КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК ДЕНЕ ТАРБИЯ ЖАНА СПОРТ АКАДЕМИЯСЫ: «УЛУТТУН ДЕН СООЛУГУ – БИЗДИН КОЛДО!!!»

  • 25.05.2018
  • 0

 

КАБЫЛ АЛУУДА ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕСТТИН (ЖРТ) ЖЫЙЫНТЫГЫ ЭСКЕ АЛЫНБАЙТ!!!

КМДТжСАсы – азыркы кездеги окуу-илимий жана спорттук базасы бар, спорт жана дене тарбия жаатындагы бирден-бир адистештирилген жогорку окуу жайы. Академиянын  карамагында:  футболдук-жеңил  атлетика  манежи,  гимнастика жана спорттук оюндар залдары, оор атлетика, күрөш, бокс, дзюдо, стадион, сууга сүзүү бассейни жана ачык спорт аянтчасы, лыжа спорту жана туризм боюнча машыгууларды өткөзө турган, Бишкек шаарынан 30 км. аралыкта «Спорт» базасы бар.

КМДТжСАсы «Дене тарбия»  багытында «Дене тарбиянын бакалавры»

академиялык  даражасын  ыйгаруу  менен  үч  профиль  боюнча  даярдоону  иш жүзүнө ашырат:

ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРОФИЛЬ — Педагогикалык жана улуттук спорттун түрлөрү факультети

Окуунун формасы: күндүзгү — 4 жыл, сырттан окуу — 5 жыл.

Бул  факультетте  баскетбол,  волейбол,  гимнастика,  жеңил  атлетика,  ту-ризм, сууда сүзүү, ат оюндары, гребля, үстөл үстүндөгү теннис, регби, футбол, күрөш, кулатуу, шахмат, тогуз коргоол шайба менен ойноочу хоккей жана ордо спортунун түрлөрү бар. Окууга тандап алган спорттун түрү боюнча жүргүзүлгөн кирүү сынагынын жыйынтыгынын негизинде кабыл алынат. Тоо-лыжа спорту, гандбол түрлөрүнө контракттык негизде кабыл алынат.

СПОРТТУК ДАЯРДОО ПРОФИЛИ — Машыктыруу факультети

Окуунун формасы:күндүзгү — 4 жыл, сырттан окуу — 5 жыл.

Бул факультетте эркин күрөш, грек-рим күрөшү, бокс, самбо, дзюдо, оор ат-летика жана контракттык негизде бильярд спорту, ММА жана панкратион, ка-ратэ, таэквандо спортунун түлөрү бар (абитуриенттердин даярдыгы II спорттук разряддан кем эмес болушу зарыл). Окууга тандап алган спорттун түрү бо-юнча жүргүзүлгөн кирүү сынагынын жыйынтыгынын негизинде кабыл алынат.

АСКЕРГЕ ЧЕЙИНКИ ДАЯРДОО ЖАНА ДЕНЕ ТАРБИЯ ПРОФИЛИ — Аскерге чейинки даярдоо жана дене тарбия факультети

Окуунун формасы: күндүзгү — 4 жыл. Кабыл алуу жалпы дене тарбия даярдыгы боюнча, кирүү сынагынын негизинде жүргүзүлөт.

СЫРТТАН ОКУУ ФАКУЛЬТЕТИ

  «Дене  тарбиянын  бакалавры»  академиялык даражасы ыйгарылат. Окуу мөөнөтү — 5 жыл. Окууга тандап алган спорттун түрү боюнча жүргүзүлгөн кирүү сынагынын жый-ынтыгынын негизинде кабыл алынат.

КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТУУ ЖАНА АДИСТИККЕ КАЙРА ДАЯРДОО ФАКУЛЬТЕТИ

Жогорку  билимдин   базасында  төмөнкү адистиктер боюнча даярдоо жүргүзүлөт:

«Дене тарбиянын бакалавры» академиялык даражасы квалификациясы ыйгарылат.

Окуу  мөөнөтү  аттестациялык  комиссиянын чечими менен 2,5 же 3 жыл.

КАБЫЛ АЛУУНУН ШАРТТАРЫ

Кабыл алуу тандап алган спорттун түрү боюнча жүргүзүлгөн кирүү сынагынын жыйынтыгынын негизинде жүргүзүлөт.

Күндүзгү жана сырттан окуу формасындагы, адистиктин бардык түрү боюнча, сынактын  жыйынтыгын  чыгарууда  аттестаттын орточо баллы эске алынат.

Сынактан сырткары бюджеттик (гранттык) орундарга:

— эл аралык мелдештердин жеңүүчүлөрү,

—  үстүбүздөгү  жылдын  окуучулар арасындагы республикалык спартакиадасынын  жеңүүчүлөрү  (тастыктоо документтери   менен);  кирүү  сынагынын жыйынтыгы  бирдей  болгон  учурда  гранттык орун «Кыргыз Республикасынын спорт чебери» же «Эл аралык спорттун чебери» наамын алгандарга басымдуулук берилет.

МАГИСТРАТУРА

Лицензия LD 130000176

«Дене тарбия» 521000 багыты боюнча «Дене тарбиянын магистри» академиялык даражасы  ыйгарылат.  «Дене  тарбиянын бакалавры»  академиялык  даражасы  барлар үчүн бюджеттик жана контракттык негизде кабыл алынат, окуу мөөнөтү — 2 жыл (күндүзгү).  «Дене  тарбия  адиси»  диплому барлар  үчүн   контракттык  негизде  кабыл алынат, окуу мөөнөтү — 1 жыл (күндүзгү).

 

ОКУУГА ТАПШЫРУУДАГЫ КЕРЕКТҮҮ ДОКУМЕНТТЕР:

  1. Абитуриенттин арызы (КМДТжСАнын кабыл алуу комиссиясында толтурулат);
  2. Мамлекеттик үлгүдөгү  билими жөнүндөгү документ (аттестат же ЖКБ);
  3. Паспорт (көчүрмө);
  4. Аскерге жарактуулугу жөнүндө күбөлүк (эркек балдар үчүн);
  5. Спортсмендин классификациялык  ки-тепчеси (машыктыруу факультети үчүн);
  6. Сүрөт 3х4 — 12 даана;
  7. Медициналык справка 0.86
  8. Медициналык комиссиянын  жыйынты-гы (КМДТжСАда өтөт);
  9. Почта конверти — 5 даана;

Документтерди кабыл алуу: 2018-жылдын 25-июнунан башталат

 

Биздин дарек: Бишкек ш. Ахунбаев к. 97

Тел: 0312 57-04-89, 0312 57-82-10, Факс 996 0312 570489 Моб. 0505-44-33-05 Webcaйm: www.ksapcs.kq; E-mail: [email protected]

 

Бөлүшүү

Комментарийлер