КЫРГЫЗ ДЕП БИЗДИ ТААНЫТКАН АК КАЛПАК
- 03.03.2023
- 0
5-март — Ак калпак күнү. Биз бул күндү 2011-жылдан бери белгилеп келебиз. 2016-жылы Жогорку Кеңеш тарабынан атайын токтом кабыл алынып, бул күн официалдуу түрдө “Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү” деп жарыяланган. Демилгелеп чыккан Рысбек Жабиров.
Ошол жылдан тарта Кыргызстандын аймактарында жана чет өлкөдө мекендештерибиз тарабынан ак калпак майрамы катары белгиленип келет.
КАЛПАК АДАМДЫН ЖАШ КУРАГЫН ЖАНА КООМДОГУ АБАЛЫН БИЛДИРЕТ
Илгертеден кыргыз элинде калпак эң демократиялуу баш кийим болгон. Себеби аны бардык эркектер статусуна жана жаш өзгөчөлүгүнө карабай кийген. Формасы жана түсү менен гана айырмаланган. Калпак аркылуу кыргыздар адамдын жаш курагын, коомдогу абалын билишкен.
Жашыл кыюусу бар калпакты бойго жете элек жаш балдарга кийгизген. Бойго жетип, кыз жандоого укугу бар, өмүрлүк жар издеген жигиттер кызыл кыюусу бар калпак кийген. Ал эми турмуш куруп, үйлүү-жайлуу болгон эркектер кара кыюулуу калпакты башынан түшүргөн эмес. Анткени ал ак менен караны аңдап калган, бир үй-бүлөнүн кожоюну экен деген маанини билдирген. Эр-жигиттин кадыры көтөрүлүп, калк башкарып, бир элдин башкаруучусу болсо, ал ак калпак кийип жүргөн. Ошондой эле калпакка түшүрүлгөн ар кандай оюулар да ар башкача маанилерди түшүндүргөн.
Ак калпактын төрт талаасы биригип Батыш-Чыгыш-Түндүк-Түштүк дегенди билдирсе, чокусу бийик болуп көк тиреген Ала-Тоону туюнткан. Нукура ак кийизден жасалышы – аруулуктун, тазалыктын бир белгиси.
КАЛПАКТЫН ТҮРЛӨРҮ
Калпак «Тилик калпак», «Айры калпак», «Сайма калпак», «Туюк калпак» болуп негизги бөлүктөргө бөлүнөт. Уз чеберлер өз табитине жараша формасын, түсүн ар түрдүүчө өзгөртүп жасашат. Чыныгы калпак койдун ак уяң жүнүнөн жасалган табигый кийизден гана тигилет. Табигый жүндөн жасалган калпак суукта жылуу, ысыкта салкын болуп жамгырда суу өткөрбөйт. Азыркы учурда дагы бул байыркы улуттук баш кийим өлкөбүздө кеңири колдонулат. Калпакты эркектер майрамдарга, жумушка, түрдүү иш-чараларга, кыскасы, кадимки турмуш-тиричиликте кийишет. Өлкө аймагынан калпактын 80ден ашуун түрүн кезиктирүүгө болот. Алар бири-биринен формасы, өндүрүштүк татаалдыгы жана ыңгайлуулугу жагынан айырмаланат. Андан тышкары, жаш куракка жараша калпактын эки түрү бар. «Бакай калпак» (чоң калпак) жашы улгайып калган кадырлуу аксакалдар кийишсе, орто көлөмдөгү калпактар жаштар үчүн. Калпактын негизги өзөгүн сактап кийинки муунга мурас катары калтырып кетүү – биз үчүн маанилүү милдет. Анткени бизге да улуулар мурас кылып, анын жасалышын, бычып-тигүүсүн, кийип жүрүү маданиятын дал ошондой кылып өзгөртпөй калтырып кеткен. Чыгаан уздар, усталар шакирттерине үйрөтүп жатканда мурасты кийинки муунга бүлдүрбөй өткөрүп берүү керектигин айткан. Азыркы күндө ар кыл элдин таасири менен дизайнерлер өзгөчө бир жаңылык жаратууга ашыгып, кандайдыр бир нерселерди кошуп, түпкү маани-маңызын жоготуп алып жаткан учурлар да жок эмес.
КОЛГО КАЛПАК ТИККЕН ЧЕБЕРЛЕР САНАЛУУ ЭЛЕ
Базардан же дүкөндөрдөн укмуш жасалгаланган калпактарды көп кездештиребиз. Алар кадимки Кытайдан келген синтетикалык кийизден даярдалган өндүрүш. Фактурасы кийизге өтө окшош, бирок курамы 100% синтетика. Түрү менен сатылган коёндой окшош калпактар компьютердин жардамы менен кооздолгондуктан түйшүгү да аз.
