчү Дүйнөлүк математика союзунун XVIII Генералдык Ассамблеясына катышууга грант алды.

Дүйнөлүк математика союзунун Генералдык Ассамблеясына 100дөн ашык мамлекеттин делегаттары катышат жана төрт жылда бир жолу өткөрүлөт.

А.Джураев Дүйнөлүк математика союзунун XV-XVII Генералдык Ассамблеяларына (Испания, Индия, Түштүк Корея) катышкан жана 2014-жылы Кёнджу (Түштүк Корея) шаарында өткөрүлгөн Генералдык Ассамблеяда Дүйнөлүк математика союзунун комитеттеринин бирине торт жылдык мөөнөткө мүчө болуп шайланган.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер