КЫРГЫЗ ИНТЕЛЛИГЕНЦИЯСЫ БИРИМДИККЕ ЧАКЫРАТ

  • 31.05.2018
  • 0

29-майда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети “Кыргыз жолу” руханий коому менен биргеликте улуттук ынтымак жана биримдикти бекемдөө максатында “Күч бирдикте: Ынтымак — ийгиликтин ачкычы” аттуу кеңешме жыйын өткөрдү.  

КЫРГЫЗ ИНТЕЛЛИГЕНЦИЯСЫ БИРИМДИККЕ ЧАКЫРАТ

Иш-чарага жогорку окуу жайлардын окумуштуу-илимпоздору, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, жазуучулар катышып, анда диний ишенимдер, саясий көз караштардын ар түрдүүлүгү жана улуттук биримдик туурасында маселелер көтөрүлдү. Анда катышуучулар Кыргызстандын мындан ары өнүгүп-өсүшү үчүн тынчтык жана туруктуулуктун, чындык менен адилеттиктин мааниси аябагандай зор экендиги айтылып, жалпы элдик ынтымак-биримдикке жетишүү үчүң иреттүү жүргүзүлгөн идеология, келечектүү багыт-максаттын тактыгы жана карманган баалуулуктардын бирдей болушу турмуш талабына туура келери белгиленди.

  • Бул маселеге КРнын Президенти С.Ш.Жээнбеков Ысык-Көлгө болгон иш сапарында дагы кенен токтолуп, бөлүп-жаруучуларга каршы чаралар көрүлөрүн баса белгилеген. Иш-чараны өткөрүү демилгесин колдогон ушул окуу жайдын жетекчилигине жана жамаатына терең ыраазычылык билдирем. Бул жыйындын негизги максаты кыргыз элин ынтымакка чакыруу болуп саналат. Уюштурулган кереге кеңеште эч кандай саясий таасир жок, коомдук аракет болуп эсептелет. Биз азыр жаш муунга жакшы тарбия берүү менен, кыргыз элин биримдикке чакырып, региондордун бөлүүнүсүн токтотууга болгон күчүбүздү жумшашыбыз керек, — деди “Кыргыз жолу” руханий коомунун төрагасы К.Кошалиев.

КМУнун жамааты болсо бардык мамлекеттик ишмердүүлүктү илимий жетишкендиктердин негизинде жана элдин салттуу баалуулуктарына ылайыктап жүргүзүү – өнүгүүнүн негизги таянычы болуп эсептелерин, биримдикке келип, бир максатты көздөп, жандуу иш-аракеттер болгон жерде сөзсүз ийгиликтер жараларын айтышып, андыктан ушуну менен токтоп калбастан, мындай иш-чараларды дагы да өткөрүү, күчтүү таасир бере турган иштерди уюштуруу аркылуу жалпы коомчулуктун биримдигине таасир берсе боло тургандыгын баса белгилешти.

  • Кыргызстанга ички жана сырткы күчтөрдүн таасири тийип, кооптуу кырдаал жаралып келет. Биз бул каршылыктарга коомдун биримдиги менен гана жооп кайтара алабыз. Андыктан бул иш-чараны дагы улантып, чоң жыйындарды өткөрөбүз. Бүгүнкү жыйында тройбализм, регионализм, коомдун саясий принциптеры боюнча бөлүүнүлөрү тууралуу баяндамалар жасалды. Алардын негизинде бир чечимге келе алабыз деп ишенем, — дейт КМУнун ректору Т. Абдырахманов.

Жусупбекова Нурпери, практикант

 

Бөлүшүү

Комментарийлер