Базарда калпак саткан Айгүл айымдын айтымында, накта кийизден колго калпак тигип саткан уз-чеберлер жокко эсе. Алар көбүнчө заказ менен гана тигет. Ал эми атайын тигүүчү машина менен тиккен синтетикалык калпак өндүрүүчүлөр жүндүн кымбаттыгына шылтайт. Анын үстүнө. жүндөн жасалган сапаттуу калпактарга суроо-талап төмөн. Себеби андай калпактар кымбат. Баары эле той-аштарга конокторуна кийгизиш үчүн кооз көрүнгөн, бирок арзан калпактарды издеп калышты. Ошондуктан бизге да көбүнчө синтетикалык кийизден жасалган калпактарды алып сатууга туура келет, — дейт сатуучу айым.
КАЛПАКТЫ ТАРТУУГА БЕРГЕН ЭМЕС
Эзелтен элибиз калпагын таза кармап, чечсе да ылдый койбой бийик жерге коюп, баш кийимге өзгөчө мамиле кылган. Ошондуктан “Калпагыңдан ажырасаң акылыңдан ажырайсың”, “Калпагыңды жоготконуң башыңды жоготконуң” деген накыл кептерди бекеринен айтпаса керек.
Кай жерде болбосун ак калпагын башынан түшүрбөй кийип жүргөн тарыхчы мугалим Мурат Турдубаев калпагыбыздын баркы кетип баратканын айтат.
Ак калпак — бул кыргыз элибиздин улуттук баш кийими болуп кылымдардан бери сакталып келе жатканы өзүнчө сырдуу керемет нерсе. Бүгүнкү күнү калпагыбызды ар кимге белек катары таратып жатканыбыз кейиштүү көрүнүш. Илгери элибиз калпак эмес дегеле баш кийимин эч качан белекке берген эмес. Баш кийимди берүү башыңды берүү менен барабар болгон. Абдан сыйлаган, даражасы бийик конокторго ат мингизип, чепкен жапкан. Азыр болсо той-аштарда, майрамдарда көрүнгөн адамга эле калпак тартуулоо салтка айланып кетти. Ошону менен катар сапатка басым жасалбай, Кытайдын синтетикалык каражаттарынан жасалган калпактардын саны арбыды. Баары эле мааниси жок оюм-чийим тартылган арзан калпактар. Же аларды киши кийбейт. Ар кайсы тойдо колдон колго өтүп кордолуп жүрөт. Мындай көрүнүш улуттук баш кийимибиздин баркын кетирип, кутун качырат. Бул адатыбызды тез арада токтотуп, калпагыбызга өзгөчө аяр мамиле кылышыбыз керек, — дейт.
КАЛПАКТЫ АТАЙЫН БУЙРУТМА МЕНЕН ТИГЕБИЗ
Калпак жасоо өнөрү жана кийүү салты ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча тизмесине Кыргызстандын атынан катталган. Мындай чечим 2019-жылы Колумбиянын Багота шаарында
ЮНЕСКОнун өкмөттөр аралык комитетинин 14-жыйынында кабыл алынган.
Накта койдун жүнүнөн кийиз жасап, калпак тиккен Айнура Мырзабекова көп жылдан бери калпак ж.б. кыргыздын улуттук баш кийимдерин колго жасайт. Ал көбүнчө калпактарды кардарлардын алдын ала буйрутмасы менен тигет.
– Улуттук кийимдерди тигүү менен алектенгениме көп болду. Бул өнөрдү мага апам үйрөткөн. Калпак тигүү деле өзүнчө түйшүктүү иш. Жүндү сабайсың, жууйсуң, чийге жайып кийиз кыласың ж.б. майда-чүйдө жумуштары абдан көп. Бул өнөр мага жакканы үчүн ырахаттануу менен иштейм. Кардалар көбүнчө улуу муундагы аталарына, байкелерине же сыйлуу куда-сөөктөргө белек катары берүү үчүн тиктирет. Базардан алайын дешсе биринчиден, баалары кымбат, себеби алар ортомчулар да. Экинчиден, накта жүндөн жасалган калпактар азыраак же алар ойлогондой сапатта болбой калат. Ошондуктан бизден көбүрөөк алышат, — дейт Айнура Мырзабекова.
Фархат КАНЫБЕКОВ, «Кут Билим»
Комментарийлер